Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

НАТО "жаңылыш" чабуул үчүн кечирим сурабайт


НАТО Ливияда козголоңчулардын танктарын атып, аз дегенде эки кишинин күм-жам болгону үчүн кечирим сурабай тургандыгын айтууда. Ливиялык оппозиция күчтөрү алар өлкөнүн чыгышындагы Брега шаарынын жанында бомбалангандыгын айтышууда.

НАТО "Ливияда абал өтө оомал-төкмөл болгондуктан козголоңчулардын танктарын жаңылыш бомбалап алгандыгы үчүн" кечирим сурабай тургандыгын билдирди.

7-апрелде мунайга бай Брега шаарынын айланасында Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин армиясы менен оппозициянын ортосунда такай кагылыштар болуп жаткан жерде аткыланган эле.

8-апрелде өткөн маалымат жыйынында НАТОнун Ливия операциясы боюнча башкы командачысынын орун басары, адмирал Рассел Хардиң буга чейин козголоңчулардын танк колдонуп жатышканы тууралуу маалымат болбогондугун билдирди.

Мунун алдында Бенгази шаарындагы маалымат жыйынында Ливиянын чыгышындагы козголоңчу күчтөрдүн жетекчиси Абдел Фатта Юнес танкка чабуул НАТО менен алакага шек келтирген жок деп ырастады. Ошол эле мезгилде ал козголоңчулар НАТОдон түшүндүрмө күтүп жаткандыгын мындайча билдирди:

- Азыр биздин танктарды ким бомбалады деп сурагандар көп болуп жатат. Болжолу НАТО бизди жаңылыш атып алды. Бирок чөлдө турган 20 танкты жаңылыш бомбалап алуу кыйын.

Анын аралыгында Түркия эки айга аяк баскан согушту токтотуу боюнча сунуш менен чыкты. Өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган 7-апрелде бул планда убактылуу элдешүү жана Каддафинин аскерлерин өлкөнүн батышындагы курчоодогу шаарлардан алып кетүү каралгандыгын бышыктады:

- Элдешүүнү дароо макулдашып алып, ошондой эле Ливиянын айрым дубандарындагы шаарларды курчап турган каддафичил аскерлер алынып кетиши зарыл. Үзгүлтүксүз гуманитардык жардам бүткүл ливиялык бир туугандарга дискриминациясыз жеткирилиши үчүн коопсуз гуманитардык тилкени түзүшүбүз абзел.

Эрдоган демократиялык өзгөрүүлөргө шарт түзүүнүн зарылчылыгын сөз кылды:

- Бардык тараптарды камтыган демократиялык реформа дароо ишке киргизилиши керек. Бул жараянда Ливия элинин мыйзамдуу кызыкчылыгы эске алынышы керек. Бул жараяндын максаты - адамдар эл башчысын өздөрү шайлаган конституциялык демократиялык түзүлүштү орнотуу.

Козголоңчулардын өткөөл кеңешинин башчысы Мустафа Абдул Жалал "ал-Жазира" сыналгы каналына Каддафи үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетсе, элдешүү сунушун кабыл аларын бышыктады.

Каддафи тынчтык демилгесине мамилеси белгисиз, бирок анын өкүлдөрү түрк бийликтери менен байланышта болуп жатат. Анкара өзүнүн сунуштарын Катарда 13-апрелге белгиленген Ливия боюнча байланыш тобунун жыйынында жарыялаганы жатат.

Америкалык өкүлдөрдүн сөз кыясында, Вашингтон Ливия жаңжалын дипломатиялык жол менен токтотуу мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок.

XS
SM
MD
LG