Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Орус мыйзамы мигранттын өрүшүн тарытты


Орусияда күчүнө кирген жаңы мыйзамга ылайык мигранттар эми жашаган жеринде гана каттоого тура алат.

Бул мыйзам ушул өлкөдө жүргөн мекендештерге кандай таасир этет? Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирип жатканда эмгек мигранттарына берилген жеңилдиктер күчүн жоготтубу?

Орусиядагы мигранттар кескин азайса, кыргыз экономикасына кандай пайда-зыяны болушу мүмкүн? Ушул жана башка маселелерди “Арай көз чарай” берүүбүздө талкуулайбыз.

Талкууга Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын сырткы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев жана “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов катышты.

“Азаттык”: Улан мырза, Орусияда күчүнө кирген мигранттарга байланыштуу мыйзамдын тегерегинде талкуу кызыды. Анын негизги жоболору, талаптары жөнүндө айтып бериңизчи?

Орусия мындай чараларды “мигранттарды масштабдуу тазалоо эмес, мыйзамга эле тактоо киргизүү” деп түшүндүрүп жатат.
Улан Шамшиев

Улан Шамшиев: Орусиянын мыйзамына кирген өзгөртүүлөр эки бөлүктөн турат. Биринчиси - "Орусиянын аймагында чет элдик жаранды ким кабыл алуучу болуп эсептелет?" деген жоболорго тактоо киргизилди.

Экинчиси - ушул убакка чейин чет элдик жарандарды каттоо юридикалык тараптарда жана жеке жактарда болуп келген. Орусия тарап каттоону текшерип көргөндө мигранттар юридикалык жактарда катталганы менен ал жакта жашабаганы аныкталган.

Башкача айтканда, иштеп жаткан компаниянын дареги боюнча катталганы менен ал жерде эч бир чет өлкөлүк турбаганы далилденген. Жаңы мыйзамдын негизинде эми мигранттар юридикалык даректе катталып жүрсө, миграция боюнча мыйзамды бузган болуп эсептелет жана административдик жазага тартылат же өлкөдөн чыгарылат.

Эми мыйзам боюнча юридикалык тараптар мигранттарды жашоого ылайык шарты бар турак жайы болгон дарекке гана каттай алышат. Мындан ары кырдаал кескин өзгөрөт. Ал кандай залака тийгизерин биз так айта албайбыз. Орусия мындай чараларды “мигранттарды масштабдуу тазалоо эмес, мыйзамга эле тактоо киргизүү” деп түшүндүрүп жатат. "Мүмкүн кырдаал өтө деле кыйынчылык жаратпайт, тескерисинче, адилеттүүлүк орнойт" деген да пикирлер бар. Анткени мигранттарды каттатып алган компаниялар, жеке адамдар ушул убакка чейин эч нерсеге жооп бербей келген.

“Азаттык”: Жеңиш мырза, ушул мыйзамдын талаптары күчүнө киргенден бери Орусиядагы мекендештерибизге кандай таасир этти? Жер-жерлерде абал, кырдаал кандай? Анткени элдин баары эле жашаган жери боюнча катталган эмес да...

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

Жеңиш Молдокматов: Сөз болуп жаткан мыйзам 2018-жылы 7-июнда Мамдумада кабыл алынган, 20-июнда Федерация Кеңеши бекитип берсе, 27-июнда президент Владимир Путин кол коюп жатат.

Демек, бул мыйзам күчүнө кирди деген сөз. Биз жымсалдабай ачык айтышыбыз керек - мыйзамдын күчөтүлүшү биздин мигранттар үчүн чоң көйгөй. Биз мигранттар менен тыгыз байланышта болуп жатабыз.

Бир эле мисал айтайын. Москванын Таганск районунда 70тен ашык кыргыз мигранттары камалды. Алардын ичинен 40 киши ар кандай айыптарды төлөп чыкты, калган отузу дагы эле кармалып турат.

Орусиянын бийлиги мыйзамдын аткарылышына катуу киришти десек болот. Москвадагы объектилерде текшерүү жүрүп жатканын айтып жатышат.

Биздин өкмөт, Мамлекеттик миграция кызматы тезинен Орусияга барып, алардын миграция кызматы менен жолугуп, сүйлөшүшү керек. 2016-жылы мигранттардын айдоочулук күбөлүктөрү боюнча маселе келип чыкканда эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгондон кийин гана иш оң жагына чечилгенин эске алышыбыз керек. Болбосо бул мыйзамдын кесепети чоң болот.

Орусиянын полициясына, миграция кызматына Кудай берип салды, мигранттарды кыйноо күчөйт. Бир жагы туура, Орусия муну өз коопсуздугу үчүн жасап жатат. Бирок Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү экени эске алынбай жатат. ЕАЭБдин жоболорунда "ага мүчө болгон мамлекеттердин жарандары бири-биринин аймагында эркин жүрүп, эркин эмгектене алат" деп жазылган. Тилекке каршы, ал аткарылбай жатпайбы?

“Азаттык”: Улан мырза, Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенде "Орусиядагы кыргыз мигранттарына орусиялыктардай эле жеңилдиктер болот" деп айтылды эле. Эми кандай болот?

Улан Шамшиев.
Улан Шамшиев.

Улан Шамшиев: ЕАЭБ - экономикалык биримдик. Бул уюмга мүчө болгон мамлекеттер бири-биринин ички-сырткы коопсуздук маселесине кийлигише албайт. Ага карабай биздин кызмат Орусия менен бир нече сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Ушул айдын башында эле Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграция боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилери менен сүйлөшүү болду. Биз тараптан көп суроолор коюлду. Алар “бул чаралар - мигранттарды жазалоо, алардан өлкөнү тазалоо эмес, мыйзамдык талаптарды аткаруу" деп жатышат.

Жеңиш Молдокматов: Биз ЕАЭБди экономикалык эле уюм деп айта албайбыз. Анын документтеринде ага мүчө болгон беш мамлекетке тиешелүү саясат, коопсуздук ж.б. маселелер камтылган. Болуптур, экономикалык эле уюм болгондо да анын экономикалык коопсуздук маселелери чечилиши керек. Эконимикалык коопсуздук дал ушул мигранттарга тиешелүү болуп жатпайбы.

Эсиңиздердеби, өкмөт Кыргызстандын ЕАЭБге кириши боюнча документти парламентке алып келгенде “мигранттарга болгон саясат өзгөрөт, аларга көп жеңилдиктер берилет” деп баарыбызды ынандырган? Тилекке каршы, бүгүн эмне болуп жатат?...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Орус мыйзамы мигранттын өрүшүн тарытты
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:26 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG