Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Лукашенкону Бакиевдердин акчасы кызыктырабы?


Александр Лукашенко жана Курманбек Бакиев. Минск. 6-август, 2023-жыл
Александр Лукашенко жана Курманбек Бакиев. Минск. 6-август, 2023-жыл

Кыргызстандын мурдагы президенти, издөө жарыяланган Курманбек Бакиевдин "Закир Салиев" деген ат менен башка паспорт алганын иликтеп чыккан "Беларустун иликтөөчүлөр альянсынын" өкүлдөрү "Азаттыкка" маек курду.

Коопсуздукка байланыштуу алар суроолорго жазуу түрүндө жооп беришти.
Курманбек Бакиевдин өзү жана үй-бүлөсү дагы беларус долбоорунун бул иликтөөсүнө комментарий бере элек. Кыргыз бийлиги иликтөөгө кандай реакция кылары азырынча белгисиз.

- Бакиевдердин үй-бүлөсү тууралуу иликтөө жүргүзүүгө эмне түрткү болду? Алардын паспорту жөнүндө маалыматтар кантип табылды?

- Ар кайсы мезгилде болгон бир нече фактылар. Биринчиден, Курманбек Бакиев менен Данияр Үсөновдун Беларуста жүргөнү. Аларды биздин мамлекетке алып келүү тууралуу чечим өзү билемдик менен кабыл алынды, беларустардын оюн эч ким сураган жок деген пикирдебиз. Мындай көрүнүш өлкөнүн аброюна да, беларустар менен кыргыздардын мамилесине да терс таасирин тийгизип жатат.

Экинчиден, биздин өлкө элге пайдасыз болгон жана жүз миллиондогон долларлык карызга батырган күмөндүү "инвестициялык долбоорлорго" аралашып калды. Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясынын долбоорунун артында Курманбек Бакиев менен Данияр Үсөнов турат. Паспорттор жана алардын сапарлары тууралуу маалыматтардын 90% биздин "Киберпартизандар" деген өнөктөштөрүбүздүн хакердик чабуулунун негизинде Беларустун Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик чек ара комитетинин маалымат базаларынан алынган. Бул ишенимдүү маалымат булагы жана бир караганда байкалбаган адамдардын өз ара мамилесин изилдөөгө шарт түзөт.

- Иликтөөдө Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн көбү эки идентификациялык номурга жана Беларустун эки паспортуна ээ экени айтылат. Аларга эки паспорттун эмне кереги бар?

- Бизнесин жаап-жашыруу, дүйнөдө кенен-чонон саякаттоо үчүн бир нече документтер керек болушу мүмкүн. Иликтөөдө Асылбек Салиевде саякатка өзүнчө, Беларуста бизнесин каттоо үчүн өзүнчө да паспорт бар экени, эки кишинин атын алып жүргөнү тууралуу далилдерди таптык.

- Александр Лукашенконун Бакиевдердин үй-бүлөсүн колдоону улантып жатышынын себеби эмнеде?

- Лукашенкого тартууланган кымбат баалуу белектер - Мерседес, мотоцикл жана башкалар, үй салууга, батир алууга, казинолордон тарта ресторандарга чейин сарпталган чыгымдарды эске алганда, негизги мотив - каржы деп ойлойбуз. Бакиевдер 200 миллион доллардай акчаны Кыргызстандан чыгарып кеткен болсо, ал сумманын кайсы бир бөлүгү Александр Лукашенконун кланынын капчыгына түшкөн болушу ыктымал. Алардын бир аз окшоштук жайы да бар. Экөө тең байлыкты ашкере жакшы көрүшөт жана никесиз туулган балдары бар.

- Иликтөөдө Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн Беларуста бизнеси жана бир топ мүлкү бардыгы жазылган. Алардын материалдык абалы тууралуу эмне айта аласыз?

- Бизнеске баа берүү абдан кыйын. БНБК Беларус өкмөтүнүн кепилдиги менен алынган насыяга курулган, бирок долбоор максатына жеткен эмес. Минск шаарынын борборунда жайгашкан Азия-Микс рестораны жабылып калган. Шаардагы Центрополь бизнес борборунун баасы болжол менен 37,5 миллион долларды чапчыйт. Мындан улам алар жакыр эмес деп айтууга болот.

- Курманбек Бакиевдин балдары, жубайлары тууралуу сөз кылып калдыңыз. Кыргызстандыктар Татьяна Бакиева менен Назгүл Төлөмүшованы билишет. Нуржан Карабаева тууралуу ачык булактарда маалымат жок. Анын Бакиевдин үчүнчү аялы экени тууралуу маалымат канчалык так?

- Иликтөөдө Нуржан Карабаеваны биз "конкубина" деп атаганбыз. Анын паспортунда баласынын атасы катары Закир Салиев көрсөтүлгөн. Закир Салиев - Курманбек Бакиевдин экинчи ысымы. Ачык булактарда Нуржан Карабаева тууралуу маалымат чынында жок. Курманбек Бакиев аны ачыкка чыгаргысы келбейт көрүнөт.

- "Беларустун иликтөөчүлөр альянсы" тууралуу кыскача айтып бересизби?

- Альянс 2021-жылдын жаз айларынан бери иштейт. Биз коопсуздук маселесинен улам коомго ачык чыга албайбыз. Эки жыл ичинде өз алдыбызча да, башка өнөктөштөр менен чогуу да Лукашенконун режиминин кылмыштарын ачыктаган ондогон иликтөөлөрдү чыгардык.

Биз Александр Лукашенконун режими эмнени жашырууга аракет кылып жатканын айтып берүүгө, жеткирүүгө аракет кылабыз. Уурдалган каражаттар, мыйзамсыз бизнес, беларус элине каршы репрессиялар, башка диктатуралар менен кызматташуу тууралуу... Биздин материалдар эртеби-кечпи прокурорлор менен тергөөгө Александр Лукашенкону жана анын уюшкан кылмыштуу тобун жоопко тартууга көмөктөшөт деп ишенебиз.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG