Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Организминде магний жетишпегендер көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Адам организминде магнийдин жетишсиздиги абдан көп ооруларга жол ачат. Адистер Кыргызстанда акыркы убакта мектеп жашындагы балдарда магний жетишсиздиги арбын байкалып, эске тутуу, жалпы психологиялык акыбалы начарлап, жүрөк, кан тамырларына доо кеткендер көбөйүп жатканын белгилешүүдө.

Магний же магнезиум - адам организминде белоктун иштелип чыгышын, ДНК системасынын туруктуу болушун камсыз кылган эң негизги минералдардын бири. Ар бир экинчи кош бойлуу аял же өспүрүм азыркы тапта магний жетишсиздигинен жабыркайт. Бишкектин тургуну Чынара да кош бойлуу маалында магнезия сайдырып, ичиндеги түйүлдүктү сактап калган.

«Менин эки баламда тең кош бойлуу кезимде магнезия сайдырганмын. Себеби, түнкүсүн уктай албай, абдан кыйналып калган элем. Улам эле боюмдан козголо берип, ооруканага жатканда дарыгерлер ушул дарыны мага жазып беришкен. Магнезиядан кийин кадимкидей өзүмө келип, уйкум качпай, жеңилдеп калгам. Адатта аны тынчы жок балдарга, жүрөк, кан тамырында проблемасы бар кары-картаңдарга, кош бойлууларга саят экен. Азыр кичүү уулум да маал-маалы менен магний витаминин ичип турат».

Магнийдин жетишсиздигинин белгилери

Организмде магнийдин жетишсиздиги биринчи кезекте нерв системасына таасир этет. Адам тез эле чарчап, жөнөкөй эле нерселерге ачууланып, башы тегеренип, назары мокоп, эстутуму начарлап, көзү улам-улам тарта берет. Ошондой эле жүрөк, кан тамыр системасында кан басым улам эле өйдө-ылдый болуп, жүрөк лакылдап сокконунан билинет. Магний аз болгондо адамдын чачы түшүп, тырмактары морт болуп, жакшы өспөй калат. Ашказан оорулары да козголот, бөйрөктө таш чогулат. Жаш балдар ыйлаак болуп, өспүрүмдөрдүн эстутуму начарлайт жана ачуулуу болуп калышат. Төрөт курагындагы аялдардын улам-улам боюнан түшүп, түйүлдүк жашап кете албайт. Магнийдин жетишсиздиги лабораториялык жол менен гана аныкталат.

Халима Хан, дарыгер.
Халима Хан, дарыгер.

Бишкектеги №12 мектептин дарыгери Халима Хан акыркы убакта жер кыртышына эсепсиз жер семирткичтер себилип, өсүп чыккан мөмө-жемиштерде витаминдер аздыгынан магний жетишсиздиги менен жабыркаган балдар көбөйгөнүн айтты:​

«Бизде тамак-аштын көбү, өсүмдүк майлары рафинациядан өтөт, чыпкаланат. Чөлкөмдөгү жер кыртышы да абдан начарлап кеткен. Эсепсиз себилген жер семирткичтерге чыланган мөмө-жемиштерде адамдын организмине пайдалуу магний минералы калбай калат. Ушундан улам алсыз, эстутуму начар, ачуулуу өспүрүмдөр, мектеп окуучулары көп болуп жатат. Боюнан түшүп, ичине түйүлдүк токтобогон аялдар да дал ушул магнийдин жетишсиздигинен улам болууда. Бир топ неврологиялык мүшкүлдөргө да жол ачып жатпайбы. Магнийди табигый жол менен төө буурчактан, кылкандуу дан эгиндеринин шактарынан, деңиз капустасынан, краб, балык сыяктуу деңиз азыктарынан алса болот».

Магнийдин мааниси

Магний адамдын булчуңдарынын иштешин шарттап, азык-түлүк аркылуу кишинин денесине кирген заттарды энергияга айлантуучу күчкө ээ. Ошондой эле кандагы шекердин өлчөмүн жөнгө салып турат. Чоң адамдын организми бир күндө орто эсеп менен 400 миллиграмм магнийди талап кылат. Жалпы организмде 25 грамм магний ар дайым болуп турушу зарыл.

Демет Эржиес.
Демет Эржиес.

Стамбулдагы Флоренц ооруканасынын профессору Демет Эржиес бир топ жылдан бери магнийдин адам саламаттыгына тийгизген таасирин иликтеп келет. Ал бул зат жетишсиз шартта адамдын организминдеги башка минералдар да толук сиңбей, олуттуу оорулар келип чыгарын эскертти:

«Магнийдин жетишсиздиги Д витамининин иштөө функциясын да бузат. Башкача айтканда, Д витамини адамдын денесине толук пайдалуу болушу үчүн жанында сөзсүз түрдө жетиштүү деңгээлде магнезиум да зарыл. Денебизде жетиштүү деңгээлде магний жок болуп, бирок кальцийдин ашыкча болуп кетиши бөйрөк, бөлүп чыгаруу органдары үчүн өтө кооптуу. Бөйрөктө ташты пайда кылып, жүрөк, кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучун арттырат. Ушундан улам кальций витаминдерин ичип жаткандар милдеттүү түрдө магнийди кошо алышы керек. Алкоголизмге көз карандылык, заара чыгаруу үчүн ичкен дарылар, ашыкча тердөө, кант диабети, өнөкөт астма оорусу, чылым тартуу, антибиотиктерди узак убакытка чейин ичүү, залалдуу шишикти дарылоодогу химиялык дарылар, улгайган адамдардагы зат алмашуунун начарлоосу да магнийдин аздыгынан улам келип чыгат».

Азыркы тапта дарыканаларда курамында магний бар витаминдер, ошондой эле Магний В6 сыяктуу витаминдердин түрү сатылууда. Бирок дарыгерлер адам лабораториялык текшерүүдөн өтмөйүн, аларды өз алдынча ичүүгө болбой турганын эскертишти. Себеби, магнийдин жетишсиздигине байланыштуу жогоруда айтылган себептер дагы, башка оорулардын симптомдору да болушу керек. Адамдын организминдеги магнийдин курамын жөнөкөй эле зааранын анализи аркылуу аныкталат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG