Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Токоев: Малайзиядагы кыргыздар өз ордун тапкан


Кыргызстандын Малайзиядагы консулу Рустам Токоев
Кыргызстандын Малайзиядагы консулу Рустам Токоев

Малайзияда 200дөй кыргызстандык бар. Алардын басымдуу бөлүгүн студенттер түзөт. Ал жактагы кыргызстандыктардын жетишкендиги менен көйгөйлөрү туурасында “Азаттыкка” Кыргызстандын Малайзиядагы консулу Рустам Токоев маек курду.

“Азаттык”: Малайзияда жашап, иштеген кыргызстандыктардын расмий, бейрасмий саны канча?

Рустам Токоев: Расмий маалыматтарга боюнча, Малайзиядагы кыргыз консулдугунда кыргызстандык 80 жаран катталган. Алардын басымдуу бөлүгүн студенттер, окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жана бул жакка турмушка чыккан кыз-келиндер түзөт. Арасында убактылуу ушул жакта жашап жаткандары да бар.

Мындан сырткары Малайзиянын Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жогорку окуу жайларда 120 кыргызстандык студент билим алат. Жалпысынан расмий жана бейрасмий болуп, 200дөй кыргызстандык бар десек болот.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай, Малайзияга келген кыргызстандыктардын баары эле консулдукта каттоого турбайт. Биринчиден, дипмиссиядан алыс тургандыктан каттоого туруу үчүн атайын келгенге убактылары, шарттары жок. Экинчиден, айрымдар милдеттүү түрдө каттоого туруш керек экенин билбейт.

Малайзиядагы кыргызстандыктар
Малайзиядагы кыргызстандыктар

“Азаттык”: Малайзиядагы кыргызстандыктар көбүнчө кайсы тармактарда иштешет?

Рустам Токоев: Жогоруда белгилегендей, Малайзиядагы кыргызстандыктардын көбү студенттер. Алар бул жакта бизнес, банк ишмердүүлүгү, маалымат технологиясы жана туризм адистиги боюнча билим алышат. Ошого жараша бул жактагы кыргызстандыктар ушул тармактарда көбүрөөк иштешет.

“Азаттык”: Кыргызстандыктардын жетишкендиктери катары эмнелерди айта аласыз?

Рустам Токоев: Малайзиядагы кыргызстандыктардын көбү туризм, банк ишмердүүлүгү, маалымат технологиясы багытында, спорт тармагында жетектөөчү кызматтарда иштешет. Алсак, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Кален Асанов бул жактын атайын чакыруусу менен бокс боюнча Малайзиянын жаштар тандалма командасын машыктырууда.

Зейнеп Дүйшөнова деген мекендешибиз туризм тармагында жакшы ийгиликтерге жетишти. Кыргызстандыктар арасында гид болууга ошонун гана расмий лицензиясы бар. Анын кызматын КМШ жана алыскы чет өлкөдөн келген туристтер жакшы колдонушат.

Ал эми жаш, таланттуу сүрөтчү Нагима Аламанованын эмгектери Малайзиядагы искусство сүйүүчүлөрдүн жогорку баасына татып жатат. Анын чыгармалары көптөгөн көргөзмөлөргө коюлууда. Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги мекендештердин бардык ийгиликтерине сыймыктанып, колдон келген колдоосун көрсөтүп келет.

Быйыл Малайзияда окуган кыргызстандык студенттердин демилгеси менен “Кыргыз Юнион” коому түзүлдү. Алар ар кандай, анын ичинде маданий иш-чараларды уюштурууга да активдүү жардам берип жатат. Жаштар түзгөн бул коом мындан ары да жакшы иштеп, өнүп-өсөт деп ишенебиз.

“Азаттык”: Алыста жүргөн журтташтардын ийгиликтери мындан да арта берсин. Ал эми кандай көйгөйлөр болууда?

Рустам Токоев: Кыргызстандык жарандар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу айта турган болсок, башка өлкөлөрдөгүдөй эле Малайзияга келген мекендештердин миграциялык мыйзамдарды сактоосу болууда. Андан сырткары климаттын өзгөчөлүгү, алгачкы күндөрү ага көнүү кыйын болот. Башка чоң көйгөйлөр деле жок.

XS
SM
MD
LG