Көчөт отургузуу иштерине катышкан жергиликтүү тургундар анын акысы катары бактын бир бөлүгү үлүш катары берилет деген убада да ишке ашпай жатканына нааразы болууда. Кыргызстанда акыркы жылдары массалык түрдө көчөт тигүү акциялары уюштурулуп келет. Бирок алар кароосуз калып, көктөбөй калган учурлар тууралуу буга чейин дагы айтылып келген.
Лейлек районундагы Ак-Кыя айылынын тургуну Топчубай Жаңыбай уулу 2022-жылы башталган “Жашыл чек ара” долбоорунун алкагында көчөт отургузууга, кийинки жылдары аны кароого катышкан.
Ошол убакта өкмөт жумушка тартылган жарандарга ошол жерден үлүш катары бөлүп берүүнү убада кылган. Бирок 100 гектар жерге отургузулган көчөттөрдүн көпчүлүгү куурап калганы белгилүү болду.
"Биз отургузган көчөттөр толук эле көктөдү. Бирок бизге бере элек. Бир эле өкмөткө өтөт дейт. Дагы бир органды айтып, ошого өтөт дейт. Бизге документтерди тууралап, өткөрүп берген жок. Жылда эле барып атабыз. Баштаганда көчөттөн баштап, кийинки жылы барып түбүндөгү чөптөрдү тазалап жүрдүк. Азыр түшүмгө кирген. Биздин айылдан ондой киши барып жүрөт. Бир эле биз эмес, Булак-Башы, Максат жана башка айылдардан да барышкан", - деди Топчубай Жаңыбай уулу.
Өкмөт бул долбоорду ишке ашырууга 100 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, отургузулган көчөттөрдүн 95% куурап калган.
Мындан улам башкы көзөмөл органы кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.
"Ош экологиялык прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Баткен облусунун Лейлек районундагы «Жашыл чек ара» долбоорун ишке ашырууга 100 млн 887 миң 900 сом бөлүнгөнүнө карабастан долбоордо каралган иштер толук аткарылбай, көчөттөрдүн өсүшү жана сугарылышы үчүн зарыл шарттар түзүлбөгөндүктөн, алардын 95 пайызга жакыны куурап калгандыгы аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылган прокуратуранын билдирүүсүндө.
Жергиликтүү бийликтин айтымында, мөмө бактарын отургузуу долбоорун ишке ашырууда төрт тараптуу келишим түзүлгөн. Ага ылайык, тендерден уткан ишкана көчөттөрдү отургузуп, карап, 2024-жылы айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп бериши керек болгон.
Эсеп палатасы текшерүү иштерин жүргүзүп, Кулунду айыл өкмөтүн көчөттөрдү өз балансына алууга милдеттендирген.
Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Канатбек Ырысов эркин журналист Нургазы Жаныбековго төмөнкүлөрдү билдирген:
"Көргөн болсоңуз, ал жерди ошол бойдон кабыл алуу оор. Ал жерде 102 миллион сомдук иш жок. Биз Эсеп палатасынын маалыматына таянып, көз карандысыз баалоочуларга кайрылганбыз. Алардын баалоосунун жыйынтыгы 28и күнү чыкты. Ошонун негизинде кол коюп, жакынкы күндөрү өткөрүп алабыз. Баалоонун жыйынтыгында бактын наркы 34 миллион сом деп чыккан. Ошентип, 66 миллион сомдук айырма аныкталды".
Эркин журналист Нургазы Жаныбеков сөз болуп жаткан бак тууралуу жеринен видео материал даярдап, жарыялаган. Андан көчөттөрдүн көбү куурап калганын көрүүгө болот.
Кийин бул маселе парламенттин тармактык комитетинде да көтөрүлүп, депутат Исманали Жороев териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылган.
"Дарактар куурап калыптыр. Буга ким жооп берет? Эмне үчүн ал жерге мынча каражат жумшалган? Ал эртең түшүм береби же жокпу? Ушул боюнча териштирүү жүргүзүп берсеңиздер жакшы болот. Суу чыкпагандан кийин ал жерге көчөт отургузуунун эмне кереги бар эле? Ал жерде айыл өкмөт болобу, аким болобу, кайсы министрдин убагында түзүлгөнүнө карабай, төрт тараптуу келишим сууга сиңгендей жок болуп кетиптир".
Соңку жылдары өлкөдө «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында ар кайсы аймактарда көчөт отургузуу өнөктүктөрү өткөрүлүп келет. Бирок активисттер менен экологдор көчөттөр жапырт отургузулганы менен кийин талаптагыдай каралбай, алардын көбү куурап калып жатканын айтып келишет.
Шерине