Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

«Милянфанда көр казганга киши чыкпай калды»


Караколдогу убактылуу ачылган стационар.
Караколдогу убактылуу ачылган стационар.

Чүйдүн дунгандар отурукташкан Милянфан айылында пандемия башталгандан бери үч дарыгер тынбай иштеп жатат.

Милянфан айылындагы ыктыярчылардын бири Кериша бир апта мурун айылдагы онго жакын активист менен күндүзгү стационарды ачкан. Бул айылда июлдун башынан бери 20га жакын бейтап каза болгон. Алардын арасында Керишанын да жакындары да бар болчу:

Милянфандагы ыктыярчы Кериша.
Милянфандагы ыктыярчы Кериша.

“Каза болгондордун арасында менин жакындарым, тааныштарым бар болчу. Азыр жайылып отурчу мезгил эмес. Баарыбыз бирге күрөштү улантышыбыз керек. Күндүзгү стационар ачылгандан бери абал туруктуу боло баштады. Эл топтогон акчага дарыгерлерге коргонуу каражаттарын алып бердик. Бирок айылда дары-дармек жетишсиз. Ыктыярчылардын жардамы менен өлүмдүн санын азайта алдык”.

Чүй облусуна караштуу Милянфан айылында 6 миңге жакын киши жашайт. Алардын басымдуу бөлүгүн дунган улутундагы жарандар түзөт. Элеттиктер айыл чарбасы менен алектенип, соода кылып, оор жүк ташуучу автоунааларды айдап күн көрөт.

Милянфан айылы.
Милянфан айылы.

Айыл активисттери “Вотсаптагы” тайпаларда кырдаал тууралуу элге байма-бай маалымат таратып жатышат. Мына бүгүн айыл эли үчүн сүйүнүчтүү кабар - жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары Орусиядан керектүү дары-дармек алып келгени кабарланды:

“Урматтуу Милянфан айылынын тургундары! Биздин фонддун, ыктыярчылардын жардамы менен бейтаптардын саны бир аз азая баштаганын кабарлайбыз. Азыр дары-дармек боюнча абал өзгөрө баштады. Кечээ клександын бир партиясы Пензадан келди. Биздин Орусиядагы айдоочуларга алкыш! Алар күнү-түнү бири-бирине берип, бизге жеткирип жатышат”.

Ошентсе да, айыл тургундарынын бири соңку күндөрү жакынын жоготуп же ооруп калгандар көбөйгөнүн, айыл эли вирус менен күрөшүүдө алсыз болгонун айтып берди:

“Биз өзүбүздү обочолонуп, жетим калган балдардай сездик. Эч кимден жардам болгон жок. Бир күндө эле 5-6 адамды жерге берген учурлар болду. Милянфан эле эмес, дунгандар көп жашаган Ивановка, Александровка айылдарында да ушундай эле абал. Александровкада жашаган эжем ал жакта өлгөндөрдүн саны отузга жеткенин айтты. Бизде пандемия башталгандан бери 40ка чамалады. Мен "биздин чакан айылда эле ушунча өлүм болуп жатса анда өлкөдө абал кандай? Демек статистика калп" деген тыянакка келип отурам. Биз бул дарттан аябай коркуп калдык. Аягында өзүбүздү өзүбүз коргоп, күрөшө баштадык”.

Милянфан айылында ачылган стационар.
Милянфан айылында ачылган стационар.

Милянфан айылындагы жалгыз бейтапканада үч дарыгер иштейт. Ыктыярчылар ачкан убактылуу стационар анын жанында жайгашкан. Бейтапкана буга дейре түшкө чейин иштесе, азыр бейтаптарды таңдан тартып түнкү 11ге чейин кабыл алып жаткан экен. Бул тууралуу Милянфан айылдык администрациясынын өкүлү Рустам Бигалиев билдирди:

“Дарыгерлер чарчап калышты. Азыр башкы дарыгер менен эле жанында бир-эки медайым иштеп жатат. Биз аларга кошумча айлыгын төлөп, түнгө чейин иштетип жатабыз. Бирок алардын күчү деле чектелүү да. Айыл эли үйүндө коркуп, чыкпай отурат. Бир күндө 5-6 адамды жерге бергенде эл коркуп калат экен.

Бир эле мисалды айтайын. Дунгандарда кимдир бирөө каза болсо тууганы болбосо деле ким бош болсо келип, көр казып коё берет. Элдин үрп-адаты ушундай. Акыркы өлүмдөрдө жер казганга киши таппай калдык. Бир күндө 5-6 адамды жерге бергенде эл коркуп калат экен.

Мурдагы күнү бир аял каза болуп, сөөгүн “Гансиден” алып келишти эле. Кечээ дагы бир киши көз жумду. Экскаватор алып келип жер каздырдык. Ар ким ар кандай шартта каза болууда. Бири ооруканада, дагы бири үйүндө төшөктө жатып кетүүдө. "Өпкөсү кагынган" деп диагноз коюп жатышат. Чынын айтканда, бизде тест алууга шартыбыз деле жок. Азыр өкмөт өзү кыйналып жатканда өзүбүзгө өзүбүз кам көрүп жатабыз”.

Бигалиев Милянфандын көрүстөнүнө башка айыл же шаарларда каза болгон дунгандардын сөөгү да коюлуп жатканын кошумчалады.

Токмок шаардык ооруканасынын “кызыл зонасында” иштеген дунган тектүү дарыгер Шамиль Лушанло буларды билдирди:

Шамиль Лушанло.
Шамиль Лушанло.

“Вирус жайыла баштаган учурда кайсы улут болбосун көбүндө ишенбестик болгон. Дунгандар арасында деле маселени олуттуу кабыл албагандары чыккан. Бул жерде бир маселе бар. Өлгөндөрдүн так диагнозун же санын аныктоо оор. Себеби, дунгандардын көбү өлгөн адамдын сөөгүн текшертип, аны сойдуруп изилдөөгө макул эмес. Ошондуктан, үйдө жатып өлгөнү деле андан коркуп, бул тууралуу кабарлабай коюшу мүмкүн.”

17-июлдан тарта Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 жана пневмония дартын чогуу эсептей баштады.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 17-июлда U07.1 жана U07.2 коду менен катталган жаңы учурлардын саны бир суткада 1654 учурга жеткенин, 83 адам кайтыш болгонун кабарлады. Жаңы эсеп боюнча Кыргызстанда вирусту жугузуп алган адамдардын жалпы саны 23 миңден ашты. Өлгөндөрдүн жалпы саны 785.

Илдет катталгандардын саны боюнча Чүй облусу Бишкектен кийинки эле экинчи орунда турат.

Милянфанда вирус менен күрөшкөн жаштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG