Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:26

"Күнүмдүк тиричиликке алып жатышат". Насыя төлөй албагандар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда насыя алган калктын саны барган сайын көбөйүүдө. Улуттук жана эл аралык статистикалар менен сурамжылоолор эл насыя карызга көбүрөөк батып, аны төлөөдө кыйынчылыктарга кириптер болуп жатканын көрсөтөт.

Эксперттер насыячы уюмдар рыноктогу өз миссиясын аткарып жатканын, калк каржы иштетүү жагынан жоопкерчилигин арттырышы керектигин белгилейт.

Эл аралык республикалык институттун (International Republican Institute) май айында Кыргызстанда жүргүзгөн сурамжылоосуна катышкандар үй-бүлөсү дуушар болгон эң олуттуу көйгөй катары насыяны төлөөдөгү кыйынчылыкты (20%), жумушсуздукту (15%), кымбатчылыкты (12%) жана эмгек акынын аздыгын (11%) көрсөтүшкөн.

Расмий статистикалык маалыматтар дагы калк арасында насыя алгандардын катышы өтө жогору болуп баратканын көрсөтүүдө. Банктардын керектөөчүлүк насыялар портфели өсүп, атайын ушул багытка иштеген микронасыялоо компаниялары көбөйүп баратат. Бул эмнеге байланыштуу жана мындай жагдайга кандай факторлор таасир кылууда?

Калкка насыя берүү боюнча банк системасынын үлүшү баарынан чоң болгондуктан, алгач коммерциялык банктардын көрсөткүчтөрүнө назар салалы. Андан кийин микронасыялоо уюмдарынын статистикасын да карап көрөбүз.

Расмий көрсөткүчтөрдү Улуттук статистика комитетинен, Улуттук банктан жана Евразия экономикалык комиссиясынын статистикалык маалыматтарынан алдык. Буларды экономика жана финансы жаатындагы адистер талдап берет.

Насыя алгандардын катышы өсүүдө

Ушул жылдын жарым жылында банктар тарабынан берилген насыялардын көлөмү боюнча баарынан алдыда соода тармагы турат. Экинчи сапта керектөө насыялары, андан кийин айыл чарба насыялары барат. Быйыл январь-июнь айларында транспорт тармагына берилген насыялардын суммасы былтыркы ушул мезгилге караганда эки эсеге өскөн, бирок анын көлөмү насыянын башка түрлөрүнө салыштырмалуу анча деле чоң эмес. Январь-июнь айларында кардарлардын соодага алган насыясынын көлөмү 64%, ал эми керектөө насыясы 61% көп болду. Керектөө насыяларынын пайыздык чени башка бардык насыялардан жогору – орточо 22,8% түзөт.

2023-жылдын биринчи жарымында микронасыялоо компанияларынын берген каражаттарынын көлөмү боюнча керектөө насыясы 5 млрд сом болуп, эң алдыда турат. Андан кийин айыл чарба жана соода тармагына көп берилет. Керектөө микронасыясын алган кардарлардын саны 128 миң кишини түзөт. Бул насыянын башка бардык түрлөрүн кошкондогудан да эки эсеге көп. (графика)

Макроэкономика боюнча талдоочу Искендер Шаршеев керектөө насыяларын ысырап кылгандар көп кездешкени менен, жалпысынан насыя алуу активдүүлүгү өсүп жатканы экономиканын оң көрсөткүчү катары бааланат деп эсептейт.

“Күнүмдүк тиричиликке алынган насыялар бир жагынан экономисттер тарабынан мурда жаман көрсөткүч катары эсептелчү. Анткени элде акча жок, күнүмдүк тиричиликке насыя алып, анын айынан карызга батып жатат, 3-5% чейин карызды кайтара албай, көйгөй да жаралган. Мындан улам “насыябызды жапкыла” деген митингдер да болуп кеткен. Бирок анысына карабай, эгер керектөөчүлөр кыска мөөнөткө алган насыяларын жашоону жакшыртканга же кандайдыр бир күнүмдүк тиричиликте керектүү жабдууларды алып, кошумча пайданы жаратканга колдонушса, абдан жакшы. Эгерде аны адамдар тойго, ысырапчылыкка кетирсе, күнүмдүк тиричиликтеги кайтарымы болбосо, албетте, начар нерсе катары көрүнмөк. Андай коротуунун үлүшү дагы бар, көбүнчө айыл жергесинде карызга ар кандай тойлорду өткөрүшөт. Бирок жалпы насыя алуу активдүүлүгү бат өссө, муну Батыш өлкөлөрүндө экономиканын абдан жакшы көрсөткүчү деп эсептешет”.

Насыя берүүчү уюмдар кардарына каражат берерде анын төлөө мүмкүнчүлүгүн жана финансылык тобокелдиктерди дыкат талдап алышы зарыл. Соңку жылдары насыя берүүнүн жол-жоболору бир кыйла жөнөкөйлөтүлүп келаткандыктан, насыячынын акчаны кайтаруу мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурулбай калганы айтылып келет. Мындан улам, карызга батып, финансылык абалы андан бетер оорлошкондор жана социалдык чыңалууну күчөткөн жагдайлар көбөйүүдө.

Дастанбек Аматов 2008-жылдан баштап он жылдай микронасыялоо уюмдары менен коммерциялык банктарда иштеген. Ал соңку кездери керектөө насыясын берүүдө анын төлөө мүмкүнчүлүктөрүнө олуттуу маани берилбей калганын бегилейт. Ал жакында досу бир финансылык уюмдан 150 миң сом керектөө насыясын 57% үстөгү менен алып алганын айтат. Уюм кардарынан андан тышкары дагы бир топ сумманы кармап калган.

“Азыр карап көрсөк, мурункудай талдоо жүргүзбөйт экен. Жөн эле паспорту менен барып, иштеймин деп койсо болду, насыяны берип салат. Кечээ досумдун 150 миң сомунан 7500 сом алып коюптур. Аны эки бөлүп алган – 3500 сомун “насыяны тейлөө боюнча кошумча пайыздар” деп, калганын консультациялык кызматы үчүн алыптыр. Негизи консультациялык кызматка алынбашы керек. Мисалы, сен иштеген жериңден айлык алып атасың да, ошонун эсебинен болчу. Мындайча айтканда, азыр кызматкердин айлыгын толугу менен кардарга оодарып коюптур. Өзгөчө түштүк аймактарда эл динге көбүрөөк берилип кетпедиби. “Пайыздык скриптер” же “пайызсыз” деп коёт. Чындыгында пайыздары бар. Мисалы, бир буюмдун үстүнө банк үстөгүн коёт дагы, ошону бөлүп берип коёт. “Пайызсыз” дегени үчүн ошону алган адамдар көбөйүп кетти. Так ошол жагынан алдап коюп атышат. Чындап келгенде ошол эле пайыздык үстөктү төлөйт. Болгону “пайыз” деген аты жазылбайт, дароо эле өзүнүн үстөк акысын кошуп туруп берип коёт”.

Талдоочу Искендер Шаршеев насыя берүүчү мекемелер кардарларынын каржылык мүмкүнчүлүктөрүн жетиштүү баалабай, калктын арасында карызга баткандардын катмарын калыңдатып жатат деген пикирге кошула албастыгын айтат.

“Кардар канча акча кетирди, канча акча топтоду, канча күрөөсү бар – бүт маалымат азыр насыялык бюролорго белгилүү. Ошондуктан кээде кардар келгенде аны текшербей эле заматта насыя бере алат. Анткени ага насыялык бюродон маалымкат алып, “ушул киши төлөй алат же төлөй албайт” деп бат эле талдап коёт. Төлөй албаса, дароо эле четке кагат, төлөй алаарын көрсө, чечимди тезирээк чыгарат. Насыялык комитеттер дагы ыкчам чече баштады. Банктарда кесипкөйлүк өсүп атат. Ошондуктан мен мындай көз карашка кошулбайм. Тескерисинче, банктар азыр өзүнүн кесипкөйлүгүн өстүрдү. Азыр биздин рынокко акырындап чоң маалыматтарды иштеткен жасалма интеллектти колдонуучу финтех чечимдер келип атат. Ошондуктан насыялардын кайтарымдуулугу жакшы эле деп эсептейм. Негизи дүйнө жүзү боюнча насыялардын 3% көйгөйлүү болсо, бул “баары жакшы” дегендин белгиси. Ошону караш керек. Эгерде көйгөйлүү насыялардын саны өссө, анда ошол жерден “банктар кайтарылгыс шартта акча берип, калкты оор абалга кириптер кылып жатат” деп айтса болот”.

Азыркы кезде Кыргызстандагы коммерциялык банктар менен финансылык уюмдардын тапкан кирешелери олуттуу өсүп жатканы белгилүү. Улуттук банк январь-июнь айларында банктардын таза пайдасы дээрлик 40% өскөнүн, бул 12 млрд сомдон ашуун сумма экенин билдирүүдө. Банктардын жалпы насыялык портфелинин көлөмү 11,9% көбөйгөн.

Суроо-талап жогору болгондуктан, банктар январь-июнь айларындагы керектөө насыяларынын портфелин мурунку жылдын ушул мезгилине караганда 62% көбөйткөн же 26 млрд сомдон 42 млрд сомго жеткирген. Андан кийинки кезекте соода жана ипотеканын насыялык портфелдери 23% жана 21% өскөн.

"Калктын насыя карыздары көбөйүүдө"

Эксперттердин пикиринде карыз сазына батууга түрткү болгон бир катар факторлор бар. Анын ичинде жакырчылык, жумушсуздук, миграция жана кымбатчылык өңдүү факторлор көп аталат.

Экономисттердин баалоосуна ылайык, азык-түлүктүн баасынын кымбатчылыгы менен жумушсуздук калктын эң курч көйгөйү болуп калууда. Так ушулар Эл аралык республикалык институттун 2023-жылдын май айында жүргүзгөн социалдык сурамжылоолорундагы көйгөйлөрдүн сап башына чыккан. Анда жумушсуздукту 29%, кымбатчылыкты 28% катышуучу белгилеген.

Ал эми үй-бүлөсү дуушар болгон эң олуттуу көйгөй катары насыяны төлөөдөгү кыйынчылыкты (20%), жумушсуздукту (15%), кымбатчылыкты (12%) жана эмгек акынын аздыгын (11%) көрсөтүшкөн.

Экономист Денис Бердаков барган сайын насыя алып, мөөнөтүндө төлөй албай карызга баткандар көбөйүп баратканына көңүл бурат. Ал мындай жагдайдын жаралышын көбүнчө инфляциянын өсүшү менен пайыздык коюмдардын жогорулугуна байланыштырат.

“2023-жылдын биринчи чейрегинин аягына карата калкка жана юридикалык жактарга берилген насыялардын мөөнөтүнөн өтүп кеткен карызы мурунку ушул мезгилге караганда эки эсе көп болууда. Мурунку жылдары мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын көлөмү төрт миллиард сомдон ашпай келген. Азыр биринчи чейректе 8,5 млрд сомго жетти. Кала берсе 2020-2021-жылдардагы пандемиялык мезгилдин биринчи чейректеринде насыялык карыз төрт миллиарддын тегерегинде болгон. Керектөө насыялары боюнча карыз быйылкы биринчи чейректе беш миллиард сомдон ашкан. 2022-жылдын соңунда анын көлөмү үч миллиард сомдой болчу. Бул жаатта да мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын көлөмү өсүп барат. Керектөө насыяларын төлөө калк үчүн бир кыйла оор – бир жагынан кымбатчылык болсо, экинчи жагынан ал насыя пайызы адамдардын эртеңки керектөөсүн да жеп салат. Анткени адамдар учурда 25-30% кымбатыраак сатып алып, анын бир бөлүгүн кайра банктарга берип коюуга мажбур болууда”.

Жакырчылык менен үй-бүлөлүк кирешенин азайышы жарандарды насыя алууга түрткөн факторлордун бири катары аталат. Жакырчылыктын деңгээли 2021-жылы кескин күчөдү. Расмий статистика боюнча, 2020-жылы 25,3% болгон жакырчылык 2021-жылы 33,3% секирди. Калктын өтө жакыр бөлүгү 0,9%дан 6% чейин жетти. Жакырчылык боюнча 2022-жыл менен быйылкы жарым жылдыктын маалыматтары жарыялана элек. Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы жакырчылык деңгээли 2022-жылдын соңунда 38% чейин жетиши мүмкүндүгүн жоромолдогон болчу.

Кыргызстанда жашоо минимумунун чеги июнь айына карата 7502 сом деп белгиленген. Эл аралык-республикалык институттун сурамжылоосуна катышкандардын 18% жакыны жашоо минимумунан аз киреше табарын билдирген.

"Каржы иштетүүдөгү сабатсыздык - башкы көйгөй"

Финансы маселелери боюнча эксперт Арсланбек Кененбаев калктын каржы сабаттуулугу төмөн болгондуктан, керектөө насыясынын жакырчылыкты күчөтүүчү таасири чоң экенин айтат.

“Насыя - атомдук энергия сыяктуу тездетүүчү процесс. Же атомдук бомба, же тиричилик атомун жасаса болот. Насыя өзү жаман эмес, болгону элибизге билим жетишпей жатат. Биздики азыр керектөөчү экономика. Ошондуктан насыялуулук деңгээли өсө берет. Жакырчылык менен насыялуулуктун өсүшүнүн ортосунда өтө тыгыз байланыш жок, болгону жакырчылыкка тезирээк киришет. Анткени көп акча пайыздык үстөккө кетет. Керектөө насыясы - жакырчылыктын себеби эмес, аны күчөтүүчү фактор. Мында көбүрөөк көйгөй болот. Анткени жакырчылыктын себеби ой жүгүртүү көндүмүбүздө. Мына, той экономикасы бар. Жадагалса үйлөнүү тоюна насыя алышат. Бул деген эмне? Акчанын жоктугуна карабай, насыяга кыз узатуу жана үйлөнүү тойлорун өткөрүшөт. Мына ушул көйгөй болуп атат. А Москвага кетсе, акчаны коротпой, чогултуп сакташат. Бул жакта болсо элибиздин 30-40% тойлорго кошумчага кетет. Бүт баарына коротобуз”.

Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээлин ченегенде мигранттар тарабынан мекенге которулган акчанын салымын кошуп жана аны кошпой эле өзүнчө эсептеген ыкма бар.

Учурда кыргызстандыктардын 1,5 млн ашууну чет өлкөлөрдө, анын ичинен басымдуу бөлүгү Орусияда эмгектенип жүрөт деп эсептелет. Алардын мекенге которгон акчасы өлкө бюджетинин 30% түзөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, жакырчылыктын көрсөткүчүн бир кыйла төмөндөтүп турган фактор миграция болууда. Эгерде 2021-жылы жакырчылыктын расмий эсеби 33,3% деп аныкталса, андан мигранттардын мекенге которгон акчасын алып салчу болсок, жакыр катмардын көрсөткүчү 42% ашып кетет. Буга жакырчылыктын деңгээлине өтө жакын жайгашкан дагы 10% калкты кошсок, анда жети миллион элдин жарымынан көбү өп-чап турмуш кечирип жаткан болот.

Статистикалык маалыматтар 2023-жылдын биринчи чейрегинде Орусиядан которулган каражаттын көлөмү бир кыйла азайганын көрсөтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG