Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:21

Москвадагы украин моряктарынын арсар абалы


Москвада камакта отурган украиналык деңиз аскерлери.
Москвада камакта отурган украиналык деңиз аскерлери.

Украиналык деңиз аскерлеринин апелляциялык арыздары Москва шаардык сотунда каралат.

Былтыр ноябрда Крымдагы сууда кармалып, «Орусиянын чек арасын бузган» деп айыпталып жаткан украин деңиз аскерлеринин алтоонун апелляциялык арызын сот 16-августта карайт.

Бул алтоо дагы жети аскер менен кошо мурунтан 24-октябрга чейин камакта калтырылган. Дагы 11 аскер 26-октябрга чейин камакта отурмакчы.

Украинанын 24 деңиз аскерин 2018-жылы ноябрда Орусия камакка алган. Анда орусиялык чек арачылар аннексияланган Крымдын жээктерине жакын Керч куймасында үч украин кемесинин жолун тороп, аларга ок атышкан. Туткунга түшкөн экипаж «Орусиянын чек арасын бузган» деген кине менен жарым жылдан бери Москвада тергөө абагында отурат.

Киев бул окуяны «агрессия», ал эми офицерлерди «аскер туткундары» деп атап келет. Киев Деңиз укугу боюнча эл аралык трибуналга кайрылып, трибунал майдын аягында Орусияны Украинанын үч кемеси менен 24 морякты тез арада кое берүүгө милдеттендирген. Расмий Москва трибуналдын чечимин аткаруудан баш тарткан.

Москва соту украин моряктарын күнөөлүү деп тапса, алар алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Украиналык моряктардын адвокаты Николай Полозов 17-июлда Москвада болгон кезектеги сот жыйынынан кийин эл аралык талаптар менен украин-орус сүйлөшүүлөрүнө карабай тергөө-сот иштери өз нугунда уланып жатканын белгилеген:

Николай Полозов.
Николай Полозов.

«Тилекке каршы, эл аралык документтерге орусиялык соттор көңүл бурушкан жок. Ошол эле кезде украиналык моряктар аларды камактан бошотуу маселеси жакын арада чечилерине ишенип, жакшы маанайда күтүп жатканын көрдүңөр. Саясий сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан кезде соттук иштер токтотулбай, өз нугунда жүрүп жатат. Тергөө өз иштерин улантууда, жакын арада акыркы жыйынтыктары жарыяланат. Ал эми сот апрель менен январдагыдай эле украиналык моряктарды камакта калтыруу мөөнөтүн узартып келет».

Бул сот отурумуна чейин Украина президентинин администрация башчысынын орун басары Вадим Пристайко Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, туткундарды алмашууга макулдашканын билдирген эле. Кремлдин басма сөз кызматы болсо унчукпай койгон.

Мурдатан орус президенти Владимир Путин орусиялыктар менен түз байланышта украин деңиз аскерлерин бошотуу маселесин обочолоп өзүнчө кароого болбой турганын айтканы бар:

«Мындай маселелер комплекстүү каралышы керек. Аны чечүүнүн алдында биз Украинада ушундай эле абалда жүргөн Орусиянын жарандарынын тагдыры тууралуу ойлошубуз керек».

Владимир Зеленский менен Владимир Путин.
Владимир Зеленский менен Владимир Путин.

Анткен менен 25-июлда Украинанын Коопсуздук кызматы Одесса облусундагы Измаил портунда Орусиянын танкерин камакка алып, экипаждын он кызматкери - орусиялык деңиз аскерлери сурак бергенден кийин бошотулган. Киев камакка алынган танкер 2018-жылы ноябрда Керч кысыгын бууп, украиналык үч кемеге «куралдуу агрессия жасоого катышкан» деп билдирген.

Москвада камакта отурган украин деңиз аскерлеринин тагдырына эл аралык коомчулук да тынчсыздандыруу билдирип келет.

18-июлда жаңы шайланган Европа парламенти Орусияны «Украинада оккупацияланган аймактарда жана Орусияда мыйзамсыз жана өз алдынча камакка алынган бардык украин жарандарын тез арада, эч шарт койбостон бошотууга» чакырган. Бул резолюцияда деңиз аскерлери да көрсөтүлгөн.

Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку комиссарынын башкармалыгы да быйыл мартта Орусия эл аралык гуманитардык укукту бузганын билдирип, украиналык моряктарды «согуш туткундары» деп атаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG