Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Москвалыктарга кымыз ичирген жигиттер


Эрмек Маматбакир уулу (бээнин жанында) менен Алымбек Абдрайазиз уулу (солдо)
Эрмек Маматбакир уулу (бээнин жанында) менен Алымбек Абдрайазиз уулу (солдо)

Москвадан 200 чакырым алыста жайгашкан Зарайск шаарына жакын айылда Кыргызстандан барган эки жигит бээ байлап, кымыз ачытууда.

25 жаштагы Алымбек Абдрайазиз уулу жарым жыл мурун Орусияга ишке келген. Алгач курулушта жүрүп, кийин Москванын чет жагында жайгашкан жылкы фермаларынын биринде өзүнчө иш баштоону чечкен. Бала чагынан жылкы менен аралашып өскөн Алымбек бээни өзү саап, кымызды өзү жасайт.

- Он үч бээ кулуну менен бар. Эки сааттан өткөрүп кайтарабыз. Жылкы кайтарганга атайын эки бала бар. Мен бээни өзүм саап, кымызды өзүм кылам. Жанымда досум бар. Ал Москвага кымызды жеткирип турат. Мурда бул жерде чоң ферма болгон. Булар менен келишим түзүп, иштешип жатабыз. Досум экөөбүз Москвага жакын райондорду бүт кыдырып, ушул жерди таптык. Саамал ачытабыз, жакындан баштап эле тарката баштадык. Бүт Москвага жайылталы деген оюбуз бар. Өзүм эс тарткандан баштап жылкы менен чоңойгом, бардык ишин жакшы билем. Кыргыздын кымыз жыттуу жигитимин.

Зарайск шаарына жакын айыл
Зарайск шаарына жакын айыл

Алымбектин шериги Эрмек Маматбакир уулу Москвага кымыз ташыйт. Эрмек классташы Алымбек жылкы кармап, иш кылалы деп сунуштаганда Красноярсктагы жумушун таштап, Москвага келген.

- Биринчи класстан бери эле экөөбүз мектепке чогуу барып келип жүрчүбүз. Ошондо чоңойгондо өзүбүзчө бир иш кылабыз деп ойлончубуз. Бул биздин биринчи жолку жасап жаткан ишибиз. Муну өнүктүрөбүз. Күнүнө 80-90 литр кымыз жасап жатабыз. Мен күн сайын Москвага алып барып турам. Шаарда тыгын. Ошондуктан тыгында туруп, ашыкча убакыт коротпош үчүн мен кечинде 6-7де шаарга кетем. Түнкү ондордо жетип, төрт-беш жерге 10-20 литрден таркатып, таң атканда кайтып келип калам.

Аңгыча бээ саан да болуп, Эрмек жылкы чогултканы кеткенде Алымбекке кошумча суроолорду бергенге үлгүрүп калдык.

- Бир сааганда он үч бээден канча сүт аласыңар?

- Он үч литр алабыз. Күнүгө 3-4 жолу саайбыз.

- Бул фермада канча аянт жер бар?

Бээ саан учуру
Бээ саан учуру

- Фермада 300 гектардан ашык жер бар. Биз 100 гектарын иштетип жатабыз. Бул жердин жакшы жагы – жайык жер. Жылкы кайда экенин көрүп турасың. Кыргызстанда тоо-таштын ичине кирип кетет. А бул жерде болсо балдар кыйналбай кайтарат. Жылкы бул сууну бойлоп оттойт. Кээде айдап келип жуунтабыз.

- Кечинде камайсыңарбы?

- Жок, кечки саат 10го чейин саайбыз. Андан кийин тосулган жердин ичинде оттошот.

- Кымызды канчадан сатып жатасыңар?

- 1 литр кымызды жүз элүү рублдан өткөрүп берип жатабыз. Анан ал жакта таркатып саткан балдар бар. Алар дагы өздөрүнчө бизнес кылып жатышат.

Москвалыктарга кымыз ичирген жигиттер
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

Кымызды Москвага ташуу үчүн жылкычы жигиттер атайын ВАЗ автоунаасын сатып алышкан. “Эски болгону менен ишке жарактуу унаа” дейт Эрмек темир тулпарын мактап.

- 2003-жылкы машина. Бензинди аз ичет, трассада жакшы жүрөт деп алганбыз. Акыр-чуңкурга дагы жакшы чыдамкай. Атайын айылдан Москвага кымыз ташуу үчүн алганбыз.

Чогулган бээлерге баратып Эрмек “эми бээ сааганды билген, жашоого тың жакшынакай кыздар болсо, досум экөөбүз тең үйлөнөбүз” деп тамашалап, өз ишине кетти.

Биз дагы Москвадагы жердештерди кымыз менен кубандырган эки достун ишине сүйүнүп кайттык.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG