Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:36

"Оккупай Абай" Москвадагы конушун которду


Полиция Москванын ортолугундагы Чистые Пруды районундагы убактылуу конуштан оппозиция тарапкерлерин айдап чыгууда. 16-май, 2011 16May2012
Полиция Москванын ортолугундагы Чистые Пруды районундагы убактылуу конуштан оппозиция тарапкерлерин айдап чыгууда. 16-май, 2011 16May2012

Москвада жарандык активисттер Кремлдин өзүм билемдигине каршы акцияларын улантууда.

Полиция шаршемби күнү таң эртең оппозициянын Москванын Чистые пруды бөлүгүндөгү “Оккупай Абай” кыймылынын чатыр өргөөсүн жыйдырып салды. Нааразылык акциясынын көпчүлүк катышуучулары, Интерфакс агенттигиин кабарлашынча, ОМОН келгенче эле өз буюм-теримин чогултуп, конушту таштап кетишкен. Ал эми ОМОНдун сөзүнө кирбеген жыйырмадан ашык адамды полиция кармап кетип, эч кандай айып-күнөөсүз коё бергени маалымдалды. Твиттерде жарыяланган маалыматка караганда, полиция алардын айрымдарынын паспортторун алып калып, аскерий комиссариатка кел деген чакыруу кагазын берген.

Казак акыны Абай Кунанбаевдин Чистые Пруды районундагы эстелиги алдындагы чатыр конуш 6-майда болгон “Миллиондордун маршы” ден аталган анти-өкмөттүк демонстрациянын катышуучулары топ-топ тобу менен камакка алынгандан соң пайда болгон эле. Жалпы өлкөлүк бул акция 7-майда үчүнчү мөөнөткө президенттик кызматка отурганы жаткан Владимир Путиндин инаугурациясын утурлай уюштурулган эле.

Орусияда калктын түрдүү катмарларын камтыган нааразылык акцялары 4-декабрда Мамдумага болгон шайлоодо бийликтин добуштарды өз пайдасына кошуп жазуусунан улам башталган. Оппозиция ошондуктан Мамлекеттик Думага шайлоону кайра өткөрүү жана губернаторду шайлоону кайра калыбына келтирүү тууралуу талап коюп чыккан. А орусиялыктардын активдүү бөлүгүндөнү бийликке кыжырдануу 2011-жылдын 24-сентябрында ал кездеги премьер-министр Владимир Путин төрт жыл илгери өзү президент болот деп тандаган Дмитрий Медведев менен орун алмашабыз деп чечкенин жарыя кылгандан кийин күчөгөн.

15-майда Москванын Басман райондук соту бийликтерди Абай Кунанбаевдин эстелигинин жанындагы жарандык активисттердин лагерин таратууга милдеттендирген болчу. Сот чечимди эстеликтин оро-парасындагы үйлөрдө жашаган адамдардын тартипти орнотуп, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жөнүндөгү арызына таянып чыгарганын өкмөттүк ИТАР ТАСС агенттиги кабарлады.

Катталбаган Элдик эркиндик партиясынын (Партия народной свободы, кыскача ПАРНАС) теңтөрагасы Борис Немцов соттун чечимин "мыйзамсыз" деп атады. Чистые прудыдагы ордунан ажыраган оппозиция тарапкерлери “Баррикадная” метросуна чукул Кудрин аянтындагы скверден конуш алышты. Ушундай эле перманенттүү мүнөздөгү нааразылык акция Санкт-Петербургдун Исааковский аянтында да өтүүдө.

XS
SM
MD
LG