Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Мигрантты өкмөттүк кызматкер союл менен тескеген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада 21 жаштагы кыргызстандык мигрант жумуш берүүчүсүнүн - өкмөттүк мекеменин жетекчисинин колунан жабыр тарткан.

Москванын №1 шаардык ооруканасы. Анын нейрохирургия бөлүмүнө «жумуш берүүчүсү сабап, башына оор залака келтирген» деген мекендешти издеп бардык.

Үчүнчү кабаттагы бир бөлмөдө төрт бейтап жатыптыр. Анын экөө жаш кыргыз балдар. Биринин оозу-мурду билинбей, өңү кара көк тартып, тулуптай шишик. Экинчисинин башы оң кулагынан сол кулагына чейин туурасынан кесик, операциядан кийин тепчип тигилип, зелёнка менен калың бастырылып, сүртүлгөн.

Алгач биринчисине кайрылсак «мен таяк жеген жокмун, меники мушташ, кыргыздарды билесиңер да» деген боюнча бөлмөдөн чыгып кетти. Биз издеп барган мекендеш экинчиси болуп чыкты. Өзү 21 жашта болсо да, 16-17 жаштагы өспүрүмдөргө окшош, арык чырай, ак жуумал келген жигит экен. «Ата-энем укса бушайман болот» деген бала өзүнүн аты-жөнүн жашыруун калтырууну өтүндү.

Москвада өкмөттүк мекемеде кызматкердин колунан жабыркаган жаран.
Москвада өкмөттүк мекемеде кызматкердин колунан жабыркаган жаран.

Маңдайымдагы бул жолку маектешим - кесиптик жогорку билим тургай орто мектепти бүтүп-бүтпөй эле Орусияга иш издеп, агылып келип жаткан кыргызстандык жаштардын бири. Ош облусундагы Кара-Кулжа районунан келген А. уулу Х. алты айдан бери таң заардан туруп, Москванын так чордонунда көчө шыпырып, таштанды чыгарып, кар күрөп иштеп жүргөн.

25-январда ал эртең менен эрте туруп, адаттагыдай эле беймарал ишине барган. Түштөн кийин иштеги башчысы кабинетине чакырып, ал жакта экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Башынын бир жагы оюлуп, маңдайында союлдун изи калып калган мекендешибиз ошол жерде жетекчиси бейсбол таягы менен чекесин жара чапканын айтып отурду:

- Ал жакында эле ишке келген. Жакшы деле таанычу эмесмин. Сөздөн сөз чыгып, уруша кеттик. Бирок мен ага эч залал келтирген жокмун. Ал мени бейсбол союлу менен бир чапты. Эс-учумду жоготтум. «Тез жардам» менен ооруканага жеткиришкен. Ошол күнү жандандыруу бөлүмүндө жатып, эртеси башыма операция жасашты. Баш сөөгүмдүн маңдайы сынып кетиптир.

Баш көтөрүп, акаарат айтканы үчүн келтек жеген мигрантка иштегилер дароо «Тез жардам» чакырышкан. Бирок ооруканага түшкөндө анын жараатын «өндүрүштүк жаракат» деп каттатып коюшкан. Андыктан бул окуя өз маалында укук коргоо органдарына кабарланбай, кылмыш иши катталган эмес.

Жигиттин Москвада бир тууган агасы болбогондо чет жерде таламын талашаары жок, тагдырына көңүл бурулбай, укугу корголбой калган көп мигранттын бири катары көмүскөдө калып кетмек. Расмий булактардын маалыматы боюнча кыргызстандык мигрант «Жилищник» өкмөттүк мекемесинин Арбат району боюнча бөлүмүндө короо шыпыруучу болуп эмгек келишиминин негизинде расмий эмгектенип жүргөн.

Жумуш берүүчүсүнөн келтек жеген мигранттын агасы 28-январда Кыргызстандын ИИМинин Москвадагы өкүлчүлүгүнө кайрылган.

Министрлик таркаткан маалымат боюнча Москвадагы өкүлчүлүктүн көмөгү менен Арбат району боюнча ички иштер бөлүмүндө 111-берене боюнча кылмыш иши козголгон. «Адам ден соолугуна атайлап оор залал келтирген» деген айып менен «Жилищник» өкмөттүк мекемесинин Арбат районундагы бөлүмүн убактылуу жетектеген, 1980-жылы туулган Н.Г. аттуу Орусиянын жараны камакка алынган.

Москванын мэриясына караган өкмөттүк «Жилищник» мекемесинин Арбат районундагы бөлүмүнө кайрылганыбызда директорлук кызматты убактылуу аткарып жүргөн кызматкер жумуштан бошотулганын кабарлашты.

Эми аман калганына сүйүнүп, бирок баш оорунун азабын дагы далай тартаарын түшүнүп турган А. уулу Х. өз укуктарын коргоп, айыптууну сот жообуна тартуу аракетин токтотпой турганын айтты:

- Арыз жазганбыз. Анын камалганын айтышкан. Бирок иштеги балдар аны камакта эмес эле эркиндикте жүргөнүн айтышууда. Эми авдокат жалдап жатабыз. Укугубузду коргоп, ишти аягына чейин чыгарып берет деген үмүттөбүз.

Өкмөттүк мекеминин кызматкеринин колунан жабыр тартан бул мигранттын ооруканада дарыланып, операция жасатышына 300 миң рублдай каражат кеткен.

Москванын №1 шаардык ооруканасы.
Москванын №1 шаардык ооруканасы.

Москвада кар акыркы 70 жылда болуп көрбөгөндөй калың жаап, 49-52 сантиметрге чейин жетип, көчөлөрдө муз тоңуп турганда короо тазалагычтар күнү-түнү дебей оор шарттарда кызуу иштеп жаткан кези.

Бирок мындай ак эмгекке карабай, иштеткендер аларга айлыгын өз маалында бербей, нормадан ашык иштегени үчүн акча төлөбөй койгон учурлар да кездешип жүрөт. Декабрда Москвада дал ушул эле «Жилищник» өкмөттүк мекемесинде короо шыпыруучу болуп иштеген отуздай кыргызстандык жана өзбекстандык мигрант Нагорный районунда иш таштап, эмгек акысын талап кылып, нааразылык көрсөтүп чыгышкан. Аларды анда полиция камакка алып, административдик мыйзам бузуу үчүн айыпка жыкканы кабарланган.

Көп кабаттуу имараттардын чатырларында кар тазалоодо эч кандай коопсуздук эрежелери сакталбай, борбор азиялык мигранттар үстүнөн кулап, мерт болгон учурлар да бар. Былтыр ушул маалда Санкт-Петербург шаарында 29 жаштагы кыргызстандык 7-кабаттан кулап түшүп каза болгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча былтыр Орусияда кыргыз жарандарына карата жасалган 1542 кылмыш иши катталган, ал эми кыргызстандыктар Орусияда 2802 кылмышка кириптер болушкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG