Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

Навальныйга ун жана ириген сүт чачып кетишти


Орусиядагы оппозициячыл активист Алексей Навальный. 29-февраль, 2020-жыл.
Орусиядагы оппозициячыл активист Алексей Навальный. 29-февраль, 2020-жыл.

Белгисиз адамдар Орусиядагы оппозициячыл активист Алексей Навальныйга ун жана ириген сүт сыяктуу суюктукту чачып кетишти. Бул тууралуу өзү «Твиттердеги» баракчасына жазды. Окуя Навальный «Эхо Москвы» радиосуна бараткан маалда болгон.

Орус бийлигине каршы жүрүштөрдү баштап, коррупциялык иштерди ашкерелеген даректүү тасмаларды чыгарганы менен белгилүү болгон Навальныйга 2017-жылы да кол салышкан. Анда көзүнө жашыл түстөгү суюктук чачып кетишкен. Активист көзүнө Барселонадан операция жасаткан. Көп өтпөй полиция кол салуу боюнча иликтөө ишин токтотуп койгон.

XS
SM
MD
LG