Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:41

"Улуу Өзбек мамлекети" болуу стратегиясынын башаты


Өзбек армиясынын танктары Анжияндын чок ортосунда, 14-май, 2005.
Өзбек армиясынын танктары Анжияндын чок ортосунда, 14-май, 2005.

Өзбекстан парламентинин төмөнкү палатасы - Олий Мажилис өлкө коопсуздугунун жаңы стратегиясы боюнча мыйзамды бекитти.

1-августта бекилген бул мыйзам “Өзбек Республикасынын тышкы саясый ишмердүүлүгүнүн концепциясы” деп аталат. Расмий билдирүүдө жаңы концепция өлкөнүн коопсуздугун бекемдөө, региондогу жана дүйнөдөгү тышкы коркунучтарга татыктуу жооп кайтаруу үчүн иштелип чыкканы белгиленет. Жаңы мыйзамды Сенат ай соңунда бекитет.

Өзбекстандын тышкы саясый ишмердүүлүгүнүн концепциясы жөнүндөгү мыйзам долбоорун парламентке өлкө лидери Ислам Каримов өзү сунуш кылды. Жаңы концепциянын стратегиясында өлкө эч кандай саясый-аскердик уюмга кошулбайт деген идея жатат. Өзбекстан жакында Жамааттык коопсуздук уюму келишими - ЖККУдан чыккан. Муну эске алганда, президент Каримовдун ыкласынан жаралган бул документ эл аралык коомчулукка расмий Ташкен кайсы бир уюмга же блокко кирип, бакубат державалардын бирине милдеткер болууну каалабагынын жарыя кылат.

Көпчүлүк серепчилер байкагандай, тышкы саясатка байланыштуу жаңы концепциянын кабыл алынышы Ташкендин Москва менен болгон мамилесинин кезектеги осолдоп турган мезгилине туш келди.

Анын жүйөөсүн Францияда жашаган теги өзбекстандык саясат таануучу Камолиддин Раббимов мындай түшүндүрдү:

- Бул бир катар жагдайлар, анын ичинде телекоммуникация тармагында иштеген орусиялык МТС компаниясынын лицензиясын биротоло тартып алуу менен коштолду. Ошондуктан президент Каримов жаңы концепция менен Москваны “Биздин алакабыз салкындап турганына карабастан, АКШ тарапка кайрадан өтөйүн деген ниетим жок” деп соороткусу келет. Ушул көз караштан алганда, концепция тышкы саясаттагы негизги багыттарды өзгөртпөйт. Тескерисинче, жабат.

Эксперттин сөзүнө караганда, Өзбекстан үчүн саясий доктринасын жана концепцияларды өзгөртүү кадыресе көрүнүш болгондуктан, тышкы саясатка карата жаңы көз карашты билдирген документтин кабыл алынышы жаңылык эмес. Болуп жүргөн иш.

- Чынында эле, Өзбекстан өзүнүн доктрина, концепцияларыны тез-тез өзгөртүп турат. Себеби 2002-2005-жылдары өлкөдө Кошмо Штаттардын аскердик базасы бар болчу. Өзбекстан ЖККУ ишмердүүлүгүнө жана НАТОнун бир катар долбоорлоруна катышып жүрдү. Болбосо, “Өзбекстандын тышкы саясатынын негизги принциптери жөнүндө” 1992-жылы бекитилген мыйзамда Өзбекстан эч кандай саясий-аскердик блоктордун ишине катышпайт деп даана жазылган. Ошондуктан, азыркы концепция Өзбекстан жетекчилигиндеги учурдагы зарылчылыкты, алардын ушу таптагы маанайын чагылдырат дээр элем. Ал эми жарым жылдан кийин эмне болорун дүйнөдө эч ким билбейт.

Ташкен 2005-жылкы Анжияндагы кандуу булоонду Вашингтон сындагандан улам АКШлык аскерлерди өлкөдөн чыгарып кетүүнү буйруган.

Москвалык талдоочу Андрей Грозиндин баамында, акыркы он жылда өлкөнүн экономикалык оор абалына байланыштуу Ислам Каримов туруктуу бир тактиканы карманат. Атап айтканда:

- Тышкы саясатта не АКШга таянабы, не Евробиримдиккеби, не Москвагабы, не Бээжингеби, ал маанилүү эмес. Иш жүзүндө Өзбекстандын тышкы саясаты өлкө ичиндеги маселелерди жөндөөгө багытталган. Бул айкын милдет. Өлкө дем ала албай тумчугуп баратат. Мамлекет өз элинен дем ала албай тумчугууда. Борбор Азиянын чен өлчөмүнөн алганда, эбегейсиз чоң калктын нормалдуу жашоосу үчүн экономикалык база жок. Жылына мектепти бүткөн 200-300 миң чамалуу адам расмий Ташкен үчүн эң чоң көйгөй. Алардын баарын армияга же милицияга алганга мүмкүн да эмес. Демек Каримов доорунда, андан кийин жазылчу бардык стратегиялар дал ушул жагдайга барып такалат.

Грозин ошол эле учурда Ташкендин региондун лидерлигине умтулуусу жана Казакстан менен лидерлик үчүн атаандашуусу президент Каримовдун жеке мүдөөсү эмес деп эсептейт. Анын оюнча, мындай амбиция өткөн кылымдын 70-жылдарынан башат алат:

- Ташкен өзүн региондун лидери катары, ал эми коңшулаш Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстанды өз ишмердүүлүгүн жүргүзчү майдан катары көрөт. А түгүл Өзбекстандан экономикалык жактан алда канча ашып кеткен Казакстанды да ушундай көрөт. Деген менен, улуу өзбек мамлекетти болуу стратегиясы XX кылымдын 70-жылдары башталган. Ал кезден тарта Москванын көңүл чордонунда болуу, ашыкча финансылык каржылоо үчүн Ташкен менен Алматы тынбай күрөшкөн. Бул бүгүн башка формада уланып жатат. Ташкен азыр жана жакынкы жылдары - орой айтканда - босоголош коңшуларынын ресурстарын, технологиясын, логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн өзүнө баш ийдирип гана жашап кете алат. Бул Каримов барбы же жокпу, баары бир өзгөрбөйт.

Талдоочулар баамдагандай, жаңы концепция Ташкендин узактан бапестеп жүргөн тилеги - регион лидери болуу максатын да бекемдейт. Андыктан документте регион ортолук жана эки жактуу долбоорлор тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсү жок, эгемен өлкөлөр тарабынан чечилүүгө тийиш деп көрсөтүлөт. Бирок суу ресурстарын пайдалануу боюнча Ташкен, Дүйшөмбү жана Бишкек ар башка көз карашта тургандыктан, алардын үчүнчү тарапсыз бир мунасага барары абдан кыйын экенин акыркы жыйырма жыл айкын көрсөттү. Бул сөз чек ара маселесине, темир жол катнашына да тийиштүү.

XS
SM
MD
LG