Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Жаңы Зеландияда куралга тыюу салынды


Крайсчерч шаарындагы курал саткан дүкөн.
Крайсчерч шаарындагы курал саткан дүкөн.

Жаңы Зеландиянын парламенти жарым автоматтык куралдардын бардык түрүнө тыюу салууну колдоду.

Ноэл Уомерсли 14 жылдан бери аң уулоого чыгып жүрөт. 48 жаштагы аңчы биринчи куралын 12 жашка толгондо, туулган күнүнө белекке алган. Ал азыр аңчылыкка өспүрүм кызын ээрчитип чыгат.

Таң атып калган маал. Тунжураган тынчтыкты октун үнү бузуп, токойдогу жандыктардын бири кулады. Керз өтүк жана кара комбинезон кийген Уомерсли бул таңда үч жандык атып, олжолуу кайтты.

15-мартта да ал аң улап жүргөн. Дал ошол маалда Крайсчерч шаарынын жанындагы токойдо гана эмес, калаа ичиндеги Аль-Нур мечитинде да октун үнү чыкты. Мечиттеги октун үнү көпкө токтогон жок.

Аскерий кийимчен, беткапчан адам мечитке жума намазына чогулгандарга туш келди ок чыгарды.

Кандуу калабада 50 адам набыт болуп, ондогон адамдар жаракат алган. Бул окуядан кийин Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн жарым автомат куралдарга тыюу салууну сунуштаган. 10-апрелде ал парламентте атайын кайрылуу жасады:

"Элүү адам өлтүрүлдү жана алар үн ката алышпайт. Биз бүгүн алардын добушубуз жана биз бул добуштарды акылдуулук менен колдондук деп эсептейм",-деген Ардерн көзүнө жаш алды.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн.
Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн.

​Жарым автоматтык куралдардын бардык түрүнө тыюу салууну парламенттин 119 мүчөсү колдоп, бирөө каршы болду. Эми документти өлкөнүн генерал-губернатору жума соңунда жактырган соң күчүнө кирет.

Учурда жаңы зеландиялыктардын колунда бир жарым миллиондой курал бар. Эми алар атайын анкета толтуруп, куралдарын өткөрүп берүү боюнча 30-сентябрга чейин полиция менен байланышууга тийиш.

Премьер-министр курал ээлерине кенемте төлөп берүүнү убада кылды. Өкмөттүн эсебинде буга бюджеттен 100-200 миллион доллар сарпталат. Элден чогултулган курал-жабдыктын баары жок кылынат. Мыйзам күчүнө киргенден кийин куралдын мындай түрлөрүн полицияга өткөрүп бербей койгондор беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Аңчы Уомерсли өкмөт башчысынын сунушун колдогондордун бири:

"Албетте адамдарга алардын куралдары жагат. Менимче көбү армияга баргысы келип, аскердик куралдарды сатып алышкан. Бул мыйзам айрымдарынын кыжырын келтириши мүмкүн. Бирок мен сыяктуулар деле көп. Анткени алар Крайсчерч шаарында эмне болгонун көрүп, куралдарын кубануу менен эле тапшырып беришет. Абдан жаман окуя болду",-дейт ал.

Эки мечитке чабуул койгон адам экстремисттик көз караштагы Брентон Таррант аттуу австралиялык жаран экени аныкталган. Коңшу Австралияда курал-жарак сатууга 1996-жылдагы Порт-Артур шаарындагы атышуудан кийин тыюу салынган. Анда куралчан адам 35 карапайым тургундун өмүрүн кыйган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG