Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Нур-Султан шаары коронавирустун жайылышынан улам “кызыл аймакка" киргизилди


Казакстанда шайлоо күнү "Байтерек" санитардык тазалык күнүнө байланыштуу жабык турду. Нур-Султан. 2021-жылдын 10-январы.
Казакстанда шайлоо күнү "Байтерек" санитардык тазалык күнүнө байланыштуу жабык турду. Нур-Султан. 2021-жылдын 10-январы.

Казакстандын борбор шаары Нур-Султан COVID-19 илдетинин жайылышынын тездиги боюнча өзгөчө кооптуу делген “кызыл аймакка” киргизилди.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги борбор шаардан башка Акмоло, Кустанай облустары да “кызыл аймакка” киргизилгендигин маалымдады.


15-январда Нур-Султандын саламаттык сактоо мекемеси катаал карантиндик тартипти киргизүү жөнүндө чечим кылды. Бул тартип келээрки аптада күчүнө кирмекчи. Ага ылайык, соода түйүндөрү күндүзгү 10:00 – 20:00 аралыгында гана иштейт, дем алыш күндөрү жабылат. Дем алыш күндөрү саламаттык чыңдоочу машыгуу жайларынын ишине да толук тыюу салынат. Ал эми жекшемби күндөрү коомдук унаа да токтотулат.

2020-жылы декабрда Нур-Султан шаары бир күнгө “кызыл аймак” деп жарыяланган.

Расмий маалыматка караганда, Казакстанда коронавируска 167 118 киши чалдыкты, ага тектеш өпкө кагыны менен 46 737 киши ооруп калды. Коронавирустан 2 397 киши, ага тектеш өпкө кагынынан 534 киши каза болду.

XS
SM
MD
LG