Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-октябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 05:43

Казакстан: коронавирустун экинчи толкуну кеч күздө болушу мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун экинчи толкуну ноябрь-декабрь айларында болушу мүмкүн экенин эскертти. Министр Алексей Цойдун айтымында, бул маалда сасык тумоо күчөп, коронавирустун жайылышына жол ачышы ыктымал. Цой ооруканалардагы орундардын 70% толуп кала турган болсо, өлкө катаал карантин чараларына кайтарын эскертти.

Казакстанда соңку бир суткада коронавирус менен пневмониядан 11 киши көз жумду.

Батыш-Казакстан облусундагы Федоровка айылында коронавирус күч алганына байланыштуу катаал карантин киргизилди.

Нур-Султан COVID-19га каршы беш жарым миллиондон ашуун вакцина сатып алууга даярданууда. Бийлик бул боюнча бир нече мамлекет менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланды. Ошондой эле Казакстан өз вакцинасын да сыноодон өткөрүп жатат.

Казакстанда коронавирусту 107 миңге чукул адам жугузуп алып, 1 671 бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG