Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Ослодогу жардыруудан 7 киши набыт болду. Утойадагы ок атуу


Ослодогу жардыруу маалында 7 киши өлүп, бир автоунаа ойрон болду. AP. 22.7.2011.
Ослодогу жардыруу маалында 7 киши өлүп, бир автоунаа ойрон болду. AP. 22.7.2011.

Скандинавиядагы өлкөлөрдүн бири - Норвегиянын ордо шаары Ослодо 22-июлда кубаттуу жардыруу болуп, анын айынан бери дегенде 7 киши набыт болуп, бир нече киши жаракат алды жана айрым имараттардын терезелери быркырады. Ушул эле жума күнү Осло шаарынын түштүгүндөгү Утойа аралында бийликтеги Лейбористтик партиянын жаштар канатынын лагерине чогулгандарга ок жаадырылганы кабардалды.


Ослодо жума күнү (22-июлда) түштөн кийин жергиликтүү убакыт боюнча саат үч жарымда кубаттуу жардыруу болду. Анын айынан бери дегенде 7 киши набыт кетип, он чакты киши жаракат алды.

Жардыруунун эпкининен көп кабаттуу өкмөт үйүнүн терезелери бырын-чырын болду.

Норвегия: Өкмөт үйүнүн жанындагы жардыруу

x
Норвегия: Өкмөт үйүнүн жанындагы жардыруу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00
Түз линк
Күбөлөрдүн айтымында, жардыруу орун алган аймакта бир автоунаа талкаланып жатат. Андан улам бул унаага да бомба катылганбы деген жоромолдор айтылууда.

Өкмөт үйүндө жана ага жакын жайгашкан "Верденс ганг" гезитинин башкеңсесинде иштеген кишилер шашылыш түрдө коопсуз жакка чыгарылды.

Бомба жарылган аймакты норвегиялык полиция күчтөрү курчоого алды.

Күбөнүн маалыматы

Жардырууга күбө болгон туристтердин бири, америкалык Ник Соубейа (Nick Soubiea) Си-Эн-Эн (CNN) сыналгы каналына өз башынан өткөн окуяны мындайча сыпаттады:

- Биз жардыруу болгон жерден 50 метрдей алысыраак турганбыз. Жардыруу чындыкка коошпогондой, тим эле жай көрсөтүлгөн кыймылдын тасмасындай сезилди. Анын эпкининен дээрлик бардыгыбыз орундуктарыбыздан учуп түштүк. Абада коюу түтүн калкып турду. Ар кимибиз ордубузда казыктай кагылып калдык, Эч ким эмне болуп кеткенин аңдай албай калды. Бул абал өзгөчө дүрбөлөңгө салды.

Жардыруунун эпкини тийген имараттардын бири - өкмөт башчынын кеңсеси болду.


Өкмөт башчы аман-эсен


Норвегиянын өкмөтүнүн статс-катчысы Ханс Кристиан Амундсен өкмөт башчы Йенс Столтенберг жардыруудан эч жабыр тарткан жок деп Си-Эн-Эн (CNN) сыналгы компаниясына 22-июлда билдирди.

- Премьер-министр аман-эсен экенин мен тастыктай алам. Ал өзүнүн кеңсесинде жок болчу. Ушул тапта ал ишин жүргүзүп жатат.

Европа Биримдиги, НАТО, АКШ жана Улуу Британия Ослодогу бул жардырууну айыпташты.

АКШ президенти Барак Обама Норвегия элине тилектештигин билдирди:

- Мен жеке өзүм Норвегия элине көңүл айтам. Бул окуя – бүтүндөй эл аралык коомчулуктун алдында бул сыяктуу террордун алдын алуу милдети турганын жана биз чалгын жаатында да, мындай алааматтуу чабуулдардын алдын алуу жаатында да тыгыз кызматташуубуз зарыл экенин эскертип турат.


Утойадагы ок атуу

Ушул эле жума күнү Осло шаарынын түштүгүндөгү Утойа (Utoya) аралында бийликтеги Лейбористтик партиянын жаштар канатынын лагерине чогулгандарга ок жаадырылганы кабардалды.

Полициячынын кийимин кийген бир европалык (маалыматтарга караганда, норвегиялык) киши чогулган жаштарга ок жаадырган. Бул чабуулдан он чакты киши набыт болуп, бир нече киши жаракат алды.

Кол салган киши камакка алынганы айтылууда.

Бул жаштар жыйынына өкмөт башчы Столтенбергдин келээри күтүлүп жаткан.


Гезит. Диниятчы.

Айтмакчы, Ослонун борборундагы жума күнкү жардыруу "Верденс ганг" (Verdens Gang) гезитинин кеңсесине да олуттуу залака тийгизди.

Ал эми “Дагбладет” (Dagbladet) деген башка бир норвегиялык “сары барак” гезит 2005-жылы Мукамбет пайгамбардын карикатурасын даниялык бир гезиттен алып кайра жарыялап, мусулман өлкөлөрүндө нааразылык жараткан бир ууч басылманын сабында болчу.

Өткөн аптада норвегиялык прокурор теги ирактык диниятчыга каршы террорчулук менен байланыштуу иш козгогон.

Бул Молдо Крекар аттуу ирактык күрт тектүү диниятчы “Ансар ул-Ислам” аттуу исламчыл күрт тобун уюштурган жана эгерде өзүн Норвегиядан чыгарып жиберишсе, анда айрым норвег саясатчылары ажалга кириптер болот деп бир катар маалымат каражаттары үчүн курган маегинде опузалаган.

Террорго каршы өнөктүк

Норвегия - Ооганстандагы эл аралык бейпилдик күчтөрүнө өзүнүн 600 жоокерин аттандырган скандинавиялык мамлекет.

Норвегиялык жоокерлер ливиялык лидер Муаммар Каддафинин күчтөрүнө каршы НАТО жүргүзүп жаткан аскердик өнөктүккө да катышууда.

Ошондуктан исламдын атын жамынган айрым эл аралык террорчу топтор Норвегия бийлигине "тиш кайрашы" ажеп эмес.

Соңку маалыматтарга караганда, Ослодогу жардыруу менен Утойа (Utoya) аралындагы ок атуунун ортосунда байланыш бар болушу ыктымал.

Бирок Норвегия бийликтери бул чабуулдун артында тургандар тууралуу үстүртөн эле баа берип, кол салуунун жоопкерчилигин “ал-Кайида” сыяктуу уюмдарга далилсиз шылтоого болбой турганын да эскертти.

XS
SM
MD
LG