Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Норвегия: Жума күнкү чабуулдар 91 кишинин өмүрүн алды


Андерс Бехринг Брейвик (Anders Behring Breivik) 22-июлдагы Утойа аралындагы аткылоо боюнча шектелип камакка алынып, суракка алынып жатат. Осло, Норвегия. Reuters. 23.7.2011.
Андерс Бехринг Брейвик (Anders Behring Breivik) 22-июлдагы Утойа аралындагы аткылоо боюнча шектелип камакка алынып, суракка алынып жатат. Осло, Норвегия. Reuters. 23.7.2011.

Норвегиянын ордо шаары Ослодо 22-июлда кубаттуу жардыруу болуп, 7 киши набыт кетти, андан көп узабай Утойа аралында бир норвегиялыктын аткылоосунан улам бери дегенде 84 киши өмүрүнөн айрылды. Террордук чабуулдардын мүдөөсү эмнеде болгону тууралуу азырынча жоромол айтыла элек. Полиция бул кол салууларга байланыштуу иликтөө иштерин улантууда.


Жума күнү Скандинавия жарым аралындагы Норвегия падышалыгынын ордосу Ослодогу жардыруудан жана шаардан түштүктө жайгашкан Утойа аралындагы аткылоодон улам бери дегенде 91 киши өмүрүнөн айрылганын норвег полициясы ишембиде (23-июлда) тастыктады.

Жазыксыз жерден өмүрүнөн ажырагандардын ичинен 84ү – бийликтеги Лейбористтик партиянын жаштар канаты уюштурган Утойа аралындагы жайкы лагердин катышуучулары. Лагерде 14-18 жаштагы улан-кыздар бир чети, саясий талкуулар өткөрүп, экинчи чети, чогуу-чаран эс алып жатышкан.


Норвегия: Өкмөт үйүнүн жанындагы жардыруу

x
Норвегия: Өкмөт үйүнүн жанындагы жардыруу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00
Түз линк
Жети киши болсо Утойадагы аткылоодон саал мурдараак Ослодо Норвегиянын өкмөт башчысынын кеңсесинин сыртында жарылган бомбанын айынан набыт болушту.

Ушул тапта Утойа аралындагы лагерде болгон башка катышуучулардын да эсеби такталууда.


Аралдагы аткылоодон жабыр тарткандардын саны алда канча көп болушу ыктымал деп жоромолдонуп жатат. Мындай пикирди, маселен, полиция башчысы Ойстейн Мэланд (Oystein Maeland) ишембиде таңга маал кабарчыларга айтты.

Азырынча Утойадагы аткылоо менен байланыштуу 32 жаштагы бир норвег киши камакка алынды. Бул кишинин ысымын норвегиялык улуттук сыналгы каналы Эн-Эр-Ка (NRK) "Андерс Бехринг Брейвик" (Anders Behring Breivik) деп атоодо.

Учурда дүйнөдөгү сыналгы каналдары жана интернет барактары бул 32 жаштагы ак саргыл, көзү көк кишинин ар кыл сүрөттөрүн байма-бай көрсөтүшүүдө.

Норвегия: Бери дегенде 91 киши набыт кетти

x
Норвегия: Бери дегенде 91 киши набыт кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:32 0:00
Түз линк
Күбөлөрдүн айтымында, дал ушул жигит полиция кызматкеринин кийимин кийип алып, чогулгандарга келген жана алар менен баарлашууга кызыгып жаткандай өзүнө жакын келүүгө чакырган.

Андан соң ал куралсыз кишилерге каршы капысынан ок жаадыра баштаган.


Окуяга күбө болгон Хана Барзинги (Hana Barzingi) менен Кавитираа Аравинтан (Kavitiraa Aravinthan) жарыша сүйлөп, кабарчыларга өз баштарынан өткөргөндөрүн баяндашты:

- Биздин өргүү жайыбызда бир аткылаган киши пайда болду. Ал полиция кызматкерине окшоп турду. Анда кийими да, курал-жарагы да, баары бар болчу. Норвегиянын полициясы курал колдонбойт эмеспи, ошондуктан бул - жүрөк үшүткөн учур болду. Оболу биз жыйылып келгенде ал аткылап кирсе, баарыбыз аны тамашалап атат деп ойлогон экенбиз.

Брейвикти камакка алган норвегиялык полиция ал суракта тергөөчүлөргө тартынбай жооп берип жатканын, анын жазыксыз кишилерди аткылоодогу мүдөө-максаты эмнеде болгонун териштирүүгө далаалат кылып жатышканын билдирди.

Башка бир полиция кызматкеринин “Ассошиейтед Пресс” кабар агенттигине маалымдашынча, бул кылмыштуу окуянын эч бир эл аралык террорчу уюмдардын ишмердүүлүгү менен алакасы жок. “Бул – тек гана акылынан азган жалгыз кишинин кылган иши”, - деди алиги полиция өкүлү.

Камакка алынган жигиттин компютерин ачканда, андагы маалымат анын ашкере оңчул христиан фундаменталист экенине ишаара кылганын да полиция өкүлдөрү билдирди.

Норвегиянын өкмөт башчысы Йенс Столтенберг (Jens Stoltenberg). AP. 23.7.2011.
Норвегиянын өкмөт башчысы Йенс Столтенберг (Jens Stoltenberg) ишембиде Ослодо маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөдө ашкере оңчул топтор бар экенин айтты:

- Башка өлкөлөргө салыштырмалуу, Норвегияда ашынган оңчул экстремисттер менен башыбыз анча ооруган эмес деп айтаар элем.


Бирок бизде ушул сыяктуу анча-мынча топтор бар болчу. Алардын сары изине мурда далай эле түшкөнбүз. Полициябыз кээ бир ашынган оңчул экстремисттик топтор өлкөдө дагы эле бар экенинен, же болбосо, жок дегенде, Норвегияда ушул сыяктуу топтор болуп келгенинен кабардар
.

Премьер-министр Столтенберг эми полиция ушундай топтордун жума күнкү окуяларды уюштурууга тийешеси бар же жок экендигин кылдат иликтеп чыгышы керектигин баса белгиледи.

Норвегиядагы аткылоо – өлкө тарыхындагы өтө кайгылуу окуялардан болуп калды. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Норвегия мындай ири жоготууга учурай элек эле.

Ал эми Батыш Европага келсек, 2004-жылы Испаниянын ордо шаары Мадриддеги 191 кишинин өмүрүн алган поезддеги жардыруу окуясынан бери мынчалык ири каргашалуу окуя чөлкөмдө боло элек болчу.

XS
SM
MD
LG