Линктер

дүйшөмбү, 23-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:02

Ат-Башыдан чыккан икая


Муса Мураталиев - кош тилдүү жазуучу. Жеке адамдын тагдырын, психологиялык толгонууларын кылдат иликтеген анын кара сөз туундулары дүйнөнүн бир топ тилдерине которулуп, улут адабиятынын арымын кеңейтүүдө.

Бүгүн биз автордун «Азыркынын жомоктору» деген аталышта жарыяланган кыргызча баяндары тууралуу кеп кылабыз.

Чеч-Дөбөнүн балдары

Адабий чыгарма десе калтырбай окуй берчү бала кезде Муса Мураталиевдин «Токой» деген баянын окуганым эсимде. Жазуучунун психологиялык деталдарга басым жасашы ошондо эле сезилип, окуянын өнүгүшү, конфликттин чечилиши көнүмүш ыргактан башкача өңүттөн чечмеленген. Социализм заманында Муса Мураталиевдин айрым чыгармаларынан идеялык ката табышып, адабий жыйындарда авторунун дарегине кылапат көп айтылды. Анын баары жазуучунун чыгармачылык багытын өзгөртө алган жок, Мураталиев турмуш көрүнүшүн жылмалабай, катаал реалисттик сүрөттөөдөн четтебеди. Мына ушул касиет-сапаттар анын кийинки жылдары жазылган «Отко таазим», «Буркан менен Мария», «Мигранттар сели» үчилтигинде өзгөчө көрүндү.

Кайсы бир деңгээлде адабий конушка айланып калган Чеч-Дөбөнүн балдары жашоо-турмуштун айынан жер кезип, чет жерде кандай азап-тозокторго туш келгени, бүтүндөй бир улуттун трагедиясына айланган мусапырдык турмуштун түпкүрдө катылган ыплас, балит жашоосун, баарына кайыл болуп, качандыр бир кезде тууган жерине кайтарына үмүт артып жашап аткан улутташтарыбыздын жаңы кылымдагы драмасын Муса Мураталиев кемелине келтире сүрөттөп берди. Үчилтиктин орус тилинде Москвадан чыгышынан, баштагы маданий байланыш-катыштардын азайып кетишинен улам Муса Мураталиевдин кызыктуу чыгармасы мекенинде кепке алынбай калды.

Ал эми жазуучунун «азыркы жомоктору» автору тарабынан кыргызчаланып мындан төрт жыл илгери «Ала-Тоо» журналында жарыяланган.

Муса Мураталиевдин адабиятка жаңыдан баш багып жаткан кезиндеги аңгемелеринин катарында эмнеликтен «жомокторуна» назар оодарып атышыбыздын себеп-жөнүнө токтоло кетсем. «Азыркынын жомоктору» - учурдагы кыргыз коому башынан кечирип аткан көйгөйлөрдү, драма, трагедияларды өтмө мааниде баяндаган дидактикалык чыгармалар. Байлык менен бийликтин адилеттик деген акыйкатчыл күчтүн ортосундагы түгөнбөс күрөш алдыңкы планга чыгат.

«Биринчи жомокту шумер жазуучулары ойлоп табышат. Асман менен тең кудайды Деңир (Теңир) деп аташат. Ал жомок байыркы Чыгыш элдерине таркап, Азияны дээрлик кучагына алат. Ойдуң талаа, түз, Ала-Тоо, Кара-Тоо, Теңир-Тоо, Алай, Алтай коюнунда жашаган элдерге ошол эле ат менен Кудай деген түшүнүктө таркайт. Заман өзгөргөн сайын анын улам башка үлгүлөрү жаралат», - деп жазат автор жаңы жомоктордун башында.

Өзгөргөн замандын жомоктору кандай? Адамзат эчен кылым арытып аныгына жете албай келаткан акыйкат кайда? Ал башынан эчендерди өткөргөн карынын же бийлик тизгинин бекем мыкчып отурган кандын акыл-эсинде эмес экен. Кадимки Толубай сынчы баянынын бир өңүтү мына ушул акыйкатты аңдап билүүдө жатыптыр, көрсө ал бүтпөгөн талаштын тамырын табуу экен. Муса Мураталиевдин «Ат-Башы» икаясы ушулар тууралуу. Окуя кайсы бир саяпкердин ичер суусу түгөнүп, жашоо-турмушу аягына чыгып бараткан кезинен башталат. Өнөрүнүн арты менен өлүү дүйнөнү аябай жыйнап, тиги дүйнөгө алып кете албас байлыгын баласына калтырып жатып ал эсепсиз мүлктү кармап турган кутту колдон учурбашын катуу табыштайт. «Чаар бээни колуңан чыгарба, сай аргымак туучу мал ошол!» – деп жатып үзүлөт.

Атанын малы - чатанын малы, непадам уулу эстүү чыкса өзүнө чейин кашыктап чогулткан атанын дүйнөсүнүн учугун улап, дагы көбөйтүп, калтырып кеткен керээзин аткарат. Ал эми андайга акылы жетпесечи? Атасынын сөзүн эки кылбаган уулу жыл өткөрүп атасына аш берип, төлгө кылып Чаар бээни байгеге кошот. Күлүк чабышта ат озум алдыда келген бээнин жылдызы жанып, аны уурдап алсам дегендер арбыйт. Жылкы уурулук ал кезде айың иш болбой, колунда каруусу бар азаматтардын эрмеги эле.

Уурдалган бээнин уу-дуусу

Тулпар тууй турган Чаар бээни ээси жашырын жерге чыгарып, уурдап кетишпесин деп дайыма акмалап турат. Аңдыган ууру алмайын койбойт экен, бир күнү ээси бээлерин чыгарып ийген төрдөн «асканын ташын кулаткан эчки-теке, аркары, тоо жаңырта ышкырык аткан улары менен асманды кайтарган кузгундан башка эч нерсе көрбөй» маанайы чөгүп үйүнө кайтат. Качан уурдалып кетет деп чочулап аткан куттуу малын ууру алып кеткен экен. Калган малы бир тең - Чаар бээ бир тең. Ансыз жайытка батпаган малынын пайдасы жок. Ээсине дем берип, жашоо-турмушун алдыга сүрөп турган кутунан ажыраган жигит «Чаар бээни таппайын келбейм» деп алыс жолго аттанат.

«Ала-Тоо, эки Алай, Кашкар-Тоо - бүт кыдырат. Жогун андан таппаганда Саян, Орол-Тоо, Алтай, Памир коюнунан бир да кокту-колот калтырбай баарын кыдырат. Ал жактан да жолу болбогондо Кан-Теңирини тегеренип, Ала-Мышыкты арытып Чеч-Дөбөгө түшөт. Бир айылда чүкө ойноп аткан балдар арасынан суурулуп бир боз бала Торунун астын утурлап басат:

– Минген атыңыз Чаар бээнин тукуму экен, – деп Торунун атын улам бир капталына чыгып карайт. – Сай аргымак көзүн көрүп калган бактылуу киши турбайсызбы!

– Капырай! – деп Тору айран-таң калат. – Чаар бээни жоготкон мен болом, «аны билемин» деген сен болдуң. Чаар бээ азыр кайда?

– Аргымактын куу башы бар, өзү жок.

Тору атын моюнга чаап, бастырып канга барат. Уккан-көргөнүн айтат».

Жоголгон бээнин дайыны табылганы менен чунак бала адам укпас шумдукту айтып отурбайбы. Өз айтымында ал бала жок болгон чаар бээнин куу башын көрүптүр, андай болгондо Тору издеген мал ошол чаар бээнин кулуну болуп чыгат. Уккан кишини айран калтырчу сөз ушул. Кайыптан жаралган куттуу бээнин уругу кайдан экенин жылкы ээси билчү эмес, саяпкер атасы аны уулуна айтпай кеткен. Эчен жыл катылып келген акыйкат эми минтип кайсы бир чыт курсактын оозунан чыгып, күлүк ээси менен канды таң калтырып отурат. Болгон ишти акылга салып чечкен кан табышмактуу иштин аныгына жетерин ырастап, Торуну мал издөөсүн азыноолок токтото турууну табыштайт. Ошо маалда кызып аткан кырман басуудагы элди жумуштан алаксытпай, ороолор эгинге толуп, дыйкандар аяк-башын жыйнаган чакта болгон иштин аныгына жетебиз деп Чаар бээнин ээсин токтотуп коёт.

Акыры эгин жыйналып, элдин колу бошоп, күзгү оюн-зоок, сайрандар башталган чакта Чаар бээнин дайынын билүүгө эл чогулат. Адам укпас шумдукту айткан баланы алып келишет. «Алтын тактуу түркүгү күмүш кең чатырдын ичинде кырк уруудан кырк манап, канчалаган бай, оозунда кеби бар ак сакал, көк сакал, кара сакал уй мүйүз тарта катарма катар олтурушат».

Акыйкат ушул жерде айтылып, баасын алышы керек. Аны билген кичинекей баланын кебине дуулдаган көпчүлүк ишенер бекен? Эл арасын буга чейин уу-дуу кеп аралап, бири билип, башкасы билбей, Чаар бээ тууралуу кеп желдей тарап кеткен. Каргадай баланы кандын өзү сурак кылып, жыйылган көпчүлүк кулак түруп турган кез. Баланын аты Толубай экен. Борбуюн көтөрүп алган өспүрүм деле аалам сырын аңдай алган акылмандын оюна келбеген шумдукту алдыга жайып атпайбы.

Муну кыргыз «жүгү өгүз белинде турганы менен дымагы төө белинде турат» дейт.

Уурдалган бээ уурунун жашырын жеринде байланып турса Толубай бала «Чаар бээнин куу башын көрдүм» деп бейкапар элди элеңдетип отурат. Кандын: «Чаар бээники деп сага ким айтты?» – деген тике суроосуна Толубай: « – Жүрөгүм менен сездим», - дейт.

Кандын жанында отургандар Чаар бээни уурдап келген шумпай аркандап койгонун айтышкан. Толубай «Чаар бээнин куураган башы коктуда күлдө жатат»,- дейт. Кызык абал түзүлөт. Кандын жанында сый төрдө отурган саяпкерлер Чаар бээ аркандалуу турганын ырасташса, тестиер бала алдыга жайган акыйкатын кайдан алганын айта албайт. « – Билбейм, - дейт Толубай».

Кимдин сөзүнө ишенерин билбей, эки анжы отуруп калган көпчүлүк алдында Толубай сынчы жайылган жылкылар арасынан Чаар бээнин тукумун чыгарып беришин өтүнөт. Бул сунушка кан макул болот. Эл арасынан саяпкерлер көрсөткөн чаар бээнин кулундарын айдап келүүнү буюрат.

«Күн төбөдөн оой күтүрөгөн жылкы добушу ок атымга жаңырып каада өтүп аткан жердеги эл алдынан төлүй чаар жылкы убай-чубай өтө баштайт. Саяпкерлер тапкан жылкы баласы жалаң чаар же ала болот. Ошондуктан эл анын баарын «Чаар бээнин тукуму тура» деп кабылдашат. Сынак эки күнгө созулат. Чубатууга салынган кулун, тай, кунан, байтал, бышты, жаңы асый, бир асый, эки асый, үч асый, бээ же айгыр, ат же чобур ат кан баштаган эл алдынан дайрадай агып турат. Саяпкерлер улам бир жылкыны камчысынын сабы менен көрсөтүп канга баяндама беришет».

Бул жыйында Толубай жок болчу. Саяпкерлердин бири Чаар бээни жети күндүк алыстан уурдап алган киши ушу тапта аны аркандап багып атканын, бээ тирүү экенин билдирет. Чаар бээнин баш сөөгүн көрсөткөн Толубай ушу «турган жылкы арасынан Чаар бээден тараган жаныбарлар азыр бир жышаан» бере турганын билдирет. Толубай ат бастырып бөлүнүп чыкканда чаар бээнин тукумдары аны ээрчип, калгандары турган жеринде калышат.

«Жаш саяпкер түмөн ала жылкыны кумдай чууртуп ээрчитип барып, куураган баш табылган күлү додо кабакка жетип токтойт. Селдей каптап келген ала мал ошол жердеги айылды үч айланта тегеректеп курчай токтойт. Айылды бууп курчап алган жаныбарлар бышкырып, ичин тартып, кошкурук атып тынып турушат. Толубай куу башты жерге кынаптап көөмп өйдө болгуча жер жайнаган ала жаныбарлар ошол жерде тура беришет.

«Элде саяпкер туулду» деген жакшы аңырт таркайт. Карылар кайрадан: «Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол!» – деп балдарына насаат айтчу болот».

​Толубай сынчы тууралуу ар кыл вариантта айтылган аңыз кептердин баарынын тамыры бир. Өзү билген, чындап ишенген акыйкаты үчүн карегин садагага чапкан улуу өнөр ээси тууралуу айтылган аңыз кеп заман оошуп, кылым алмашканы менен сырынан да, сынынан да кетпей, улам жаңы муун сүрөткерлерди өзүнө тартып, жаңы идеялар менен шөкөттөлүп жаңырып чыгууда.

Аңгеме жанрындагы Толубай сынчы темасы буга чейин Райкан Шүкүрбековдун, Кубатбек Жусубалиевдин, поэма жанрында Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына дем берип, шыктантканы кеп болгон. Муса Мураталиев «Азыркынын жомокторунда» бүгүнкү кыргыз коому туш келген адеп-ыймандык проблемаларды козгоп, нукуралык менен жасалмалуулуктун байыртан келаткан талашынын себеп-жагдайын көркөм иликтөөгө алган. Жазуучунун башка икаяларында да ушул эле идея өз алдынча өнүктүрүлүп, көркөм жалпылоого көтөрүлгөн. Ал эми андагы өзөк идея – нукура өнөр ээсинин бийиктиги, акыйкаттык алдында кандан-бектен кайра тартпас көк жалдыгы жогоруда кепке алынган баянда кыска, бирок нуска баяндалган.

Муса Мураталиев - элибиздин өткөнү менен бүгүнкүсүн өтмө катар байланышта чагылдырган сүрөткер. Жазуучунун «Мусакундун өмүрү», «Сары кар», «Май айынын күкүгү» сындуу романдарында кыргыз эли өткөн кылымда башынан кечирген олуттуу тарыхый окуялар чагылдырылган. Ал эми кеп башында айтылган мигранттар турмушуна арналган үчилтик Муса Мураталиевдин көркөм масштабы, эпикалык арымы дагы кеңейгенин ырастайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG