Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Новосибирскиде «Тамерлан» камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Новосибирскиде базарда соода кылган борбор азиялыктарды опузалаган деген айып менен Абдирашид Ахмедов 7-декабрга чейин камакка алынды.

Новосибирск шаарынын борбордук соту базарда соода кылган борбор азиялыктарды опузалаган деген айып менен 31 жаштагы орусиялык Абдирашид Ахмедовду эки айга камакка алды.

Тергөөнүн божомолуна караганда «Тамерлан» деген лакап аты бар Ахмедов өзүнчө топ түзүп, Хилокский базарында жашылча-жемиш саткан борбор азиялыктарды коркутуп акча өндүрүп жүргөн. Ал буга чейин бирөөнүн менчик мүлкүн тартып алуу, мыйзамсыз ээлик кылуу үчүн айыпталып, түрмөдө отуруп чыккан.

Тергөөнүн жүрүшүнчө 7-декабрга чейин камакта калтырылган Ахмедов өзүнө коюлган айыптарды моюнга алган эмес.

Жергиликтүү басылмаларда «тамерланчылар» базардагы соодагерлерден тышкары Казакстандан жүк ташыгандардан да «салык жыйнап» турганын баяндалат. Айрым маалыматтарда «тамерланчылар» Сибирдеги ири уюшкан кылмыштуу топтун бир бутагы гана болгону жазылып жүрөт.

Абдирашид Ахмедовго Новосибирскиде жашылча-жемишти дүңүнөн саткан ООО «Тамерлан» фирмасы катталганын аныкталган. Бул жеке ишкана өкмөттүк келишимдердин негизинде Орусиянын ИИМдин облустук башкармалыгын, райондук ооруканалар менен Новосибирскинин мэриясын жашылча-жемиш менен камсыз кылып келгени ачыкка чыгууда.

Өзүнүн атынын жашыруун калтырууну өтүнгөн Новосибирскидеги кыргыз диаспорасынын өкүлү «тамерланчылардын» арасында кыргызстандыктар бар экенин айтат:

30дай кишиси бар. Ар бир улуттан бирден «баканоозу» бар.


- Тамерлан Ташкенттен келген орус жигит деп угабыз. Жетим өсүп, балдар үйүндө чоңоюптур. Анан бул жакка келгенде түрмөдө да отуруп чыккан экен. Кийин эле өзбек, тажик, кыргыз жигиттерди тартып, өзүнө топ түзүп алган. Буюртма менен иштешет. Жалдап, акча берсе, өз кишилери менен барып, «ур» десе уруп, «тоно» десе тоноп келет. 30дай кишиси бар. Ар бир улуттан бирден «баканоозу» бар. 3-4 жылдан бери бар. Былтыр тобуна кирип алган эки кыргыз жигит бир кафеде мушташ болуп, ошондон кийин соттолуп кетишкен. Полиция булардын артынан эле жүргөн.

Новосибирскиде кыргызстандыктар катышкан жапырт мушташ Хилокский базарынын жанында 7-октябрда болгон. Анда автомат, тапанча менен үч машинеде келген уюшкан топтун 12 мүчөсүнө каршы базарда иштеген жүздөй борбор азиялык таш, союл көтөрүп чыккан.

Жергиликтүү басылмалар мушташка кеминде 200дөй киши аралашканын, ок атылганын кабарлашкан. Желим ок тийген беш кишинин экөө ооруканага жаткырылган.

Мушташтан кийин полиция 200дөй мигрантты текшерип, 30 адам кармалган. Учурда 11 мигрант Орусиядан депортациялоонун алдында турат.

Калайман мушташ боюнча «Бейбаштык» жана «Опузалоо» беренелери менен кылмыш иштери козголгон.

Новосибирск шаарындагы Хилокский базарында 200дөй кыргызстандык соода кылат. Ал эми бул жерде жашап иштеген кыргызстандыктардын саны 60 миңге жакын.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG