Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууда Стратегиялык келишим, кендеги өндүрүштүк көрсөткүчтүн көбөйүшү талкууланды. Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 9 айында ишкана 9,5 тонна алтын өндүрсө, 2019-жылдын 9 айында 14,04 тоннаны түздү. Жыл аягына чейин алтын өндүрүүнү 18,2 тоннага чейин жеткирүү болжолдонуп жатканы айтылды.
Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын «Кыргызалтын» ишканасына дивиденддерди милдеттүү түрдө төлөө маселесин дагы бир сыйра көтөрдү. Тараптар кызматташтыктын маанилүү багыттарын талкуулашты.
Скотт Перри «Centerra Gold Inc.» компаниясынын түзүмүндөгү Кумтөр кени маанилүү экенин белгилеп, кыргыз тарап көтөргөн маселелер компаниянын директорлор кеңешинин кароосуна киргизилерин билдирди. (TSh)