Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Пак: Өспүрүмдөр фантастиканы жакшы көрөт


Ольга Пак.
Ольга Пак.

Жаш жазуучу Ольга Пактын балдарга арналган кыргыз тилинде аңгемеси жарык көрдү. Менежерлик кесипти аркалаган Ольга учурда бала менен үйдө отурат. Ал эки жылдан бери балдар адабияты, фантастика жанрындагы китептерди жазуу менен алек.

Бишкектин 26 жаштагы тургуну Ольга Пак жеке менчик ишканада менежердин милдетин аркалаган. Эки жылдан бери үйдө баласы менен алек болуп, бош убактысын жазуучулукка арнап жаткан чагы:

- Бала кезимен бери жазганга кызыгам. Мектепте окуп жүргөндө баяндама, ыр жазчумун. Көп китеп окуган адамдын мээсинде ар кандай элестер, көрүнүштөр пайда боло берет экен. Аларды кагаз бетине түшүргүң келет. Мурда иштен кийинки убакта жазчумун. Азыр бала менен үйдө отурам. Бош убакыт тапсам эле калем кармайм.

Ольга Пак чыгармаларын орус тилинде жазат. Котормочунун жардамы менен жакында эле кыргыз тилиндеги чыгармасы жарык көрдү. Анын "Эмне үчүн Бодон булут качты?" аңгемеси балдарды чынчыл болууга үндөйт.

Аңгемеде Бо аттуу каарман убадасын аткарбаганы үчүн булут андан качып кеткени баяндалат:

"Бо эртең менен туруп, сүйүктүү булуту жок экенин көрүп, капаланат. Жолдон заңгыраган күн сарайынан учуп баратып: "Күн! Күн! менин булутум каякка кеткенин көрдүңбү?" деп сурады.

"Эмне үчүн Бодон булут качты?" аңгемеси.
"Эмне үчүн Бодон булут качты?" аңгемеси.

​- Бо - менин жолдошум. Аты Борис, эркелетип Бо деп чакырам. Мен жазган аңгемеде Бо ката кетирип, аны оңдоо үчүн болгон аракетин жумшайт. Экинчи сериясында "Бо канткенде күлөт?" деген темада жазгам. Жаш окурманга Бонун окуялары жомок түрүндө баяндалат.

Ольга Пактын аңгемелери мектеп курагына чейинки балдарга арналган. Автор учурда "Кутаалам" басмаканасы менен иштешип жатат. Биринчи китеби миң нуска менен чыгып, балдар менен иштеген уюмдарга жана аймактардагы мектептерге таратылды.

Соңку учурда балдарга арналган китептер көп чыгып жатканы байкалат. Бирок Ольганын айтымында, балдар китебин жазууда атайын стандарттарды эске алуу керек:

- Балдардын тилин табуу оңой эмес. Аларга арналган аңгемелердин атайын стандарты бар. Мисалы, мектепке чейинки балдар үчүн аңгемелерде сүйлөм үч сөздөн ашпашы керек. Балдар эмоциясын ачык билдирет. Алар чын дилинен күлүп, ыйлап же сарсанаа болот. Ошондуктан жомоктун баш каарманы аларга жагышы керек. Балдар аңгемесинде жазуу стилинен сырткары сүрөтчүнүн да милдети чоң. Ал балдарды кызыктыра турган кооз, ачык түстөгү сүрөттөрдү тартышы керек. Жазуучу сүрөтчүгө идея бериши керек. Мисалы, менин балам 1,5 жашта. Ал жомок окуп берсем укпайт. Бирок китептеги сүрөттөргө аябай кызыгат.

Ольга Пак классикалык адабияттын күйөрманы. Бирок ал фантастика жанрында жазганды жактырат. Пактын балдарга арналган аңгемелеринен сырткары эл аралык интернет басылмаларында фантастика жанрындагы китептери сатыкка чыккан. Анын "Түбөлүктүн доору", "Стратомирен и А-Лион: Асманга карай умтулганда" аттуу китептери Украина, Орусиядан өз окурмандарын тапкан:

"Эра вечности" китеби.
"Эра вечности" китеби.

- Фантастика жанры мага абдан жагат. Мында оюңду каалагандай билдирсең болот. Мындай жанрдагы китептерди көбүнчө өспүрүмдөр, жаштар жакшы көрөт. Мен өз эмгегимди жазуу үчүн 1,5 жылдан бир жылга чейин убакыт жумшагам. Бири былтыр фантастика жанрында жазган жазуучулар арасында Киевде өткөн сынакта үчүнчү орунду ээлеген. Бул мага кадимкидей дем берди. Ал китептерде галактика, башка планетадагы жашоо тууралуу сөз болот.

Жаш жазуучу Ольга Пак эмгектери үчүн жарытарлык акча албайт. Ага карабай ал жазуучулук өнөрүн өркүндөтүп, изденүү үстүндө жүргөн кези. "Бо" жөнүндө аңгемелери канча серияда басылып чыгары белгисиз. Ушул тапта жаш жазуучу анын үчүнчү сериясын жазып жатканын айтты. Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жылына балдарга арналган эки жүздөй китеп басылып чыгат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG