Сөз эркиндигинин абалы: Олжобай Шакирге жеткен берене
24-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту жазуучу, публицист Олжобай Шакирди эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Буга УКМК "массалык башаламандыкка чакырууга” беренеси менен кылмыш иши козгогону себеп болгон. Олжобай Шакир бийликти бир катар аракеттерин кескин сындап, сөз эркиндиги жана жарандык коомго басым күчөгөнүн айтып келген. Жазуучунун камалышын сөз эркиндигине кысым катары баалагандар, ошол эле маалда Олжобай Шакир ашыкча кетти дегендер да бар. Негизи эле Олжобай Шакир “Массалык башаламандыктар” беренеси менен камалган биринчи киши эмес. Буга чейин аталган берене бир топ саясатчы, активисттердин эркиндигин чектеген. “Эксперттер талдайт" берүүсүнүн бул чыгарылышында Олжобай Шакир сыяктуу ар кандай билдирүүсү үчүн камалгандарды талкуу кылабыз.
Чыгарылыштар
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?
-
Март 16, 2026Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды