Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Өмүрүмө дагы эки күндүк өмүр кош...


Иллюстрация сүрөт. Пабло Пикассо тарткан (1903) сүрөт.
Иллюстрация сүрөт. Пабло Пикассо тарткан (1903) сүрөт.

Совет заманындагы саналуу классиктердин топ башында грузин жазуучусу Нодар Думбадзе турчу. Анын жумшак юморго ширелген кара сөз чыгармаларында балалыгы согуш учуруна туш келген муундун армандуу турмушу сүрөттөлгөн. Бул ирет сүрөткердин “Кан” деген аңгемесин чогуу окуйбуз.

Тентек небере, сүйлөөк​ таяне

Атасы менен апасынан муштумдай кезинде ажырап калган тестиер таянесинин колуна түшкөн. Тифлистин шаардык турмушунан ажырап, айласыздан айылга келген балага баары бир болчу. Керелден кечке өзү курдуу мадырабаштар менен суудан чыкпай, ал жерде деле жарыган бирдеме жок, эптеп убакыт өткөрмөй эле. Бала итбалык кармоонун ыгын таап алган. Чаң менен ылай кечип, чор баскан таманы чөңөрдү деле сезбей тердеп-кургап жүргөн кезинде таянеси өсүп кеткен чачын алдыртып аткан. Булардын үйүнө келген карыянын өңү жакын сезилип, аны атасына окшоштуруп жатты. Таянеси кеп укпаган небересин чоң атасына бериш үчүн чакырткан экен. Баланын тентектигин айтып отурса кеп узактан узакка созулуп кетчүдөй.

Кишварди чоң атасы таянеси Юлиянын арызын өзгөчө бир ынтаа менен угуп жатты. Тентектиги ашкан небереси чоң дарбызды кудукка таштап ийген экен, ошондон бери таянеси “компот” ичип калышканын жашырбады.

Чоң атасы эмне демек, бейбаш небересин Гурияга алып барып, шоктоно турган болсо тирсегинен асып саларын айтты. Таянеси булардын география мугалими Датико Чвераванын шабдаалысын уурдашканын, аны тамекиге алмаштырып чегип жүрушкөнүн айтты. Баарынан да үйдөгү жүгөрүнү тегирменге тарттырып алып келгени жөнөтсө, жээрге наны жок экен деп “кудай аткан Валико Кухалашвилинин куу тумшуктарына” таштап баса бериптир. Байкуш кемпирдин муну теске саларга шарты да, каалоосу да жок экен, чоң атасы эртерээк алып кетсин деди.

“– Эмне үчүн...Куткарып калса болот балээден, албетте болот, бирок менде ырп этер дарман калбады... Буга кол керек, кол болгондо да эңгезердей эркектин күчтүү колу керек! Мындан башка менин мойнумда кокуйдун үстүнө чыкый болуп, Коли баламдын Зураб, Вахтанг деген эки айбаны отурат. Бирок ал экөө будан тазараак. Жайлоодон түшкөндө көрөсүң го.

– Мда-а-а... Сизге эмне десем, урматтуу Юлия!.. Бунун ата-энеси тирүү кезинде мени буга жакын жолотчу эмес эле... Эми мен эмне кылайын. Кантип буну өзүмө үйүр кылып, бунун жүрөгүн кантип жылытам? Түшүнүп жатасызбы, мен ага башка, бөлөкмүн. Жатмын!..

– Андай дебеңиз, андай дебеңиз урматтуу Кишварди! Бул эркектана эмеспи, эркек менен эркектин тил таап кетиши бат эмеспи... Анын үстүнө бул сиздин урук, сиздин тукум уларыңыз...

– Ал жагы чын дечи... Бунун окуусу кандай, урматтуу Юлия?

– Мм!.. Өзүнүн мугалиминин шабдалысын уурдап, "Декамерон" деген ыплас китеп үчүн өз чоң энесинин күмүш кашыктарын саткан баланын кайсы оңгон окуусу болсун, урматтуу Кишварди!

– Эй, бала, ушул чынбы? Болду! Алып кетем буну Гурияга, анан тирсегинен чынарга асып коём!

– Мына, карагылачы, канчадан бери бу экөөбүз тытынып жатабыз ушун үчүн, а буну кара, чымын чаккандай болгон жок! Бир кулагынан кирген сөз, бир кулагынан чыгып туру. Кызармак кайда буга!”.

Кемпир өтө эле көп сөз айтты. Баланын болсо сүйлөөк таянесинен кеткиси жок эле. Сонун айыл, ойной турган балдар бар, кенен жер, уурулук десе уурулук кылып, сайга түшүп каалаганча ойноп, эч ким аны кой-ай дебей жыргап жүрчү. Анан чоң атаң деп атасына окшош киши келип атпайбы. Таянеси жибербей эле койсо болмок. Кемпир жебиреп небересинин кылыктарын санап атты, кудасы болсо аны ынтаа менен угуп, эки сөзүнүн бири “тирсегинен асып салам” болду. Балада сөз жок, эки карынын бирин-бири жөлөп, коштоп небереси тууралуу сүйлөшүп атканын сырттан бирөө угуп калса бул бала эмес эле балээ тура деши мүмкүн болчу.

Жолдон шам-шум эткени бирдеме алышарын айтып атасы менен небереси кетишке камданып калышты. Жуп чыгарында таянесе тамаша-чыны белгисиз: “Каеринен ассаң өзүң бил... Бирок кайра бул жакка жибере көрбө, көзүм көзүн көрбөсүн капырды!”,- деди. Көңүлү ушунчалык калган окшойт. Баланын документтерин да чалдын колуна карматты, небересинин атын туура эмес жазып салышканын, бу сөз укпаган тентектин аты-жөнү Иомджария Нодари деп жазылыш керектигин, кашайып метрика бергендер Ломджария Надири деп жазып коюшканын бежиреди. Надири деген грузин тилинде жырткыч дегенди түшүндүрөт, Юлия кемпирдин небереси тентек болгону менен жырткыч эмес го акыры.

“Кабыл алып кайра тапшырчу бул иш-чара 1938-жылдын августунун чакалай чак түшүндө Хони деген жерде, имеретендик таэнем – Назара Ломджария апамдын апасы, урматтуу Юлия Микеладзе менен гуриялык чоң атам – атамдын атасы урматтуу Кишварди Ломджария экөөнүн ортосунда болгон эле.
Анан саат өтүп өтпөй ошол бала, 1928-жылдын 14-июнунда Тбилиси шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн Нодар Ломджария, башын салаңдатып, басса чаңы сапырылып, таманды куйкалаган ысык көчөдө кудум мойнунан байлаткан торпоктой чоң атасынын артынан илкип баратты.

Хониден Кулашиге чейин чоң ата менен небере чапкан аттай тез барды, Кулашиден Самтредиага чейин линейкага отурушту. Шам-шум этип чай ичпей, шашылган бойдон чай чыгарчу фабриканын шалдыраган жүк ташычу машинасына түшүштү. Андан ары Интабуети айылын көздөй жөө-жалаңдап жөнөй беришти. Алдыда чоң ата, артында көлөкөдөй илмеңдеген небере. Карылыктын капшабына кабылган чоң ата жол ката какырынып-түкүрүнүп үшкүрүнөт, ой келди онтойт. Бетме-бет келаткан жолоочу көрүнө калса антпей калат, аны менен башын ийип ийилген таризде учураша узатып, караан көрүнбөй калгандан кийин кайра баштайт баягысын. Кээде ал үн-сөзү жок баланы карачу – минтип каржайып карыган бээ гана акыркы үмүтүмөн таптакыр ажырап калбайын деген тейде эч нерсени элебей ээндеп калып калган кулунун карайт.”

Ошол саратан ысыкта чоң атасынан артынан илкип келаткан бала аябай ойлонду, кыбыраган чалга карматпай орто жолдон качып кетсе деле болмок. Антпеди, чалдын атасына окшоштугуна таң калып, кандайдыр бир күч аны кармап туруп алды. Небересинин ойлонуп келатканын карыя да сезиптир.

“Айланайын, эмнени ойлоп баратасың?” деп сурады. Бала эчтекени ойлобогонун айтып унчукпай калды.

Чоң атанын деми

Грузиядагы айылдардын бири.
Грузиядагы айылдардын бири.

Ошол жолдо атасы Нодардын 1928-жылы төрөлгөнүн, азыр 1938-жыл экенин, тентеги онго чыгып калганын манжаларын ачып-жуумп эсептеп чыкты. Бала чоң атасынын жүзүн тарам-тарам бырыш басып, бүкүрөйүп калганына өзү күнөөлүдөн бетер ойлонуп келатты. Көп деле убакыт өтпөдү окшойт, бир күнү булардыкына таянеси келиптир.

Нодардын сулуу апасы – Юлия кмпирдин кызы түшүнө көп киргенин, байкуш кемпирди бут бастырбай ээрчип алганын айтып кирди. Небересин чоң атасына берип салганына апасы нааразы болуп, кемпирди уяткарган окшойт. Бежилдеп жатып небересин жөнөтүп алып үйүндө аңгырап бош калганын, кызы түшүнө киргенде апасына аябай таарынганын, эми аны жазыш үчүн небересин алып кеткени атайы келгенин айтты. Чоң атасы деле макул болбоду, кудагыйынын колунда дагы эки баласы бардыгын, а бул Нодар чал өлгөндө анын тукумун улоочусу экенин, анан жаза тайып күнү бүтүп уулу менен келини жакка барып калса тиги дүйнөдөгүлөргө эмне деп айтарын билдирди.

Чал менен кемпир көпкө талашты, бала чоң атасына көнүп, бул жерден кеткиси келбей турган, аны деле эске алышпады. Тентек Нодар чоң атасыныкына келгенден кийин деле шоктугун койбогонун, буюрса жакында жибек курттун айлыгын аларын, ошол акчага небересин чыштай кийинтерин мактаныч менен кеп кылды. Кемпир да бош келбей кудасынын алдында чөгөлөп жалдырап небересин сурады, “бул деле менин каным” деди.

“Так ушундай кайым айтышкан катуу таймаш бир жыл өткөн соң гуриялык чоң атам менен имеретиндик таэнемдин ортосунда болуп өткөн. Бул кабыл алып кайра тапшырчу иш-чара эмес эле. Бул кайнаган эки кандын туйлашы, өксүгөн кош жүрөктүн ыйлашы болчу. Жана да теңирден тең жаралган, ээ-жаа бербес эки сүйүүнүн кыл чайнашы баланын баёо жүрөгүн заматта лакылдатып, заматта алкымын кыскан ызанын муштумдай түйүнү – бирде муздак тер чыпылдатып, бирде денесин куйкалап, анан тулку-боюн калтыраткан бойдон кайдадыр көкүрөк тушун ысытып жатты. Акыл жетпеген бир албуут күч кой-айга койбой баланы бирде таэнесин көздөй түртүп, бирде селдей серпилип келип кайра чоң атасы тарапка ыргытып турду. Бир нече жолу бала денесин найза жарып кеткендей чыдатпай чымыратып, сыздап ооруган ооруга тушукту. Абышка менен кемпирдин жүрөккө так салган таймашы канчага созулган сайын баланы коркуунун коогалуу сезими жүгөндөп, анан эмне болорун билбеген чар-жайыт ой тумчуктуруп баратты.

Кемпир туруп, баланын жанына барып, аны кучактай калды.

– Кубанычым менин, көзүмдүн нуру сенсиң, жүр мени менен алдыңа кетейин, өмүрүмө дагы эки күндүк өмүр кош каралдым!..

Кемпир балбалактап ыйлап жиберди, анын ысык жашы баланын башына тып-тып таамп турду. Ыйлап бүтүп жоолугунун учу менен көз жашын аарчып, баланы астейдил өз ыптасына тартты, бирок бала козголуп да койгон жок, каккан казыктай, тамыры жайылып жердин тээ терең түбүнө житип кеткен дарактай солк этпеди.”

Кемпирдин жалооруган бечара түрүн көрүп байкуш чал түтпөдү. Сагынам деди, картайып, кагжырап-шалдырап калган карынын небереси болуш кыйын экенин Нодардын кулагына куйду. Самтредиага чейин жылаңайлак эле барышын эскертти, кийип алса чарыгы айылга жетпей эле дал-далынан кетип болбой каларын боорукер абышка туюп турат. Айла жок, ичинен кан өтсө да сыртынан билгизбей небересин таянесине кошуп үйүнөн чыгарды.

Кемпирдин ыраазылыгында чек жок эле. Байкуш тентеги, ушунусу жанында жүрсө көңүлү жай, кызы да түшүнө кирбей, тапкан-ташыганын канынан жаралган небересине арнап, аны көргөн сайын кызы тирүү жүргөндөй демдүү жүрчү.

Баласын беришин берип алып абышка аябай жаман болду, үйүндө ээн калып, оюнун баары баланы бербеш керек эле дегенге такалып жатты. Кантип бербей коё алат, түтөгөн кемпирдин жалынычына туруштук бериш кыйын болбодубу.
Бир жума өтпөй артынан барып баланы алып келүүнү ойлоно баштады. Барат да, эч нерсе дебей баланы колунан жетелеп жолго түшөт. Эмдиги жума, ал күн, бул күн дебей эртең эртелеп жолго чыгууга камдана баштады. Таң батыраак атса экен. Ойго баткан чалдын жез казандагы суусу кайнарга жакын эшик шарт ачылып, босогодон арык баланын шылкыйган башы көрүндү. Мындай кубанычты ал күткөн эмес эле, канынан жаралган баласы чоң атасына келген экен. Келет деп күткөн, ушундай бир кубаныч болбодубу.

Жылуу сууга бутун жууган бала түн бир оокумда чоң атасынын жанына келип жатты.

“ - Байкуш чоң атам тоңуп калган турбайбы! – деп ойлоду небере.
- Кандай ысыксың! – деди ичинен чоң ата.
Бир аздан кийин чоң ата үн катты:

– Сени биякка ким алып келди, билесиңби?

– Жок!

– Анда мен сага айтып берейин: кан апкелди сени мага, билип кой! Кан деген улуу күч, чүрпөм!..

Бул түнү экөөнүн ортосунда мындан башка бир да сөз айтылбады. Эч нерсени ойлонушпады, эч нерсе жөнүндө сүйлөшпөдү.

Чоң атасын кучактап алган небере мемиреп бактылуу уктап жатты”.

Абышканын кубаныч-сүйүнүчүн ичине батырган мемиреген түн көшүлүп тынч эле.

Грузин классиги Нодар Думбадзенин терең психологиялык-философиялык аңгемесин кыргызчага Анатай Өмүрканов которгон.

Кыргыз окурманы грузин сүрөткердин “Мен, таянем, Илико менен Илларион”, “Айжарык түн”, “Чочулаба, апа!”, “Апакай туулар”, “Маңгилик мыйзамы”, “Кукарача”, “Күндү көрүп турам” сындуу роман, повесттерин, аңгемелерин билишет, алардын кыйласы кыргызчага таржымаланган.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG