Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Мунай өндүрүүчүлөр мунаса табышты


Сауд Арабиясынын энергетика министри Абдулазиз бин Салман ал-Сауд баштаган жетекчилер видеоконференция маалында. 10-апрель, 2020-жыл.
Сауд Арабиясынын энергетика министри Абдулазиз бин Салман ал-Сауд баштаган жетекчилер видеоконференция маалында. 10-апрель, 2020-жыл.

ОПЕК уюму, Орусия жана мунай экспорттогон башка мамлекеттер кара май өндүрүүнү азайтууга макул болушту. Ага ылайык, алдыдагы айларда бир күндө дүйнө жүзүндө өндүрүлгөн мунай дээрлик он пайызга кыскарат.

Сауд Арабиясы баштаган Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму (ОПЕК) жана Орусия сыяктуу башка кара май өндүрүүчүлөр бир нече күнгө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин акыры жекшембидеги видеоконференцияда мунаса табышты. ОПЕК+ деп аталган бул топко кирген 23 мамлекет май жана июнь айларында бир күндө өндүрүлгөн мунайдын көлөмүн 9,7 миллион баррелге же дээрлик 10% азайтууну макулдашты. Буга чейин мунай өндүрүүчүлөр мынчалык кескин чектөөгө бара элек болчу.

Мындай чечим дүйнөдө мунайдын арзандашын жана анын экономиканы аксаткан кесепетин алдын алыш үчүн кабыл алынды. Себеби дүйнө жүзүндө COVID-19 илдетине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам кара майга болгон суроо-талап дээрлик 30% азайып кеткен. Андыктан март айында Саудия мунайдын рыноктогу көлөмүн азайтууну сунуш кылып, бирок Орусия ага көнбөй койгон. Натыйжада кара майдын баасы 18 жыл ичиндеги эң төмөнкү чегине түшүп кетип, мындай жагдай орус рубли менен кошо кыргыз сомунун наркын жоготушуна да себеп болгон.

5-апрелде АКШ президенти Дональд Трамп Москва менен Эр-Риядды кепке келүүгө чакырып, антпесе кошумча тарифтер болорун эскерткен. Ал мунай экспорттоочулар акыры мунаса тапканын «Твиттер» аркылуу кубаттады.

АКШнын президенти Дональд Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп.

«ОПЕК+ тобу менен чоң мунай келишими түзүлдү. Бул Кошмо Штаттардын энергетика тармагында жүз миңдеген иш орундарын сактап калат. Мен Орусиянын президенти Путинди жана Сауд Арабиясынын падышасы Салманды куттуктайм. Мен жаңы эле алар менен сүйлөштүм. Бардыгы үчүн мыкты келишим», - деп жазды Трамп «Твиттердеги» барагына.

Келишимге ылайык, мунай экспорттоочу өлкөлөр 2022-жылдын апрель айына чейин кара май өндүрүшүн акырындык менен азайта турган болушту. Бир күн ичиндеги 9,7 миллион баррелдик чектөөнү камсыз кылыш үчүн мунай чыгаруучу мамлекеттер өндүрүштүн көлөмүнө жараша милдеттенме алышты. Мисалы, орус энергетика министри Александр Новактын айтымында, Орусия менен Саудия ар бири кара май өндүрүүнү күнүнө 2,5 миллион баррелге азайтышат.

ОПЕК+ тобуна кирген өлкөлөр жума күнү эле мунаса таап калганы белгилүү болгон. Бирок Мексика гана мунай өндүрүүнү 400 миң баррелге азайтууга макул болбой, кара майдын бир күндүк көлөмүн 100 миң баррелге гана азайта аларын билдирген. Жыйынтыгында Кошмо Штаттар Мексиканын ордуна мунай өндүрүшүн кемитүүгө макул болду.

Мексиканын президенти Андрес Мануэл Лопес Обрадор.
Мексиканын президенти Андрес Мануэл Лопес Обрадор.

«Президент Трамп АКШ Мексиканын ордуна мунай өндүрүшүн кошумча 250 миң баррелге азайта турганын айтты. Мунай өндүрүүнү кайра көбөйтүү көп чыгымды талап кылганы үчүн биз акырына чейин каршы турдук», - деп билдирди Мексиканын президенти Андрес Мануэл Лопес Обрадор.

Мындан тышкары ОПЕК+ тобуна кирбеген АКШ, Канада жана Бразилия сыяктуу бир катар мунай өндүрүүчүлөр да кара майдын бир күндүк көлөмүн 5 миллион баррелге азайтууну убада кылышты. Натыйжада, «Reuters» маалымат агентигинин эсеби боюнча, быйыл дүйнөдө мунай өндүрүүнүн көлөмү 20% чейин кемиши мүмкүн. ОПЕК+ өлкөлөрүнүн кийинки видеоконференциясы 2020-жылдын 10-июнунда өтөт.

Айтор, соңку мунасадан кийин дүйшөмбү күнү кара майдын баасы бир аз көтөрүлдү. Азияда «Brent» үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели дээрлик 4 пайызга өсүп, 32 доллар 71 центти түздү. АКШда өндүрүлгөн WTI мунайы 6,1 пайызга көтөрүлүп, бир баррели 24 доллар 15 центке жетти. Бирок эксперттер ОПЕК+ тобунун келишими коронавируска байланыштуу белгисиз жагдайдан улам олку-солку абалда турган финансы рыногун толук жоошута албаганын айтып жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG