Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:03

Оскар-2023: "Навальный" утту, Мишел Йео жеңишин энесине арнады


Мишел Йео
Мишел Йео

13-мартка караган түнү Лос-Анжелесте абройлуу “Оскар” киносыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

“Навальный” фильми “Эң мыкты даректүү тасма” категориясында утса, белгилүү актриса Мишел Йео бул киносыйлыкты алган биринчи азият тектүү актриса болуп калды.

"Ал чыныгы мааниде тайманбас адам"

Кремлдин кескин сынчысы катары таанылган Алексей Навальный жөнүндө канадалык режиссер Дэниел Роер тарткан фильмдин аты аталганда сыйлоо аземи өтүп жаткан “Долби” театрында көрөрмандардын алкышы жаңырды. Навальный өзү бул аземге катыша албады. Ал 2021-жылдын январь айынан бери Орусияда түрмөдө.

“Менин жолдошум чындыкты айтканы үчүн түрмөдө отурат”, - деди саясатчынын жубайы Юлия Лос-Анжелестеги салтанатта сүйлөгөн учурда.

Навальныйдын жакындары "Оскар" кечесинде.
Навальныйдын жакындары "Оскар" кечесинде.

"Навальный" фильминин бет ачары 2022-жылы январда болгон. Анда 2020-жылы орусиялык оппозиционердин уулануусу, Германиядагы дарылануусу, өз башынан өткөндөрдү иликтөөгө жасаган аракети жана Москвада камакка алынганы тартылган.

Тасма Американын CNN жана Британиянын BBC телеканалдарында көрсөтүлгөн. Орусияда жашагандарга көрсөтүлө элек. Фильм буга чейин да бир катар эл аралык сыйлыктарды жеңген.

"Оскар" сыйлыгы тапшырылган салттуу аземге режиссер менен бирге Алексей Навальныйдын жубайы Юлия, кызы Дарья жана уулу Захар катышты. Режиссер Дэниел Роер "Азаттыктын" орус кызматына маек бергенде Навальныйды "Ал чыныгы мааниде тайманбас адам" деп мүнөздөгөн. Орус оппозиционери азыр Владимир облусундагы Мелехово шаарчасында күчөтүлгөн тартиптеги абакта отурат.

"Эч качан чегинбегиле!"

Быйыл эң көп "Оскар" сыйлыгы режиссерлор Дэн Кван менен Дэниел Шайнерттин "Баары бүт жерде бир мезгилде" фильмине ыйгарылды. Бул картина "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер", "Эң мыкты оригиналдуу сценарий" өңдүү номинациялардын жеңүүчүсү болду. Ал эми башкы ролду аткарган Мишел Йео "Мыкты актриса" сыйлыгын утту.

Теги малайзиялык 60 жаштагы Мишел Йео "Оскардын" 95 жылдык тарыхында бул номинацияга татыктуу болгон алгачкы азият тектүү айым болду.

Мишел Йео "Оскар" статуэткасын көтөрүп баратат.
Мишел Йео "Оскар" статуэткасын көтөрүп баратат.

"Бул - бүгүнкү кечени көрүп отурган мага окшогон бардык балдар жана кыздар үчүн үмүттүн жана мүмкүнчүлүктөрдүн чырагы. Бул - чоң максаттар жана кыялдар орундалат дегендин далили. Айымдар, эч кимге “сенин дооруң бүттү” деп айтууга жол бербегиле! Эч качан чегинбегиле!" – деген Йео бул жеңишин улгайган энесине арнай турганын жар салды.

"Баары бүт жерде бир мезгилде" фильми АКШдагы иммигрант аялдын түйшүгү жана ааламдын табышмактуу күчү тууралуу баяндайт.

Брендан Фрейзер
Брендан Фрейзер

Режиссер Даррен Аронофскинин "Кит" фильминде ойногон 54 жаштагы Брендан Фрейзерге "Мыкты актер" сыйлыгы ыйгарылды. Бул тасма эң мыкты грим жана чач жасалгасы үчүн да "Оскарды" жеңип алды.

Немис режиссёру Эдвард Бергердин "Батыш фронтто өзгөрүү жок" фильми “Эң мыкты чет элдик тасма” деп табылды. Бул тасма ошондой эле "Эң мыкты оператордук иш", "Мыкты оригиналдуу музыка" жана "Мыкты продюсердик дизайн" номинацияларындагы сыйлыктарды жеңди.

Бул жылдын фавориттеринин бири, Жеймс Кэмерондун "Аватар. Суу жолу" фильми "Эң мыкты визуалдык эффекттер" үчүн сыйлыгына татыды.

Гильермо дель Торонун "Пиноккиосу" "Мыкты толук метраждуу анимациялык фильм" аталды. Индиялык Гонсалвес менен Гутит Монгинин "Пил сүйүүчүлөр" картинасы "Мыкты кыска метраждуу фильм" деп табылды.

Америкалык киноиндустрияны өнүктүрүү максатында негизделген сыйлык 1940-жылдары "Оскар" деген аталышка ээ болгон. Сыйлык берүү аземи жыл сайын АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтөт. Иш-чара дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө көрсөтүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG