Линктер

жекшемби, 19-май, 2019 Бишкек убактысы 14:35

Отунбаев: Президенттин сөзү күтүүсүз болгон жок


Болот Отунбаев.

Москвадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Болот Отунбаев элчилик менен Орусиядагы консулдуктардын иши, өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

«Азаттык»: 19-декабрда өткөн жылдык маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине башка адам дайындаларын айтты. Мындай чечим сиз үчүн канчалык күтүүсүз болду?

Отунбаев: Мен үчүн бул күтүүсүз эмес. Мен бир жарым ай мурда мындай болорун билгем. Бир гана «мигранттардын нааразычылыгы үчүн кызматтан алынды» деген сөз туура эмес. Кээ бир массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери президенттин сөзүн бурмалап, коомго туура эмес берип жатышат. Президенттин өзүнүн сөзүн угуш керек.

«Азаттык»: Акыркы эки-үч айдан бери «Орусиядагы диаспора өкүлдөрү элчи Болот Отунбаевдин ишине нааразы» деген сурамжылоонун жыйынтыктары жарыяланып, маалымат каражаттарында макалалар жарык көрдү. Жакында эле Москвадагы укук коргоочунун элчиликтин ишине баа берген маеги да чыкты. Орусиядагы кыргыз коомчулугунун бир бөлүгү муну «атайын жасалган каралоо» десе, айрымдары «чындык бар» деп айтышууда. Сиз өзүңүз муну кандай баалайсыз?

Мен бир жарым ай мурда мындай болорун билгем. Бир гана «мигранттардын нааразычылыгы үчүн кызматтан алынды» деген сөз туура эмес.

Отунбаев: Мигранттардын же диаспоранын атынан айтылды деген сөздөргө мен калыс карайм. Элчилик мигранттар менен диаспорага дайыма эле жакшы боло албайт экен, бири жакшы бааласа, бир «жаман» дейт экен. Карапайым эл бул жакта кара жумушта, татаал шарттарда иштеп жатат. Өз тапканын Кыргызстанга жөнөтүп, өкмөттүн бюджетине салым кошууда. Бул абалды түшүнөбүз, баарына тараза болуп, бизге кайрылып келген жарандарга жакшы шарт түзүүгө болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшап жатабыз.

Бир мисал: мына быйыл жердештер суукта эшикте үшүбөсүн деп, консулдукта атайын имарат куруп, ичине 70 орундук алып, толук жабдып чыктык. Кезек талашпасын деп, электрондук кезек аппаратын койдук. «Консулдуктун кызматкерлери акча алып жатат» деген сөздөрдү токтотуш үчүн атайын банктын терминалын койдуруп, кызматкерлердин колуна накталай акча бербей, дароо төлөгөндөй кылдык. Консулдуктун ичи толук видеокөзөмөлдө, жарандарды тейлөө процесси толук тартылат.

Орусиядан башка 30дан ашык өлкөдө кыргыз элчиликтери бар. Тилекке каршы, азырынча бизде гана мындай системалар киргизилди. Мунун баарын биз өкмөттүн бюджетине кол салбай, ошол диаспорадагы ишкерлердин жардамы менен кылып жатабыз.

Консулдуктагы жарандар үчүн күтүү жайы.
Консулдуктагы жарандар үчүн күтүү жайы.

«Азаттык»: Сиз Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп 2016-жылы дайындалдыңыз эле. Ага чейин Сиз Германия жана башка Европа өлкөлөрүндө бир топ жыл элчи болуп иштегенсиз. Ал жакта биздин жарандардын саны бир кыйла аз. Москвада, анын тегерегинде эле 350-400 миңдей кыргызстандык мигрант эмгектенет. Мигранттардын суроо-талаптарын толук камсыз кылууга элчилик менен консулдуктун мүмкүнчүлүктөрү жетиштүүбү? Москвадагы элчилик менен консулдукта канча кызматкер иштейт?

Москвадагы консулдуктагы 14 кызматкер күн сайын 200 адамга чейин кабыл алып, айына 4 миңдей жаранга консулдук кызмат көрсөтөт. Дагы үч юрист жарандардын арыздары боюнча сотторго катышып, түрмөдөгү, убактылуу камактагы жарандардын укуктарын коргоп жүрүшөт.

Отунбаев: Батыш өлкөлөрүндө, Англияда, Италияда, Түркияда да жашап, иштеген кыргыз жарандары көбөйүп баратат. Мен Германияда үч жарым жыл элчи болуп иштедим. Бирок ал жакта виза алуу керек, көзөмөл күчтүү. Ал жакта мыйзамсыз жүргөн жарандарыбыз жок деп айтат элем. Ал өлкөлөргө билим алууга барган студенттерибиз көп.

Албетте, алар менен Орусияны салыштырууга болбойт. Орусияда азыр расмий 620-640 миң, Москвада 300 миңден ашык кыргызстандык бар. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн жүгү оор. Москвадагы консулдуктагы 14 кызматкер күн сайын 200 адамга чейин кабыл алып, айына 4 миңдей жаранга консулдук кызмат көрсөтөт. Дагы үч юрист жарандардын арыздары боюнча сотторго катышып, түрмөдөгү, убактылуу камактагы жарандардын укуктарын коргоп жүрүшөт. Мисалы, Москвадагы мигранттарды убактылуу кармаган Сахарово жайына элчиликтердин ичинен биз гана ай сайын барып, жарандарды мекенге кайтарууга керектүү документтерди ыкчам даярдап берип жатабыз.

Консулдукка кире бериште Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү өз күчү менен кеңсе куруп алды. Ал жакта төрт кызматкер кылмыштуулук боюнча иштеп жатат.

Буга кошумча Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүндө алты кызматкер, Якутияда, Хабаровскиде, Тюменде дагы үч өкүлү бар. Мунун баары - кыргыз диаспоранын сунушу, кыргыз өкмөтүнүн, Жогорку Кеңештеги депутаттардын колдоосу менен биздин жарандар үчүн жасалып жаткан иштер.

Мындан тышкары, Екатеринбург менен Новосибирскиде башкы консулдукта, Владивостокто, Красноярскиде, Санкт-Петербургда расмий бөлүмдөр иштейт, сегиз ардактуу консул бар. Муну менен Орусиянын бардык аймагын камтыдык десек да болот.

Кыргызстандын ИИМинин Москвадагы өкүлчүлүгү.
Кыргызстандын ИИМинин Москвадагы өкүлчүлүгү.

«Азаттык»: Орусияда кыргызстандык мигранттар канчалык деңгээлде мыйзамдашып, расмий иштей баштады деп айтууга болот? Жакында эле Орусияда кыргызстандык миграциялык мунапыс болуп өттү. Эмне үчүн бул мунапыс элчилик тарабынан эле жарыяланып, Орусиянын органдары тарабынан расмий кабарланбай калды?

Кыргызстандыктарга миграциялык мунапыс берилгенин уккандан кийин эми Тажикстан, Молдова да суранып жатат.

Отунбаев: Бул мунапыс президентибиз Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путинге бир эмес, эки жолу кайрылып, жеңилдик ошондон кийин берилди. Мен буга өзүм күбөмүн. Мунун баары биздин жарандар үчүн жасалып жаткан иш.

Мунапыстын жыйынтыгында Орусиянын расмий органдары 100 миңдей кыргызстандык миграциялык картасын жаңыртканын бизге билдирүүдө. «Кара тизмедеги» 70 миң жарандын 20 миңдейи чыгып калат деп күттүк элек, жеңилдик соттун чечими менен чыгарылгандарга каралбай калды. Орусиялык тарап бизге «кара тизмеден» 5 миңден ашуун жаран чыгарылганын кабарлады.

Бул мунапыс саясий чечим болду. Орусия тарап макулдугун бергенден кийин биз ошого да ыраазы болуп, маалымат каражаттары, диаспора аркылуу мигранттарга кабарлап, жеңилдиктерди колдонуп калганга аракет кылдык. Кыргызстандыктарга миграциялык мунапыс берилгенин уккандан кийин эми Тажикстан, Молдова да суранып жатат.

Азыр Орусиядагы кыргызстандыктардын 45 пайыздан ашууну расмий ишке орношуп, толук мыйзамдуу жүрөт. Албетте, кыйынчылыктар түгөнүп калган жок. Мигранттардын миграциялык каттоого туруу маселеси курч. Бирок, мурункуга салыштырмалуу Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында бир топ эле жеңилдик берилди. Мына, жакында эле «Замандаш» ассоциациясынын өкүлдөрү Москвадагы Казанский вокзалда коңшулардын жарандары кыргыз паспортун жасатып жатышканын айтып чыгышты. Өзбек, тажик жарандары кыргыздарга кандай жеңил болгонун көрүп жатышат да. Ошон үчүн ушундай кадамга барышууда.

«Азаттык»: Элчиликтин башкы милдети – бул эки өлкө ортосунда саясий-экономикалык, маданий, социалдык кызматташтыктарды күчөтүү. Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында Москва башкы өнөктөш болуп калды. Бул багытта кандай иштер жүргүзүлүүдө?

Отунбаев: Орусия менен Евразия Экономикалык Биримдигинен тышкары Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюму, КМШ, Бажы биримдиги сыяктуу бир катар маанилүү долбоор боюнча шериктешпиз. Мындай кызматташтык жогорку деңгээлдеги жолугушууларга кыргыз өкмөтүнүн да толук катышуусун талап кылат. Мындай жолугушуулар байма-бай өтүп жатат. Эми келерки жылы мартта Орусиянын президенти Владимир Путиндин расмий сапары күтүлүүдө.

Экономика жаатында Кыргызстандын тоо-кен, энергетика, айыл чарба тармагына инвестиция тартуу иштерин улантып жатабыз. Бир мисал, Орусиянын жардамы менен ЕАЭБдин алкагында Кыргызстанда логистикалык борборлорду куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биздин мекендештер өз өндүрүмүн азыр Орусияга алып келип, ортомчуларга өткөрүп берип, өздөрү сата албай жатышат. Орусиянын базарына өндүрүмдүн сапатын тастыктаган сертификаты бар, ири көлөмдөгү дүң өндүрүмү талап кылынат. Биз сүйлөшкөн инвесторлор деле алгач мындай логистикалык борборлорго каражат салуудан мурун товарлардын сапатын, көлөмүн, товарларды үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселелерин көтөрүп, кыргызстандык ишкерлер менен кызматташуудан мурун өкмөттүн кепилдигин да сурап жатышат.

Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинде Ч.Айтматовго арналган конференция.
Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинде Ч.Айтматовго арналган конференция.

Маданий иш-чараларга токтолсок, быйыл жыл башынан бери элчилик кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган 40тан ашык иш-чара өткөрдү. Ошондой эле кыргыз диаспорасы уюштурган иш-чараларга катыштык. Өзүңөр билгендей, Москвада 7-декабрда Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков өзү катышты. Орус калаасында Айтматовдун аты ыйгарылган бакчада айкелинин тургузулушу жогорку деңгээлде бааланууда. Андан тышкары Элдер достугу университетинде Айтматовдун аудиториясы ачылды. Өкмөткө ыраазычылык, аны оңдоо иштерине 500 миң сом бөлүп беришкен.

Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинде 15 жылдан бери кыргыз тил борбору иштейт. Анда орусиялыктар кыргыз тилин үйрөнүп, бүтүрүүчүлөрү Орусиянын Тышкы иштер министрлигинде, Бишкектеги элчиликте иштеп жатышат. Эми Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка өлкөлөрү боюнча институтунда да ушундай кыргыз тил борбору ачылууда. Бул кубанычтуу, сыймыктанчу иштер.

«Азаттык»: Сиз Москвадан кийин Армения, Дания, Норвегия, Швеция, Финляндия өлкөлөрүндө да элчи болуп дайындалгансыз. Бул Москвадагы ишиңизге тоскоол болгон жокпу?

Отунбаев: Тоскоол болгон жок. Бул өлкөлөрдө кыргыз элчиликтери жок, мындай тыгыз мамилелерибиз да жок. Келечекте инвестиция тартуу, жигердүү кызматташуу үчүн бул мамлекеттер маанилүү. Шартыбызга жараша азыр биз бул өлкөлөрдө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачып иштете албайбыз.

Ошон үчүн бул иштер чоң элчиликтерге жүктөлгөн. Мурунтан эле Армения, Грузия, Азербайжан Москвадагы элчиликке карачу. Азербайжанда элчилик ачылып, ал дипломатиялык өкүлчүлүк Грузия менен ишти кошо алып кетип жатат. Швецияда бир жараныбыз каза болуп, биз Швециянын Москвадагы элчилигине кайрылып, сөөктү Кыргызстанга Москва аркылуу кетирдик. Биз да шартка жараша иштеп жатабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG