Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Пакистанда шайлоо алдында террор күчөдү


Жардырууда жакынын жоготкондордун бири. 13-июль, 2018-жыл. Сүрөт видеодон алынган.
Жардырууда жакынын жоготкондордун бири. 13-июль, 2018-жыл. Сүрөт видеодон алынган.

Пакистанда 25-июлда өтчү парламенттик шайлоону утурлай жардыруулар жана камакка алуу күчөдү. Өткөн жума күнү жанкечтилердин жардыруулары 150дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Ошол эле күнү Лондондон кайтып келген өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Нафаз Шариф камакка алынды.

Жекшембиде Пакистанда 13-июль күнкү кош жардырууда курман болгон 153 кишинин сөөгү жерге берилди. Набыт болгондордун арасында Балужистан аймактык парламентине депутаттыкка ат салышып жаткан талапкер Сирай Райсани да бар. Жанкечтинин жардыруусу Райсани шайлоочулар менен жолугушуп жаткан маалда болгон. Маркумдун агасы Хажи Райсани мындай окуяларга жол бербеш үчүн жетиштүү чара көрүлбөй жатканына кейиди:

- Мындай окуялар өлкө тарыхында болуп эле келет. Бирок алар жөн гана айыпталып, оозеки сындалып, ал эми ага жол бербеш үчүн эч кандай чара көрүлбөгөнү өкүнүчтүү.

Кветта шаарындагы өлүкканада туугандарын табышкан пакистандыктар. 13-июль, 2018-жыл.
Кветта шаарындагы өлүкканада туугандарын табышкан пакистандыктар. 13-июль, 2018-жыл.

​Ошол эле күнү Пакистандын түндүк-батышында дагы бир талапкер Акрам Хан Дурранини бутага алган жардырууда беш киши курман болду. "Ислам мамлекети" радикал тобу жоопкерчилик алган кандуу окуяларда жарадар болгондордун саны 300дөн ашты.

Жардыруулар болгон күнү кечинде Лахор эл аралык аэропортунда өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Наваз Шариф кызы Мариям экөө келип конору менен камакка алынды. Шариф былтыр жайында коррупцияга байланыштуу айыпталып кызматтан кеткен.

6-июлда ал "чет жактарда мыйзамсыз үй-мүлк алган" деген айып тагылып, он жылга эркинен ажыратылган. Анын кызы Мариям да 2016-жылы чыккан "Панама чуусуна" байланыштуу күнөөлүү деп табылып, жети жылга кесилген. Аялынын оорусуна байланыштуу Лондондо жүргөн Наваз Шариф мекенине кайтары менен камаларын мурда эле билген. Ал бул тууралуу Лондондо журналисттердин суроолоруна жооп берип жаткан айткан:

- Мен аялымдын саламаттыгы жакшы болору менен эле барам. Мени аэропорттон эле абакка жеткиришерин түшүнүп турам. Бул маселени адвокаттарым менен да талкуулайм. Эч жерден баш калка сурабайм.

Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Наваз Шариф кызы Мариям экөө Абу-Даби аэропортунда, Лахорго учаарда. 13-июль, 2018-жыл.
Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Наваз Шариф кызы Мариям экөө Абу-Даби аэропортунда, Лахорго учаарда. 13-июль, 2018-жыл.

​Наваз Шарифтин кайтышын утурлай Лахордо “Пакистан мусулмандар лигасы-Н” партиясынын түмөндөгөн тарапташтары жүрүшкө чыгышты. Бийлик аэропортко барчу негизги жолдорду тороп, Интернетти чектегенине карабастан, акцияга чыккандар аэропортту тегеректеп турушту. Жүрүшкө чыккандардын бири Мохаммад Аршад айтканынан кайтпай турганын билдирди:

- Мен бул жерге Наваз Шарифтин кайтып келишин кубаттап сегиз сааттык жол басып келдим. Наваз Шариф үчүн өмүрүбүздү бергенге даярбыз. Анын ордуна мени 10 жылга камаса да даярмын.

Лахор шаарындагы Нафаз Шарифтин жактоочулары. 8-июль, 2018-жыл.
Лахор шаарындагы Нафаз Шарифтин жактоочулары. 8-июль, 2018-жыл.

​16-июлда жума күнкү жүрүштүн башында турган “Пакистан мусулмандар лигасы-Н” партиясынын бир катар лидерлерине террорчулукка каршы мыйзамдын алкагында кылмыш иштери козголгону маалым болду. Мыйзамга ылайык, өлкөдө жума күнү акцияларды өткөрүүгө тыюу салынган. Маалыматтарга караганда, кылмыш иштери Наваз Шарифтин бир тууганы, учурда партияны жетектеп турган Шехбаз Шарифке жана Шарифтен кийин өкмөт башына келген, мурдагы премьер-министр Хаккан Аббасиге да козголду. Пенжаб провинциясынын ички иштер министри Шавкат Жавед террорчулук боюнча кылмыш ишинин козголгонун ката деп баалады.

- Биз учурда ар кандай чараларды көрүп жатабыз. Бирок шайлоого чейин эч ким камалбайт, - деди ал.

Сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда 26-июлда өтчү шайлоодо бийликтеги "Пакистан Мусулмандар Лигасы-Н" партиясы менен мурдагы белгилүү крикет оюнчусу Имран-хан башында турган "Терик-ин Инсаф" партиясы негизги атаандаштар болушат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG