Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Пакистан: экс-премьердин аялы депутат болду


Пакистанда мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин аялы Калсум Наваз жана кызы Мариям Наваз.
Пакистанда мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин аялы Калсум Наваз жана кызы Мариям Наваз.

Пакистанда мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин аялы Калсум Наваз парламенттик шайлоодо өз атаандашын утту. Ал өзү Лондондо рак илдетинен дарыланып жаткан кезде, үгүт өнөктүгүн толугу менен кызы жүргүздү.

Алдын ала жыйынтыктар көрсөткөндөй, Лахор чөлкөмүндө Калсум Наваз 61 254 шайлоочунун добушуна ээ болду. Бул атаандашыныкына караганда 14 миң добушка көп дегенди билдирет. Пакистандын Улуттук ассамблеясындагы Лахор шаарына берилген депутаттык орунду Шарифтин үй-бүлө мүчөлөрү жана алардын өнөктөштөрү узак убакыттан бери колдон чыгарбай келет. Премьер-министр Наваз Шариф кызматтан кеткенден кийин өткөн бул добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы кийинчерээк жарыяланары белгилүү болду.

Калсум Наваз учурда Лондондо рак илдетинен дарыланууда. Анын ордуна үгүт өнөктүгүн кызы, бийликтеги PML-N партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Мариям Наваз жетектеп турду. Алдын ала жыйынтыктар жарыяланган соң Мариям энесинин жеңиши атасынын кызматтан кетишин каалабаган калктын сүйүүсүн дагы бир ирет далилдейт деп айтты.

- Бүгүн эл соттун чечиминен да жогору чечим чыгарды. Соттун өкүмү кандай болбосун биздин премьер-министр - бул Наваз Шариф, - деди Мариям.

Мариям Наваз.
Мариям Наваз.

Июль айында Пакистандын Жогорку Соту коррупция айыптарына кабылган Наваз Шарифти иштен кетирген. Буга 2016-жылы "Панама кагаздарынын" алкагында ачыкка чыккан маалыматтар себеп болгон. Иликтөөчүлөр тобу офшордук компанияларда Шарифтин төрт баласына караштуу миллиондогон доллардык байлыгы катылган деген бүтүмгө келишкен. Уулдарынын бири Хуссайн Наваз бул маалыматты ырастап, чет жактагы бизнеси мыйзамга ылайык жүргүзүлүп келгенин маалымдаган. Быйыл 67 жашка толгон Наваз Шариф кызматтан кеткен соң "Демократия кербени" деген акция уюштуруп, Пакистандын аймагын кыдырды.

Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Наваз Шариф.
Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Наваз Шариф.

Бул акциянын алкагында өз тарапташтары менен жолугуп жатып экс-премьер-министр Жогорку Соттун чечими элдин эркине каршы келерин айтып, ага тагылган айыптарды четке каккан. Сот өкүмүнө ылайык, Шарифке он жыл саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынган.

Жекшембиде Лахордогу шайлоодо жарандар өз добушун Калсум Навазга беришерин жана экс-премьерди колдошорун жашырышкан жок:

- Мен добушумду Наваз Шариф үчүн берем, анын кызматтан четтетилишине каршыбыз. Көрөсүңөр, бүгүн Наваз Шариф жана Калсум Наваз көпчүлүк добушка ээ болушат.

Шариф өзү да дал ушул Лахор борбору болуп эсептелген, өлкөнүн эң ири, калкы жыш жайгашкан Пенжаб провинциясынан. Ал үч жолу -1990, 1997 жана 2013-жылдары премьер-министрликке келген. Үч жолу тең Шариф бийликтен өз ыктыяры менен кеткен эмес. 1993-жылы президент экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктен улам саясий кризис жаралып, кызматын тапшырууга мажбур болгон. 1999-жылы аскерий төңкөрүштөн кийин өлкөдөн качкан. Бул ирет Шарифке каршы парламенттеги оппозициячыл партиялар - "Пакистан элдик партиясы" жана спорт жылдызы Имран Хан жетектеген "Адилеттик үчүн Пакистан кыймылы" партиясы каршы чыгышты.

Шариф кызматтан кетсе да анын партиясы парламентте көпчүлүктү түзүп, 342 орундун 208ин ээлеп турат. Ал эми анын кичүү иниси Шехбаз Шариф – Пенжаб провинциясынын губернатору. 43 жаштагы Мариям Шариф учурда атасынын партиясынын жаштар канатын жетектейт. Ал буга чейин үй-бүлөлүк кайрымдуулук фонддун иштери менен гана алектенип келсе, 2013-жылы атасынын шайлоо компаниясында маанилүү орунду аркалаган. Пакистандагы айрым жергиликтүү басылмалар Мариямды атасынын мураскери деп атап келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG