Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Пакистан талиптеринин "жаңы тактикасы"


Пакистанда 11-майда болчу парламенттик шайлоо алдында бомба чабуулдары көбөйдү. Шайлоого катышкан негизги партиялардын кеңселери бутага алынууда.

Жекшемби күнү өлкөнүн түндүк батышындагы Хайбер Пахтунква провинциясында көз карандысыз талапкерлердин кеңселерин бутага алган эки бомба чабуулу болду. Полициянын билдиришинче, жардыруулардан кеминде сегиз киши апаат кетип, бери дегенде 35 киши жараат алган. "Техрик-е Талибан Пакистан" деген ат менен белгилүү талиптердин уюму эки жардырууну тең уюштурганын жар салды.

Согушчандар апта башында Пакистандын негизги партияларынын кеңселерине жасалган жана төрт адамды набыт кылган чабуул үчүн да жоопкерчиликти өздөрүнө алды. Анда "Авами" улуттук партиясынын Карачидеги кеңсесине жана "Муттахида Куами" кыймылынын кеңсесине кол салынган.

Миа Ифтикар Хусейн - "Авами" улуттук партиясынын даражалуу жетекчилеринин бири. Анын “Азаттыктын” Пакистан кызматына айтканына караганда, жекшемби күнкү бомба чабуулдары утурумдук өкмөт өлкөдө коопсуздукту камсыздай албай жатканын шарданалайт. Мындай жагдайга карабай Хусейндин партиясында жалпы элдик шайлоого катышпай коюу ниети жок.

-Утурумдук өкмөттүн такыр эле ашмалтайы чыкты, - дейт Хусейн. - Шайлоо комиссиясы өз убадасында турбады. Өкмөт бардык тийиштүү уюмдарга коопсуздукту камсыздоого тапшырма берүүсү керек. Утурумдук өкмөттүн планы же стратегиясы болсо, кырдаал азыркыдай адам чыдагыс болмок эмес. Биз, "Авами" улуттук партиясы, бизге канчалык кол салынбасын, демократия жана өлкө үчүн жаныбызды курмандыкка сая беребиз деп чечтик. Шайлоо кийинкиге калтырылбашы керек.

Утурумдук өкмөттү 84 жаштагы кесипкей юрист Мир Хасан Хан Хосо жетектейт. 24-мартка чейин парламенттик партиялар мунасага келип, бирдиктүү талапкерди көрсөтө албагандан кийин Пакистандын шайлоо комиссиясы Хосону утурумдук өкмөттүн башчылыгына тандаган. Ал башындагы өкмөт шайлоону калыс өткөрүп берип, 11-майда жаңы парламент түзүлөөр менен бийликтен кетет.

Файзал Сабзвари – "Муттахида Куами" кыймылынын жетекчилеринин бири. Анын пикирине караганда, акыркы күндөрдөгү удаа-удаа болгон бомба чабуулдары согушчандардын шайлоону экстремистчил-исламчыл партиялардын пайдасына айлантууну көздөгөнүн жышааналайт. Бирок Сабвази “Азаттык” радиосунуна берген интервьюда мындай кол салууларга байланыштуу парламенттик шайлоого бойкот жарыялап, ага катышпай коюу жөнүндө сөз да болбошун белгилейт:

- Бул сурамжылоо өткөргөнгө тете. "Жамаат-и-Исламия", "Жамият-и- Улама Ислам", "Пакистан Техреке Инсаф" жана "Пакистан мусулман лигасы" сыяктуу партияларга эч кандай коркуутуулар жок. Бул эл жыйындарга чыгып, шайлоого жигердүү катышаарын көрсөтүшү керек экенин билдирет. 11-майда Пакистанда шайлоо болот. Бирок бул шайлоо эркин, калыс жана ачык-айкын өтпөйт. Биз шайлоого бойкот жарыялабайбыз. Талиптер өздөрүнө ылайыктуу партияларды парламентке өткөрүү үчүн бизди өлтүрүп жатат. Эгер биз шайлоону бойкот кылсак, алар өз максатына жеңил жетет. Ошон үчүн биз тайманбастан, аларга бетме-бет чыгышыбыз керек.

Ал эми Хайбер Пахтунква провинциясынын ички маалымдоо министри Мусаррат Кадем “Азаттыкка” берген интервьюда коопсуздук күчтөрү бардык талапкерлер өткөргөн жыйындардын коопсуздугун сактоого милдеттендирилигенин белгиледи. Анын айтымында, саясый партиялардын Карачи жана Пешавар шаарларындагы кеңселерине жасалган бомба чабуулдары Пакистан талиптери “жаңы тактиканы” тандап алганын көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG