Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 18-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:13

Күрөөгө бошотулган Шарифтин абалы оор


Наваз Шариф.

Пакистанда сот 4-ноябрда экс-премьер-министр Наваз Шарифтин кызы, оппозициялык "Пакистан мусулман лигасы" партиясынын лидерлеринин бири Мариям Навазды күрөөгө бошотту.

Анын алдында сот анын атасын дагы күрөөгө чыгарган. Мурдагы өкмөт башчы түрмөдө жатканда саламаттыгы кескин начарлап кеткени, ал тургай өлүм алдында жатканы тууралуу кабар тараган. Ата-кызга коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Мариам Шариф Лахордогу Жогорку сотко күрөөгө 560 миң доллар төлөп эркиндикке чыкты. Ал ушул жылдын август айында камалган. Пакистандын Антикоррупциялык соту Мариям Навазды ал акционер болгон кант заводунун ишине байланыштуу айып таккан.

Сот 25-октябрда Мариямдын атасы, мурдагы премьер-министр Наваз Шарифти да саламаттыгына байланыштуу күрөөгө коё берген. Андан төрт күн мурда "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. Күрөөгө бошотуу тууралуу сотко анын кичүү иниси Шахбаз Шариф кайрылган.

Адвокат Аштар Аусаф сотто Шарифтин канындагы тромбоциттер кескин азайып, абалы начарлаганын айткан. Буга Шариф ичип жаткан дарылар себеп болушу мүмкүн экенин билдирген.

Шахбаз Шариф агасы түрмөдөн күрөөгө бошотулганда ооруканананын алдында чогулгандардын алдында көзүнө жаш ала сүйлөп, энелердин, эже-карындаш, ага-ининин үнү жаратканга жетип, тилектери орундалганын айткан. Топтолгондорду бул кубанычтуу кабар менен куттуктаган.

Наваз Шарифтин кызы Мариам дагы атасынын саламаттыгына кабатырланып жатканын билдирген.

Пакистандын Антикоррупциялык соту былтыр жыл этегинде Наваз Шарифти жети жылга түрмөгө кескен. Ага «киреше булактарында көргөзүлбөгөн активдерге ээлик кылган» жана «арам акчаны адалдаган» деген айып коюлган. Судья Шарифке ошондой эле 2,5 миллион доллар өлчөмүндөгү айып пул салган.

Андан жарым жылдай мурун Наваз Шариф Лондондон кымбат баалуу батир сатып алганына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында он жылга түрмөгө кесилип, 8 миллион доллар айыпка жыгылган.

Бул иш боюнча анын кызы Мариам жети жылга, күйөө баласы Мухаммад Сафдар бир жылга соттолгон. Бирок алар өкүмдү апелляцияга берип, сентябрда күрөөгө бошотулушкан.

70 жашка таяп калган Наваз Шариф үч жолу Пакистандын өкмөт башчысы болгон. Ал өзүнө жана балдарына коюлган айыптардын баарын четке кагып, саясий куугунтук катары баалап жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG