Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Карачи аэропортуна талибдер кол салды


Аэропортко чабуулду кеминде он согушкер жасаган.
Аэропортко чабуулду кеминде он согушкер жасаган.

Пакистанда аэропортко чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө жергиликтүү талибдер алды. Өткөн түнү согушкерлер кол салгандан кийинки кармашта кеминде 28 кишинин өмүрү кыйылды.

Пакистан коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү билдиргендей, аэропортко чабуулду кеминде он согушкер жасаган жана алардын баары жок кылынды. Генерал-майор Ризван Акхтардын айтымында, кол салуу эки тараптан болгон:

- Алар беш-бештен бөлүнүп алып аба майданга эки багыттан киришкен. Операция башталгандан тартып азыркыга дейре аба майдандын коопсуздук күчтөрүнүн жети кызматкери шейит кетти.

Соңку маалыматтарга караганда, Карачи аэропортундагы салгылашууда өлгөндөрдүн жалпы саны 28ге жетти. Алардын арасында аба майдандын коопсуздук кызматынын, пакистандык авиакомпаниянын 12 өкүлүнөн тышкары эки жүргүнчү бар. Дагы 26 киши жараат алган.

Пакистандык расмий өкүлдөр белгилегендей, согушкерлердин айрымдары коопсуздук күчтөрүнүн униформасын кийип, белине жанкечтинин курун тагынып келген. Алардын айрымдары этникалык өзбек экени айтылууда.

Кол салгандар аба майданынын уруш башталган кезде бош турган жүк ташуу жана VIP каттам үчүн колдонулган терминалын ээлөөгө аракеттенген. Алар граната ыргытып, күзөтчүлөрдү карай ок жаадырган.

Пакистандын коопсуздук күчтөрү согушкерлердин “эки реактивдүү учакты иштен чыгардык” деген маалыматын четке кагышты:

- Аба майдандагы бир да учак жабыркаган жок. Атышуу жүк ташуучу терминалда болду. Имарат террористтер тарабынан өрттөлдү жана алар өзүлөрү да ошол эле жерде жан берди, - деди Ризван Акхтар.

Аэропорт жетекчилиги кармаш жүрүп жаткан кезде айрым учактар ичиндеги жүргүнчүлөрү менен убактылуу кайра жерге конгонун билдирди. Emirates Airlines компаниясына тиешелүү учактын жүргүнчүсү Саид Саим Ризви Твиттердеги баракчасына ал отурган учак кайра жерге конгонун, бортко Пакистандын атайын жоокерлери киргенин жазат.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө Пакистандагы талибдер, тагыраак айтканда, алардын “Техрик э-Талибан” кыймылы алды. Алар өз аракетин өткөн жылы АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагынын соккусунан мерт болгон лидери Хакимулла Мехсуддун өлүмү үчүн өч алуу деп түшүндүрүштү.

Ал арада Пакистандын түштүк-батышында да террорчулардын жардыруусунан Ирандан зыяраттан кайтып келаткан 23 шийит мусулман мерт кетти. Азырынча аэропорттогу кол салуу менен бул жардыруу ортосунда байланыш бар-жогу белгисиз.

Ушул жылдын февраль айында Пакистанда өкмөт жана “Талибан” лидерлери жолугуп, узак мөөнөткө ок атышууну токтотууну макулдашкан. Бирок ал сүйлөшүүдөн натыйжа чыкпагандай. Себеби андан бери өлкө аймагында талибдер бир нече жардыруу уюштурду.

Согушкерлер чабуул койгон Карачидеги “Жинна” аэропорту Пакистандагы эң ири аба майдандардын бири. Ал күнүгө жыйырма миңдей жүргүнчүнү кабыл алып, узатып турат.

XS
SM
MD
LG