Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

«Дагестан чыныгы апаатты баштан кечирүүдө»


Махачкала, Дагестан.

Дагестан коронавирус жуккандардын саны боюнча Орусияда төртүнчү орунга чыкты.

Бирок коронавирустун статистикасына «вирустук пневмония» деген диагноз коюлган 10 миңден ашуун бейтап камтылбай келет. Ал оорудан 700дөй киши көз жумду. Адистер республикадагы абалды өтө кооптуу деп баалашат.

20-майда түштөн кийин чыккан маалыматка ылайык, республикада COVID-19 илдетинин 3 643 учуру катталды, 36 киши көз жумду, 2266 бейтап айыкты. Бирок жергиликтүү укук коргоочулар ооруп калгандар алда канча көп деп эсептешет.

Дагестанда эпидемиянын кош статистикасы жүргүзүлөт. COVID-19 деген диагноз инфекция лабораторияда тастыкталса гана коюлат. Аймактын бийлиги борбордон жардам сурап, коронавирустан ондогон киши өлсө, өпкөнүн сезгенишинен каза болгондор 700 кишиге жеткенин белгилейт. Алардын арасында 40 дарыгер бар.

Дагестандагы оорукана.
Дагестандагы оорукана.

«Расмий статистикада реалдуу абал чагылдырылбайт. Түмөндөгөн бейтаптар коронавируска эмес, вирустук пневмонияга чалдыкканы айтылууда. Кырдаал оңолгондо адистер, дарыгерлер так аныкташар. Бирок маркумдар үчүн анын айырмасы жок», - дейт жергиликтүү активист Саид Ниналалов.

Кээ бир адистер кош статистика жүргүзүү менен республиканын саламаттык сактоо тармагынын жетекчилиги Москвага жакшы иштеп жатканын көргөзүүнү максат кыларын, экинчи жагынан компенсация маселеси менен түшүндүрсө болорун айтышат. Алардын бири - «Бейтаптардын мониторинги» коомдук уюмунун өкүлү Зияутдин Увайсов.

«Ооруп калган дарыгерлерге, каза тапкандардын жакындарына кенемте төлөнбөгөн учурлар бар. Тагырагы, аларга азыркыга чейин COVID-19 илдетине чалдыккан деген расмий документ берилбептир. Ден соолугуна зыян келди деп компенсация алгандарды көрө элекмин».

Дүйшөмбү күнү президент Владимир Путин Дагестандын жетекчилери менен өткөргөн жыйында жергиликтүү жашоочулар дарыгерлерге кеч кайрылып оору өтүшүп кетип жатканын, көбү үйлөрүндө өздөрү билгендей дарыланып жатканын айткан.

«Бейтаптардын мониторинги» коомдук уюмунун өкүлү Зияутдин Увайсов.
«Бейтаптардын мониторинги» коомдук уюмунун өкүлү Зияутдин Увайсов.

«Настоящее время» каналына берген интервьюда Увайсов республикадагы ооруканалар толуп калганын, коргоочу каражаттар жетишпей жатканын айтып, кээ бир айылдарда калктын жарымына чейин ооруп жатканын кошумчалады. Анын мындай сөздөрүн аймакта иштеген башка дарыгерлер да бышыкташкан.

«Эмне үчүн адамдар өз алдынча дарыланып, ооруканаларга кайрылбай жатышат? Себеби ооруканаларда орун жок. Жакында эпидемия туу чокусуна жетип турган маалда да орун жок болду. Аны видеолордон көрсө болот. Мисалы, төшөктө жаткан аялга «Тез жардам» келип, «кайда алып бар десеңер алып барабыз, бирок ооруканалар бейтаптарды кабыл албай жатышат, киши көп» деп айтышкан. Ооруканалардын өзүндө көп учурда дары-дармек тартыш. Мына ошон үчүн илдетке чалдыккандар өздөрү үйдөн эле дарыланып, дарыгерлерге кеч кайрылышат. Натыйжада өлгөндөр ушунча көп болуп жатат. Менимче, Дагестан чыныгы апаатты башынан кечирүүдө».

Муну менен катар Увайсов жергиликтүү тургундар карантин эрежелерин көп учурда бузушарын, бирөө ооруп калса, кошуналары, айланада жашаган туугандары аны барып көрүшөрүн, тажияларга толтура эл чогуларын айтат.

Хабиб Нурмагомедов тартылган плакат
Хабиб Нурмагомедов тартылган плакат

Келаткан дем алышта мусулмандар орозо айтты майрамдаганы жатышат. Белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедов мекендештерине кайрылып, дарыгерлердин айткандарына кулак салууга, Курман айтты үйдө белгилөөгө чакырды. Хабиб анын атасы коронавирусту жугузуп алганын, 20дан көп тууганы реанимацияга түшүп, кээ бирлери көз жумганын билдирди.

Дагестанда коронавируска кабылган алгачкы бейтап 27-мартта катталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG