Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Парламентте Мадумаров менен Ташиев кайым айтышты (видео)


Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев
Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев

2-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөттүк күн башталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев аткезчилик боюнча маалымат берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаровду "УКМКга далилсиз сын айтууда" деп айыптады.

“Парламент трубунасынан айтылып жатат. "УКМКнын кызматкери элдин канын соруп жатат, жон терисин шылып атат" деген мааниде сөздөрдү айтып жатат. Эч кандай фактыларга таянбастан, саясий амбициясын калыбына келтирүүгө аракет кылган депутат Мадумаровго мен ачык айтып коюшум керек. Мындай аракеттериңизди токтотпосоңуз, биз дагы сиз жөнүндө аткезчиликти кандай калкалап жатканыңызды ачык айтабыз”, - деди Ташиев.

Депутат Мадумаров отурган ордунан “далил менен сүйлө” деп кыйкырды. Мадумаров менен Ташиев кайым айтышып, аларды спикер Талант Мамытов сабырдуулукка чакырды.

Баткен облусунда район-шаарлар ортосунда аткезчиликке каршы уюштурулган көзөмөл бекеттер маселеси Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлдү.

Парламенттин 1-июндагы отурумунда депутат Адахан Мадумаров көйгөйдү Лейлек районунун Кулунду айылынын мисалында айтып, 24-майдан бери жер семирткич буулганын билдирген. Баткенде аткезчиликке каршы деген негизде коюлган посттор "жергиликтүү дыйкандарга түйшүк жаратып жатканын" буга чейин башка да депутаттар айтып чыгышкан.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн аталган бекеттер 2021-жылдын 1-октябрында экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Министрлер кабинетинин төрагасынын токтому менен коюлганын билдиришкен. Жыл башынан бери 25 аткезчилик фактысы катталып, натыйжада 32 миллион сом казынага түшкөнү маалымдалган.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Мындан кийин аткезчилик токтобой жатканы айтылып, жергиликтүүлөр ага каршы күрөшүү талабын көтөрүшкөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG