Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Кыргызстан менен АКШ аскердик эмес жүктөрдү ташуу боюнча макулдашты

Кыргызстан менен АКШ "Манастагы" аскердик база боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Азыркы мезгилге карай эки тарап Ооганстанга аскердик эмес багыттагы жүктөрдү ташуу боюнча макулдашууга жетишкени кабарланды.

Кыргыз өкмөтү менен Кошмо Штаттардын өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр АКШ президенти Барак Обаманын Курманбек Бакиевге жазган катынан кийин күч алды. Белгилүү болгондой, Барак Обаманын каты президент Бакиевге 11-июнда тапшырылган. Андан кийин база боюнча сүйлөшүүлөр Ооганстан президенти Хамид Карзай менен президент Курманбек Бакиевдин 16-июнда Россиянын Екатеринбург шаарындагы жолугушуусунда болуп өттү.

21-июнда кечке жуук Курманбек Бакиев Франция президентинин Пакистан жана Ооганстан боюнча атайын өкүлү Пьер Лелуш мырзаны кабыл алып, “Биз Ооганстан менен Пакистандагы абал Борбордук Азия регионундагы туруктуулукка түздөн-түз таасир бере тургандыгын жакшы түшүнөбүз. Кыргызстан мындан ары да Ооганстанда бейкуттук өкүм сүрүүсү үчүн ар тараптуу колдоо жана көмөк көрсөтүүгө даяр» деп билдирген.

Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Кыргызстан менен АКШ Ооганстанга Кыргызстан аймагы аркылуу аскердик
 эмес багыттагы жүктөрдү ташуу боюнча макулдашууга жетишкенин өткөн жуманын соңунда билдирген.
Жогорку Кеңештеги Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев "Манастагы" базаны калтыруу аракети көрүлүп жатканын айтып, жаңы келишимдин долбоору парламентке келери тууралуу сөздөр чыгып жатканын билдирди:

- Мен көптөн бери айтып келатам, ошо база кандайдыр бир формада калат деген коркунучтар бар. Ошондуктан бул маселени карап чыгыш керек. Бирок мен жаңы келишимди көрө элекмин. Менин угушума караганда, ал бүгүн-эртең Жогорку Кеңешке келет деген сөз бар.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаков азыркы мезгилде Кыргызстан менен АКШ Кыргызстан аркылуу жүктөрдү ташуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз кылып жатканын белгиледи:

- Менин оюмча, азыркы мезгилде эки багыт менен иштеп жатышат. Биринчиси, биздин аба мейкиндик аркылуу жүк ташууга уруксат берүү. Экинчиси, биздин жердеги жолдор аркылуу ташыганга уруксат берүү. Ошону менен бирге базанын статусун өзгөртүүгө, аны башкача формага өткөрүүгө аракет жасалып жатса керек. Биз мына ошондой гана ойду айта алабыз. Себеби дегенде азыркы мезгилде бир жактуу айтуу кыйын. Анткени экөөнүн айырмасы эки башка.
 
Исмаил Исаковдун айтымында, Ош-Хорог жолдору аркылуу Ооганстанга мурда да жүк ташылып келген жана ал каттамды калыбына келтирүүгө болот.

Айрым маалымат каражаттары, базаны калтыруу акысы үчүн АКШ Түркия аркылуу 1 миллиард долларга чейин инвестиция салууга даярдыгын билдиргендигин жазууда. Ал инвестициялар түрк президенти Абдуллах Гүлдүн майдын соңундагы Кыргызстанга сапары учурунда убада кылынган.

Кыргыз тарап "Манастагы" аскерий базаны чыгаруу боюнча чечим өзгөрбөсүн билдирүүдө. Бирок ошол эле мезгилде Ооганстанга жүк ташуу, ал жерде күрөш жүргүзүп жаткан антитеррордук коалицияга жардам көрсөтүүнүн жолдорун караштырып жатат. АКШ өз кезегинде Кыргызстанга көбөйтүлгөн финансы-экономикалык жардамдар тууралуу маалыматтарды чыгарууда. Маселен, келерки жылга Кыргызстанга бериле турган жардам 25 миллион доллардан 41,5 миллионго көбөйтүлдү. Ошондой эле "Манастын" инфраструктурасы үчүн 30 миллион доллар убада кылынган. Ижара акысы үчүн Кыргызстан 350 миллион доллар сурап жатканын Россиянын КМШ институтунун Бишкек бөлүмүнүн башчысы Александр Князев билдирген жери бар.



АКШнын "Манас" базасы: Сын жана жүйө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG