Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:04

Исмаил Исаков толук акталды


Аскер соту 15-апрелде Исмаил Исаковдун ишин жаңы жагдайларга байланыштуу карап, аны толугу менен актады.

Убактылуу өкмөттө коопсуздук жана коргоо жагын жетектеп жаткан Исмаил Исаков “Азаттыктын” кабарчысы менен чакан маек куруп, анда Курманбек Бакиевдин жан-жөкөрлөрүн кармоо боюнча аракеттер жүрүп жатканын, ал эми К.Бакиев өзү сот алдында жооп бериш керектигин билдирди.


“Азаттык”:-
Исмаил мырза, бүгүн Аскердик сот кандай чечим чыгарды? Сот жараяны кандай өттү?

И. Исаков: - Эки күндөн бери биздин маселе каралып жатты. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча Аскердик сот экинчи инстанцияда карап, күбөлөрдү сурап бүттү. Өкүмдү азыр чыгарып, күнөөсү жоктугуна байланыштуу толук акталсын дешти.

“Азаттык”: - Судьялар мурдагылар эле болдубу?

И. Исаков: - Кылмыш жаза кодексинин негизинде өкүм чыгаргандар караш керек экен да, ошолор эле карашты. (Белгилүү болгондой
Аскердик соттун судьясы Тилек Абдрашитов башында турган соттук коллегия Исмаил Исаковду сегиз жылга кескен өкүмдү 2010-жылы 11-февралда чыгарган. Андан кийин Исмаил Исаков Жаңы-Жердеги №19 абакка алып барып, отургузулган).

“Азаттык”: - Сиз азыркы кезде Убактылуу өкмөттө коопсуздук жагын жетектеп жатасыз, жалпы өлкөдөгү коопсуздук маселеси кандай болуп жатат? К.Бакиевге каршы атайын операция жүргүзүлөт деген да сөздөр болду эле. Азыр бул маселе кандай чечилип жатат?

И. Исаков: - Жалпы коопсуздукту айтсак, бүгүнкү күндө пайда болуп аткан ички окуялардын негизинде чындыгында кээ бир жерлерде кооптуу жагдайлар бар. Ал куралдардын тарап кетиши, азыркы Бакиевдин тегерегинде жүргөндөрдүн бардыгы куралданып алып, керек болсо өздөрүнүн коргонушу үчүн бардык чарага бара тургандыгы, алардын кээ бир жерлерге элдин жинин келтириш үчүн атайын жарыла турган заттарды коюшуп, жардырабыз деген аракеттери, албетте ушунун негизинде кооптуу жагдайлар бүгүнкү күндө бар. Бирок жалпысынан алып келсек, күндөн-күнгө туруктуулук орноп келатат. Чек арачылар өзүнүн милдеттерин так аткарып жатышат. Албетте кемчиликтер дагы көп. Ошондуктан өтө күчтүү коркунуч бүгүнкү күндө жок деп айтсак болот.

“Азаттык”: - Чек ара маселеси дегенде, азыр кошуна мамлекеттер менен чек арабыз жабык болуп жатат, Казакстан, Өзбекстан менен. Бул маселе кандай чечилет?

И. Исаков: - Бул маселелер эки тараптуу аракеттер менен чечилип жатат. Бир жагынан алганда, чек арадан текшерүүдөн кийин адамдар өтүп кетип атышпайбы. Ошондуктан мен ойлойм, азыркы ички жагдайды ордуна алып келгенден кийин бул маселе өзүнөн өзү эле жоюлуп, мурункудай эле катнаштар орнойт деген ишеним зор.

“Азаттык”: - Курманбек Бакиев маселеси кандай чечилет жакын арада?

И. Исаков: - Бул абалдан чыгууга биз убакытты бердик. Бирок ошого карабастан бүгүн (Бакиев) Ошко барыптыр. Кечээ Жалал-Абаддагы болгон окуя бардык биздин жарандарга маалым болду. Ошонун негизинде анын тегерегинде жүргөндөргө кылмыш иши козголуп, кармалсын деген прокурордун санкциясы бар. Атайын күчтөргө команда берилди. Аларды азыр дароо кармоо жөнүндө. Бул операция азыр ишке аша баштады. Ал негизи бүгүндөн тартып ишке кирди. Буга чейин биз карап турганбыз, себеби анын кол тийбестиги бар экен. Өзү бир чечимге келеби деген убакытты берип карап турдук эле. Бирок өзү чечим кабыл албагандыктан азыр чаралар катуу колдонуп, кармоого бардык буюруктар берилди.

“Азаттык”: - Бакиевдин өзүнө дагыбы?

И. Исаков: - Бакиевдин өзүнүн кол тийбестиги болгондуктан, жанындагы Калыевди (мурдагы коргоо министри), Жаныш Бакиев жана башкаларды кармоого буйрук берилди.

“Азаттык”:- Бакиевдин өзүнүн качып кетишине жол барбы же болбосо ага кандай чара көрүлөт, эмне болот ал киши?

И. Исаков: - Ал өзү чечим кабыл алыш керек. Албетте аны элдин алдына алып келип жазага тартышыбыз керек. Эл сураш керек эмне үчүн өз элиңди жаш жигиттерди, жаш кыздарды аттың деп. Ошого жараша өз жазасын алыш керек.

“Азаттык”: - Бакиевдин башка өлкөгө чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жокпу ?

И. Исаков:
- Мен аны айта албайм, албетте мүмкүнчүлүк толуп атат. Себеби ким билет, илгерки Керенскийдей болуп аялдардын киймин кийип алып, Тажикстан тоолору аркылуу качып эле кетпесе, бардык жерлерге буйруктар берилген чыгарбагыла деген. Аны айтыш кыйын, убакыт азыр өтө тар болуп калды. Ошондуктан качып кетиш өтө оор го. Бирок кеткенге мүмкүнчүлүктөрү бар. Себеби кээ бир жерлер толук корголо элек да, чек арачылар кээ бир жолдордо турушат, ал эми тоолордо жок да. Ошондуктан мүмкүн жанагыдай кийимдерди кийип бир жакка чыгып кетиши ыктымал.

“Азаттык”: - Демек кандай болгон күндө дагы аны кармап, сот жообуна тартуу жөнүндө буйрук болуптур да?

И. Исаков: - Ооба, толугу менен андай аракеттерибиз азыр жүрүп атат, эл дагы ошону талап кылып атат.

p.s. 15-апрелде болгон соттук жараянда күбө Мурзали Бөрүбаев уулу Руслан Исаковго эки бөлмөлүү квартира берилгенин Исмаил Исаков билбегенин айтты. Мурдагы соттук териштирүүлөрдө муну Исмаил Исаковго далилдөөгө аракет жасап, аны күбөлөр Б.Югай, К.Орузбаев тастыктаган эле.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG