Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Апта: Үңкүр-Тоо узатпайбы? Штайнмайер сапары...


Үңкүр-Тоонун Кербен шаарынан көрүнүшү
Үңкүр-Тоонун Кербен шаарынан көрүнүшү

Узап бараткан жумада Үңкүр-Тоо чатагы Жогорку Кеңешке жетти. Германиянын тышкы иштер министри Борбор Азия регионуна сапар жасады. Улуттук банк үстөк пайызын төмөндөттү.

Үңкүр-Тоо өкмөттү узатпайбы?

Узап бараткан жумада Үңкүр-Тоо маселеси парламентке жетти. Аны адегенде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети жабык карап, анда өкмөткө сунуш иштелип чыкты. Сунушта Үңкүр-Тоодо жайгашкан Радио-релейлик станцияны көчүрбөө, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана Үңкүр-Тоо боюнча өкмөттүн токтомун тактоо Башкы прокуратурага тапшырылды. 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында да бул маселе жабык каралып, премьер-министр Темир Сариев маалымат берди.

Маселе 18-мартта Аксы районундагы Кербен шаардык кеңешине жөнөтүлгөн өкмөт токтомунда болуп жатат. Шаардык кеңештин депутаттары өкмөт жөнөткөн токтомдо "Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагы" катары көрсөтүлгөнүн билдирип, ага каршы чыгышкан.

Өкмөт бул маселе чоң саясий жаңжалга айлана баштаганда Кербен шаардык кеңешинин колунда турган токтомдон баш тартып, "Үңкүр-Тоону Өзбекстан аймагы" деп тааныган токтом жок экенин, өкмөт токтомунда өзбек чек арасына жакын жайгашкан Үңкүр-Тоо деп жазылганын айтууда.

Маселе эми токтомдун түп нускасын таап, чындыкты ачыкка чыгарууда турат. Жогорку Кеңеш бул маселени аныктап-тактоону Башкы прокуратурага тапшырды. Ал эми “Республика-Ата Журт” фракциясы депутаттык топ түзүп, өзүнчө иликтөөгө киришти.

Чек ара маселелери боюнча адис Саламат Аламанов чек ара маселеси эки тараптуу чечилерин, Кыргызстан ашкере ачыктыктан жабыркап жатканын белгилейт. Өкмөт өз кезегинде биринчи токтомдон баш тартып, экинчи протоколду чыгаруу менен маселени ого бетер ырбатты дейт Аламанов:

- Экинчи протоколду жарыялабай эле койсо болмок. Элге жеткен биринчи токтомунда “Өзбекстан Республикасынын чек арасында турган Кербен Радио-релейлик станциясы деп жатпайбы”. Өзбекстан Республикасынын чек арасында дегенди кандай түшүнүүгө болот? Чек ара деген ички аймакты билдирет. Демек, чек араны тигилерге таандык кылып жатышат. Жок дегенде Кыргыз Республикасынын чек арасында деш керек эле.

Башкы прокуратура жана “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаттык тобунун иликтөөсү өкмөттү алып түшүүгө жөндөмдүү. Бирок иликтөө жүргүзө турган бул эки тарап тең эң жогорку бийликтин ыгынан чыга алабы деген суроо турат. Ошондуктан, эгерде эң жогорку деңгээлде өкмөттү алып түшүү чечилсе, анда Кербен шаардык кеңешине жөнөтүлгөн токтомдун түп нускасы жарыяланат. Өкмөттү сактоо жана кемени чайпалтпоо чечими кабыл алынса, анда Кербенге жөнөтүлгөн токтом бурмаланган деп табылып, анын аягы табылбай кала берет.

Чек ара маселеси Кыргызстанда өтө олуттуу саясий олку-солкулуктардын булагы болуп келген. Ошол эле Үзөңгү-Кууш, Каркыра маселеси ушул кезге чейин саясий күрөштө колдонулуп келет. Эми алардын катарын Үңкүр-Тоо толуктай турган болууда. Албетте, бийлик саясий жарылууну пайда кыла турган бул маселенин ырбашын каалабайт. Ошондуктан оппозициялык деп эсептелген “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаттык тобунун жана Башкы прокуратуранын иликтөөсүнүн жыйынтыгы кандай болорун айтуу кыйын.

Экинчи жагынан Үңкүр-Тоо жайгашкан аймактагы чек араны аныктоо кошуна мамлекет тарабынан курч коюлуп, маселе чечилиш мезгилине жетип, “каканактап толуп” турат. Мына ушул реалдуулук өзүнүн күчүн көрсөтүп, 1-апрелде Кербен шаардык кеңешинин депутаттары өкмөттүн чек ара боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровдун катышуусунда Кербен радио-релейлик станциясына кошумча жер бөлүүнү чечти.

“Эл үнү” оппозициялык кыймылынын мүчөсү Мамбетжунус Абылов депутаттык топ жана Башкы прокуратура өкмөт токтому боюнча чындыкты жарыялай албайт дейт:

- Бийлик мунун изин жашырганга аракет кылат. Биз ага жол бербегенге аракет кылабыз. Бүгүнкү күнү ушундай абалга келдик. Чындыгына жете турган биз. Себеби алардын бийликке сөз тийип калбасын деп аракеттенишет.

Мамбетжунус Абылов Үңкүр-Тоо чоң саясий маселеге айланганын, аны токтотуу үчүн оппозиция өкүлдөрүн камап, оозун жабуу аракети жасалышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жогорку Кеңештин комитети Үңкүр-Тоо боюнча токтомунун чын-төгүнүн аныктоого Башкы прокуратурага 20-апрелге чейин убакыт берди. Ал мезгилге чейин Үңкүр-Тоо жаңжалынан кандай чыгуунун жолу да бийлик тарабынан табылышы керек.

Штайнмайер сапары, Борбор Азия проблемалары

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунда төрагалык кылып турган Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер 29-марттан 1-апрелге чейин Борбор Азия регионуна сапарын жасады. Ал жакында эле такталбаган чек ара айынан куралдуу тирешүүгө жакындаган Кыргызстан жана Өзбекстанда болду. Андан кийин Тажикстанга барды.

Борбор Азия регионуна сапарынын алдында Штайнмайер региондун стратегиялык мааниси бар экенин айтып, Германия жана ЕККУ регион менен экономикалык жана маданий байланыштарды күчөтүүгө кызыкдарлыгын белгилеген.

Мына ушундай максат менен сапарга чыккан Штайнмайер адегенде Өзбекстанга келип, Ташкенде президент Ислам Каримов баш болгон расмийлер менен жолугушту. Андан кийин Кыргызстанга келди. Бишкекте ал президент Алмазбек Атамбаев жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен сүйлөшүү өткөрдү.

Германия министри Кыргызстанда демократия өнүгүүдө деп далыга таптады. Кыргыз бийлиги болсо “демократия жакыр болбош керек” деп Германиядан инвестиция жана финансы-экономикалык жардам күтүп жатканын билдирди.

Германия Европа Биримдигинин ар түрдүү долбоорлору аркылуу Кыргызстанга гранттык жана башка жардамдарды көрсөтүп келатат. Бирок көзгө көрүнөрлүк инвестиция салып, жаңы технология, жаңы өндүрүш алып келгени байкалбайт.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Абдырахманов түз инвестициялардын келишине Кыргызстандын ички проблемалары тоскоолдук жасайт дейт:

- Бизге инвесторлор келбейт. Анткени бизде коррупция бийик, бюрократия көп. Менчикти тартып алышы мүмкүн, жер-жерлердеги элдер каршы чыгат, рэкет, криминал дегендер бар. Ошонун баарын көргөндөн кийин бир да инвестор келбейт. Ошон үчүн биз үйүбүздү жакшылап реформа жасап, инвесторлор кызыга турган кылсак, анан инвесторлор келиши мүмкүн. Демек, биз биринчи кезекте ошол Германиядагыдай демократиялык система курушубуз керек. Парламенттик системага өтүшүбүз керек. Премьер-министр башкарыш керек. Президенттердин өзүм билемдигинен биздин авторитардык мамлекеттер эч качан өнүкпөйт.

Өмүрбек Абдырахманов ага мисал катары АКШ жана Батыш өздөрү жана ар кандай финансылык институттар аркылуу Кыргызстанга ушул кезге чейин 3-4 млрд доллар бөлгөнүн, бирок анын натыйжасы болбогонун келтирет.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Иса Өмүркулов Штайнмайер Кыргызстандагы демократиянын өнүгүүсүн жакшы баалаганын айтып, инвесторлордун келиши үчүн республикада ички шарт жакшырыш керек дейт:

- Өкмөттө бүгүнкү күндө сөз эле көп болуп жатат. Тыңыраак болуп, уюмдуу болуп, жакшы шарт түзсө, албетте инвесторлор келет. Анан эми келген инвесторго автомат менен барып, күч менен алып, камап жатса, ким келет? Мына ушул маселелердин баары өкмөттүн колунда. Системаны карай турган аткаруу бийлиги. Ошон үчүн мен ойлоймун, кемчилик өзүбүздөн кетип жатат деп.

Иса Өмүркулов Германия жана Батыштан гранттар шайлоо системасы, “Таза суу” сыяктуу долбоорлорго келе берет, ал эми өндүрүшкө олуттуу инвестордун келбей жатышы коррупциялык схемалардын сакталып кала беришинен деп кошумчалады.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Штаймайер сапары учурунда коопсуздук жана баңгизаттарына каршы күрөш талкууланды деп эсептейт. Ал эми чек ара, суу-энергетика сыяктуу көйгөйлүү жана орчундуу маселелер башка форматты талап кылат дейт.

Европа Биримдиги Тажикстанда Энергетикалык дипломатия борборун түзүп, региондо өтө курч турган суу-энергетикалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүнү көздөгөн. Бирок ал ийгиликке жетишип, тараптарды ийге келтирип жиберген жок. Ал маселенин абдан эле татаал болуп, ар бир өлкө өзүнүн кызыкчылыгын жогору коюп жатышында болсо керек. Маселен, суу башында турган Кыргызстан жана Тажикстан суу ресурсун энергетикалык багытта пайдаланууну көздөсө, суу этегегиндеги мамлекеттер, өзгөчө Ташкен Рогун, Камбар-Ата-1 сыяктуу ири ГЭСтердин курулушуна кескин каршы чыгып келатат. Мына ошонун айынан Кыргызстандын Камбар-Ата-1 долбоору аксап турганын эксперттер белгилеп келишет.

Улуттук банк үстөк пайызды төмөндөттү

Узап бараткан жумада АКШ долларынын курсунун төмөндөөсү уланды. Бул Улуттук банкка үстөк пайызды төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берди. 28-мартта Улуттук банктын башкармалыгы жыйын куруп, анда Улуттук банктын үстөгүн 10%дан 8%га түшүрүү чечими кабыл алынды. Өткөн жылы сомдун девальвациясы күч алганда Улуттук банк үстөк пайызды көтөргөн болчу.

Жалпы экономикалык абалга баа берген Улуттук банк быйылкы жылдын эки айында ички дүң продукция -7.8% төмөндөгөнүн белгилеп, ал негизинен Кумтөрдө өндүрүштүн төмөндөөсүнө байланыштуу экенин атаган.

Баалардын өсүшүнүн төмөндүгүн жана экономикалык активдүүлүктүн басаңдашын эске алып, үстөктү төмөндөтүү экономиканын реалдуу секторун колдоого шарт түзөт деп эсептейт Улуттук банк.

Улуттук банктын үстөк пайызды төмөндөтүүсү Коммерциялык банктарда да сом менен бериле турган насыялардын үстөгүнүн төмөндөөсүнө алып келиши керек. Бул өз кезегинде насыяларды арзандатууга тийиш.

Улуттук банкка үстөктү түшүрүүсүнө негиз берген АКШ долларынын курсунун төмөндөөсү уланып жатат. Март айынын ичинде доллар сомго карай 6.7% күчүн жоготту. 2-апрелге карай бир доллардын баасы 69 сом 45 тыйын деп белгиленди. Ал эми акча алмаштыруу жайларында курс андан да төмөн болуп, сатууда 68 сом 80 тыйын, алууда 68 сом 35 тыйын болууда.

Улуттук банк 1-апрель күнү да интервенция жасап, акча базарынан 6 млн. 650 миң доллар сатып алды. Жалпысынан март ичинде Улуттук банк 80 млн. доллардын тегерегинде сатып алганы маалым.

АКШ долларынын курсунун төмөндөөсү Кыргызстандын негизги өнөктөрү Орусия жана Казастанда жүрүп жатат. Орусиянын Борбордук банкы да 2-апрелге карай Орусияда бир доллардын баасын 67 рубль 14 тыйын деп, бир күн мурунга карай 71 тыйынга арзандоо тенденциясын көрөткөн.

Орус рублинин бекемделишин мунайга баанын 40 доллардын тегерегинде кармалуусу, жалпы эле дүйнөлүк валюталарга карай доллардын курсунун төмөндөөсү менен байланыштуу экенин орус эксперттери белгилешүүдө.

Кыргызстандык эксперттер сезондук факторду, Орусиядан эмгек мигранттарынан келген акчанын көбөйүшүн эске алып жатышат. Албетте, калк ичинде долларга карай талап азайып, тескери тенденциянын жүрүп жатышы да өзүнүн негизги ролун ойноп жаткандай.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG