Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Апта: КСДПнын "алтын доору", “Элдик парламенттин” опузасы


Президент Алмазбек Атамбаев менен КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков
Президент Алмазбек Атамбаев менен КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков

Узап бараткан жумада Кыргызстанда бийлик КСДПнын колуна толук топтоло турган болду. “Элдик парламент” Гаага сотуна кайрылабыз деп, “атың чыкпаса жер өрттө” макалын жетекчиликке алдыбы? Дүйнөлүк аренада геосаясий таймаш басаңдабай жатат.

Социал-демократтар партиясы Кыргызстанда бийликти толук колго ала турган болуп калды. Партиянын буга чейинки төрагасы Алмазбек Атамбаев азыр мамлекет башчысы. Ушул партиянын өкүлү Сооронбай Жээнбеков жакында эле аткаруу бийлигинин башына келип, премьер-министр кызматына шайланды. Эми мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчилигине да КСДПнын өкүлү келе турган болууда.

КСДП фракциясы өзүнүн лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин төрагалыгына көрсөттү. Аны “Республика - Ата Журт” жана “Ата Мекен” фракциялары колдоого алды. Ошондуктан Турсунбековдун төрагалыкка шайланары чечилген маселе болуп калды.

КСДП, тагыраак айтканда, анын лидери Алмазбек Атамбаев адегенде төрагалык орунду коалициядагы өнөктөрү “Кыргызстан” же “Өнүгүү” фракцияларынын бирине берүүнү чечкен. Бирок эки фракция лидерлери Канатбек Исаев жана Бакыт Төрөбаевдин ортосундагы “ит жыгылыш” анын ишке ашуусуна мүмкүнчүлүк бербеди. Ал эми эски өнөктөш, коалицияда “төртүнчү дөңгөлөк” болуп турган “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевге төрагалык ыраа көрүлгөн жок.

Бакыт Төрөбаев менен Канатбек Исаев
Бакыт Төрөбаев менен Канатбек Исаев

Төрагалык орунга жетпей калган “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары “ич күптүсүн” жашырбай, төрага атаандаштык негизде шайланышы керек деп чыгышты. Бул алардын өз “саясий шыбагасынан” үмүтү үзүлө электигинен, КСДПга ички таарынычтары бар экенинен кабар берет.

20-апрелде төраганы шайлоо учурунда “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев да, “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да 51 добуштан алып калышын кандайдыр бир “сыйкырдан” же абдан дыкат эсептелген “оюндан” көргөндөр да бар.

Эки талапкер бирдей добуш алгандыктан экөө тең жыдып калышканын депутаттык комиссиянын төрагасы Мирлан Жээнчороев билдирген эле:

- Комиссия төмөнкүдөй чечим кабыл алды: жашыруун добуш берүүдө эки талапкер бирдей добуш алып, Конституция жана мыйзамдарга ылайык төрага болуп шайланыш үчүн жетиштүү добуш топтой албаганга байланыштуу эсептөө комиссиясы жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүүнү сунуштайт. Мындай абалдан чыгуунун жол-жобосу регламент жана мыйзамда так көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Бири-бирине жол бербеген Төрөбаев жана Исаев мына ошентип төрагалык орундан куру калды. Амбициясы толуп-ашып турган бул эки жаш саясатчы төрагалык орунду андан ары өкмөт башчылык, ыңгайы келсе келерки жылкы президенттик шайлоо алдында мыкты мүмкүнчүлүк катары көрүп турушкан.

Кыргызстандагы тажрыйбалуу саясатчылардын бири Феликс Кулов КСДПнын эң жогорку мамлекеттик орундарга өз адамдарын коюп жатышын, партияда кадрлардын өсүп жетилиши менен байланыштырды.

Төрагалык орун үчүн ошондуктан КСДПнын ичинде да атаандаштык байкалды. Фракция мүчөсү Иса Өмүркулов төрагалык амбициясын жашырган жок:

Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

- Чыныбай Акунович "Исаев менен Төрөбаев өз ара чечишкиле, бир талапкер болсун" деп бир нече жолу кайрылган. Эми демократия да, болушкан жок. Экөө тең бирдей добуш алышты. Эми КСДПнын жүзү жарык. Аларга мүмкүнчүлүк бердик. Эми көпчүлүк мени колдосо төрага болууга даярмын. Тажрыйбам жетиштүү. Бийликтин ысыгын да, суугун да көрдүм.

Бирок Өмүркуловго ишеним көрсөтүлгөн жок. Бул президент Атамбаев менен Өмүркуловдун ортосунда ишеним калыбына келбегенин тастыктайт. Өмүркуловду коррупция боюнча айыптоо жана соттоо эски өнөктөрдүн мамилесине доо кетиргени белгилүү.

Мына ушундай айрым ич ара келишпестиктерге карабай КСДП де-факто эле эмес, де-юре да өлкөдө бардык бийлик бутактарын колуна алды. Күч түзүмдөрү президенттин түздөн-түз кол алдында. Өкмөттүн курамы да дээрлик 90% КСДПнын адамдарынан турат. Ошону менен өлкөдөгү бардык жоопкерчилик да КСДПга толук жүктөлдү. Буга чейин КСДП өкмөт башына башка командадан кадр тартып, аткаруу бийлигинин иши үчүн жоопкерчиликтен өзүн оолак кармап келген эле.

КСДПнын "алтын дооруна" кайдан коркунуч келүүдө?

КСДПнын мына ушундай “алтын дооруна” кадимки оппозиция эмес, кайдан-жайдан ылдам түзүлө калган топтор сес көрсөтүп, “кемени чайпалтууга” аракет кылууда. Март айында “Эл үнү” жана Улуттук оппозициялык кыймыл дүрбөлөң салса, эми “Элдик парламентти” түзгөн адамдардын тобу миңдеген адамдар катышкан митинг өткөрүп, бийлик башчыларын Гаага сотуна берерин айтып чыкты.

Бекболот Талгарбеков
Бекболот Талгарбеков

“Элдик парламенттин” курамында Акаевдин мезгилинде жогорку кызматтарда болгон Бекболот Талгарбеков, президенттикке талапкер болгон Төрөбай Колубаев жана башка саясатчылар, мурунку чиновник, сот кызматкерлери бар экени айтылды.

Бекболот Талгарбеков 20-апрелде Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, 28-апрелде 20 миң кишинин катышуусу менен жыйын курарын билдирди. Ал жыйында үч маселе коюлары кабарлады: биринчиси - президент Алмазбек Атамбаевдин отчету жана өз эрки менен кызматтан кетүүсү, экинчиси - президенттин үзөңгүлөштөрү Чыныбай Турсунбеков, Икрам Илмиянов, Тургунбек Кулмурзаев жана Фарид Ниязовдун ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн комиссия түзүү, үчүнчүсү - 2010-жылдагы июнь коогасына жол бергендерди Гаага сотуна берүү.

Мурунку башкы прокурор Аида Салянова менен “Күчтүү Кыргызстан” партиясын түзгөн, азыркы кезде “Элдик парламенттин” мүчөсү болгон Расул Үмбөталиев 28-апрелге белгиленген жыйынга даярдык көрүлүүдө дейт:

- Эми арыз жаздык. Бардык мекемелерге, мэрияга, бийлик органдарына, Жогорку Кеңешке да кат жолдоп, бийликти да тынч жыйынга келсин деп чакырып жатабыз.

Бекболот Талгарбеков жана Төрөбай Колубаев алардын артында мурунку президенттер Акаев жана Бакиев турат дегенди четке кагышты. Бирок коогалуу учурларда ар дайым ысымы чыга калчу, бирок өзү эч көрүнбөгөн "мификалык персонажга" айланган Бахтияр Алиев бар экенин аташты.

Бийлик “Элдик парламенттин” айыптоосуна азырынча жооп бере элек. Болгону өзүнүн кол алдындагы маалымат каражаттары аркылуу Талгарбековду “жерге-сууга” чабууда.

Ысык-Көл облусунун мурунку губернатору Эмилбек Каптагаев “Элдик парламенттин” артында олуттуу каржылык колдоо бар деп эсептеп, алардын максаты тууралуу буларды билдирди:​

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

- Бул куру дымак эмес. Ал атайын уюшулган аракет. Бул аракеттин негизги максаты -Кыргызстанда калыптанып келаткан саясий туруктуулукту бузуу, эмки жылкы президенттик шайлоого жол бербөө. Бул президентти да мөөнөтүнөн мурда кетирип, мурдагыдай президенттердей эле кетти деп, Акаев, Бакиевди актоого саясий жол издөө деп түшүнөм.

Ошол эле учурда “Элдик парламенттин” дарамети канчалык экени алар белгилеген 28-апрелде айкын болорун Каптагаев кошумчалады. “Элдик парламенттин” аракеттерине башка оппозициялык күчтөр аралашкан жок.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Элдик парламенттин” аракетинен эч кандай майнап чыкпайт деп эсептейт.

Батыштан "эскертүүлөр" көбөйдү..

Узап бараткан жумада Батыш менен Кыргызстандын мамилеси начарлоо жолунан жазган жок. АКШнын мамлекеттик департаментинин адам укуктары боюнча өткөн жумада жарыяланган жылдык баяндамасында Кыргызстанга карата бир катар сын айтылган болчу. Тышкы иштер министрлиги ага “өзүңдү билип ал” дегендей кескин жооп бергени маалым.

Бейшемби күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигине кайрылып, Азимжан Аскаровду тезинен бошотууга үндөдү. Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясына катыштыгы бар деп, Кыргызстан соту тарабынан өмүр боюга кесилген. Ага Мамлекеттик департаменттин сыйлыгы өткөн жылы ыйгарылган. Ал кыргыз өкмөтүнүн АКШ менен 1993-жылы кол койгон келишиминен чыгуусуна алып келген.

БУУнун комитетинин чечимин Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму дагы колдоп чыкты. ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун башчысы Майкл Георг Линк БУУнун комитетинин үндөөсүн колдоорун 22-апрелде билдирди. Анын айтымында, “Кыргызстанда азыркы кезде Аскаровдун укуктарын калыбына келтирип, мурда кетирген катачылыктарды оңдоого мүмкүнчүлүк бар”.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимин иликтеп көрөрүн билдирди.

Ал эми жергиликтүү укук коргоочулар Азимжан Аскаровду тезинен бошотууну талап кылып жатышат.

“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын лидери Төлөйкан Исмаилова:

- Биринчи мүнөттөн баштап эле Аскаровдун укуктары бузулган. Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина Кыргызстанда сот реформасы баштала электигин моюнга алды. Кыйноодо калган туткунду тез арада боштондукка чыгарып, анын моралдык жана материалдык кенемтесин толтуруп бериш керек.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдырасулова БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечими абдан олуттуу документ экенин эске салды.

Ошентип Кыргызстан менен Батыштын келишпөөчүлүгү көбүрөөк ачыкка чыгууда. Кыргызстандын стратегиялык өнөгү Орусия да Батыш менен тирешүү багытын жазбай баратат. Москва менен Батыштын геосаясий кызыкчылыктарынын карама-каршылыгы "аскерий булчуңдарды" көрсөтүүгө чейин барууда.

Ири мунай өндүрүүчү өлкө саналган Орусиянын мунай баасын көтөрүү аракети болсо натыйжа берген жок. 17-апрелде Доха шаарына чогулган ОПЕКтин мүчөлөрү жана ОПЕКке кирбеген мунай өндүрүүчү өлкөлөр карамай өндүрүшүн чектөө боюнча келишимге жетише алышкан жок. Маалыматтарга караганда, Сауд Аравиясы мунай өндүрүшүн чектөөгө Иран да кошулуш керек деген талапты койгон. Иран өз кезегинде санкция киргизилгенге чейинки өндүрүш көлөмүнө жетмейин, чектөөгө кошулбасын билдирүүдө. Бирок мына ушундай келишпөөчүлүккө карабай узап бараткан жумада мунайга баа кымбаттоо жолунда болду. Жума күнү бир барелль мунайдын баасы 45 долларга бааланды. Ошого жараша орус рублинин долларга курсу кайра бекемделди. Рублдин курсуна жараша Кыргызстандын улуттук валютасынын курсу да өзгөрүп турары белгилүү. Ошондуктан сомдун долларга карай бекемделүүсү уланып, бир доллардын Улуттук банк жума күнгө койгон баасы 68 сом 43 тыйын болсо, ишембиге карай 23 тыйынга арзан койду.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG