Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Папанын тынчтык чакырыгы


Папа Францисктин элге кайрылуусу. Ватикан, 25-декабрь.
Папа Францисктин элге кайрылуусу. Ватикан, 25-декабрь.

Рим папасы Франциск Рождество майрамына карата кайрылууларында Иерусалим талашы менен качкындар маселесине токтолду. Ал Жакынкы Чыгыштагы араздашкан тараптарды тынчтыкка чакырып, католиктерди миллиондогон качкындарды көз жаздымда калтырбоого үндөдү.

Рим папасы Франциск дүйшөмбүдө Рождество майрамына карата Ватиканда чогулган миңдеген католиктерге кайрылуусунда Жакынкы Чыгышта чыңалуу күчөп жатканына көңүл бурду. Ал Иерусалим талашы боюнча тараптарды тынчтыкка чакырып, Палестина менен Израилдин ортосунда диалог зарыл экенин айтты:

- Тараптардын ортосунда диалог уланат деп үмүт кылалы. Эл аралык коом тааныган чек аралардын алкагында эки өлкөнүн тынч жашашын шарттаган, макулдашылган чечим табылат деп күтөлү, - деди папа Франциск.

Израил үч диндин чордону катары саналган Иерусалимди өзүнүн борбору деп санаса, Палестина бул байыркы шаардын чыгыш тарабын өзүнүн болочок башкалаасы деп эсептейт.

Иерусалим шаары.
Иерусалим шаары.

АКШнын президенти Доналд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору деп таануу жана Тел-Авивдеги америка элчилигин бул шаарга көчүрүү боюнча чечими бир катар мусулман өлкөлөрүндө кескин нааразылыкка туш болгон. Палестин автономиясы АКШ сунуш кылган бир дагы тынчтык долбоорун кабыл албай турганын билдирген.

БУУнун Башкы ассамблеясы басымдуу көпчүлүк добуш менен Кошмо Штаттардын Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимин 21-декабрда четке каккан. Бирок ага каршы чыккан тогуз өлкөнүн бири Гватемала Израилдеги элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрө турганын билдирди.

Качкындар маселеси

Рим папасы Франциск Рождествого караган түнү жасаган кайрылуусунда качкындар маселесине да токтолуп, католиктерди качкындар менен мигранттарды көз жаздымда калтырбоого чакырды.

- Биз азыркы тапта жолго чыгууга мажбур болгон бүтүндөй үй-бүлөлөрдүн агымын көрүп жатабыз. Өз ыктыяры менен жер которбогон, өз жеринен айдалган жана жакын адамдарын калтырып кетүүгө аргасыз болгон миллиондогон адамдарды көрүп турабыз. Ишеним бизден жаңы социалдык ой жүгүртүүгө орун табууну жана мамиленин жаңы түрүнөн коркпоону талап кылат. Мындай мамиледе эч бир адам бул дүйнөдө ага орун жок калгандай сезбеши керек, - деди Рим папасы.

Рим папасынын жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү айткан бул сөздөрүн Ватикандагы сыйынууга келген 10 миңдей адам угуп турду.

Бангладешке качкан рохинжа мусулмандары.
Бангладешке качкан рохинжа мусулмандары.

81-жаштагы папа Франциск - кезинде Италиядан Аргентинага жер которуп келген мигранттардын небереси. Ал дүйнөдөгү 1,2 миллиарддай каталиктердин лидери болгондон бери бир нече жолу мигранттарды коргоп чыккан.

Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, дүйнөдө учурда 22 миллиондой качкын бар. Алардын саны быйыл Мьянмадагы жаңжалдан качкан рохинжа мусулмандарынын эсебинен көбөйдү. Өткөн айда Рим папасы Мьянмага барып, мусулман азчылыктары менен кездешкен болчу.

Папа Франциск соңку кайрылуусунда Мьянмадагы азчылыктардын укугун коргоого да чакырды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG