Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Эл аралык сот Муаммар Каддафини камоого буйрук бериши ыктымал


Сүрөттө: Муаммар Каддафинин Адолф Гитлердин кебетесинде тартылган карикатурасынын жанынан бир көтөрүлүшчү өтүп баратат. Каддафи сол колуна "Менин Жашыл Китебим" деп аталган китепти кармап, оң колу менен нацисттик салам жолдоодо. Бенгази шаары, Ливия. 16.
Сүрөттө: Муаммар Каддафинин Адолф Гитлердин кебетесинде тартылган карикатурасынын жанынан бир көтөрүлүшчү өтүп баратат. Каддафи сол колуна "Менин Жашыл Китебим" деп аталган китепти кармап, оң колу менен нацисттик салам жолдоодо. Бенгази шаары, Ливия. 16.

Дүйшөмбүдө (27-июнда) Гаагадагы эл аралык соттун мүчөлөрү Ливиянын мамлекет башчысы Муаммар Каддафини камакка алуу тууралуу буйрук чыгаруу маселесин карамакчы. Эгерде Эл аралык туруктуу кылмыш соту Каддафини согуш кылмыштары боюнча шектүү деп таап, аны камакка алууга буйрук чыгарчу болсо, анда ал чет өлкөгө чыгаар замат кармалууга тийиш. Каддафи өзү болсо авторитардык бийликти сактап калуу үчүн кашык каны калгыча салгылашаарын айтып келет.


Гаагадагы соттун буйругу

Голландиянын Гаага шаарында жайгашкан Эл аралык кылмыш сотунун өкүлдөрү өткөн бейшембиде (23-июнда) билдиргендей, сот мүчөлөрүнүн тобу 27-июнда Ливиянын мамлекет башчысы Муаммар Каддафини “карапайым атуулдарга каршы ар кыл чабуулдар уюштуруп, алардын канына забын болду” деген доо боюнча шектүү деп таап, аны камакка алуу тууралуу буйрук чыгаруу маселесин талкуулайт.

Эгерде мындай буйрук чыгарылчу болсо, анда Ливия Жамахириясынын лидери өз өлкөсүнөн сыртка чыга албай калышы мүмкүн.

Өз өлкөсүндөгү “жылуу төрдө” капастагыдай камаланып калчулардын арасында Муаммар Каддафинин уулу Сайф ул-Ислам Каддафи жана чалгын кызматынын башчысы Абдулла ас-Сануси да бар экендиги кабарланды.

Каддафиге тагылчу айып

Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Луис Морено-Окампо (Luis Moreno-Ocampo) Ливиянын жолбашчысына тагылчу доонун маңызы тууралуу 16-майда мындай деп айткан:

- Колдогу далил айгинелеп тургандай, Муаммар Каддафи куралсыз карапайым ливиялыктарга каршы чабуул жасоого жеке өзү буйрук берген. Анын коопсуздук күчтөрү карапайым ливиялыктарга алар үйлөрүндө жүргөндө да, коомдук жайларда жүргөндө да чабуул коюп, демонстранттарды согуш аракетинде колдонулчу октор менен аткылап, сөөк койуу жөрөлгөсүнө катышып жаткандарды оор курал менен аттырып, намазын окуган соң мечиттен таркап бараткандарды өлтүртүү үчүн мергендерин жайгаштырган.

Ошентип, Муаммар Каддафиге жана анын коопсуздук күчтөрүнө өлкөдөгү режимди демократиячыл түзүлүшкө алмаштырууну талап кылган карапайым ливиялыктардын үй-жайларын бутага алган, нааразылык жыйындарына жана сөөк койуу жөрөлгөлөрүнө котолоп чогулгандарга айоосуз ок жаадырган, көзгө атар мергендерин тийешелүү бекем жайларга жайгаштырып, мечиттерден же башка жайлардан чыгып келе жаткан кишилерди аттырткан деген сыяктуу айыптар тагылууда.

Эгерде Эл аралык туруктуу сот Каддафини жогоруда аталган кылмыштар боюнча шектүү деп таап, аны камакка алууга буйрук чыгарчу болсо, анда ал чет өлкөгө чыгаар замат кармалууга тийиш.

Каддафи эл аралык коомчулуктун сынына каршы

Муаммар Каддафи өзү болсо Ливия Социалисттик Жамахириясында 40 жылдан ашуун убакыттан бери үстөмдүк кылып келе жаткан авторитардык түзүлүштү сактап калуу үчүн кашык каны калгыча салгылашаарын, атажуртунан эч кайда кетпестигин байма-бай айтып келет.

Өлкө башчысы Муаммар Каддафи (Muammar Qaddafi) НАТОнун абадан соккусун айыптап, өкмөттүк сыналгыдан 22-июнда мындай деп айтты:

- Силер “биз өзүбүздүн мерчемдеген жайыбызды өтө тактык менен соккуга алдык” деп жатасыңар. Силер, киши өлтүргүчтөр, бүт дүйнө жүзүнө өзүңөрдүн бутаңарды өтө тактык менен соккуга алганыңарды айттыңар.

Дүйнөнүн ар кыл мамилеси

Үч айдан ашуун убакыттан бери Каддафинин өкмөттүк күчтөрү НАТОнун аба чабуулдарына каршы туруштук кылып келүүдө.

19-июндагы НАТОнун бомбасынын Триполи шаарынын чет жакасындагы Суук ал-Жума аймагындагы үч кабат үйгө тийиши жана карапайым кишилердин набыт болушу дүйнөдө НАТОнун соккуларын токтотуу чакырыктарын ого бетер жандантты.

Бул окуяга чейин эле, 17-июнда АКШ Сенатынын Эл аралык мамилелер комитетинин мүчөсү, республикачыл Ричард Лугар (Richard Lugar) Вашингтондо “ал-Хурра” сыналгысына курган маегинде Батышты Ливиянын ички иштерине кийлигишип жатат деп сынга алган болчу.

- Ливияда атуулдук согуш орун алып жатканы айдан ачык. АКШ менен НАТОго мүчө шериктер бул согушка андагы тараптардын бирин колдоп, тактап айтканда, полковнитк Каддафиге каршы чыккан козголоңчулардын тарабын тутуп катышып жатат.

Лугар мырза АКШ өкмөтү Ливиядагы согуш аракеттерине катышып жатканы үчүн конституциялык негизи бар экенин азырынча көрсөтө элек деп билдирген.

Батыш лидерлери болсо өз аракеттерин Ливиядагы гуманитардык алааматты токтотууга багытталган туура кадам деп баалап келет.

Улуу Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон (David Cameron) 15-июнда Лондондо мындай деп билдирген:

- Каддафига каршы кысым аскердик, дипломатиялык, саясий жана экономикалык усулдар менен уюштурулууда... Мен мындай кысымды уланта беришибизди каалайт элем. Биз Ливия элине өз болочогун өзү тандап алуусуна мүмкүндүк берүү үчүн көмөк көрсөтө алабыз деп ишенем.

Полициясы жок сот

Айтмакчы, башкеңсеси Гаагада жайгашкан Эл аралык кылмыш сотунун өз алдынча полициячыл күчтөрү жок.

Демек, бул сот Муаммар Каддафини Ливиянын ичкерки аймагында камакка алуу үчүн эч бир полиция кызматкерин жибере албайт.

Ошондой болсо да, бул соттун буйругу Муаммар Каддафини чоң капастын алкагында ары-бери жакка улам мант берген жараланган арстан сыңары өлкөдөгү өзүнө берилген күчтөр көзөмөлдөгөн аймакта гана башпааналап турууга мажбур кылышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG