Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Дүйнөдөгү теле жана гезиттерде түштүк жөнүндө эмне кеп?


Кыргызстандагы окуялар бүгүн да дүйнөдөгү маалымат каражаттарында башкы кабарлардан болду. Орусиядагы “Время новостей” түштүктөгү окуялардын артында “Бакиевдер жалдаган тажик снайперлери турат” десе, “Wall Street Journal” Кыргызстанда абалдын курчушуна АКШны да айыптады.

Дүйнөдөгү маалымат каражаттарында бүгүн Кыргызстан аза күтүп жатканын, түштүктө атышуулар азайганы менен, абал дале оор бойдон калып жатканы айтылууда.

Орусиядагы “Вести РТР” телеканалы кыргыз бийликтерине шилтеме жасап, түштүктө абал нормалдаша баштаганы менен, коркунуч азыр борбор калаа Бишкекте күчөгөнүн айтты.

Ал эми Биринчи канал (ОРТ) бүгүн Орусия Кыргызстанга гумжардам жиберип жатканын кабарлады. “Президент Дмитрий Медведевдин буйругуна ылайык, бүгүн Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанга 130 тонна гуманитардык жардам жиберет. Жылуу төшөк-жууркандар менен азык-түлүк жүктөлгөн 3 учактын экөө Кыргызстанга жөнөп кетти”, - делет кабарда.

Азыр тынчсыздануу билдиргенден пайда жок. Убактылуу өкмөткө жардам керек!
Англис тилдүү Си-Эн-Эн жана Би-Би-Си телеканалдары бүгүн да качкындардын абалына кайрылышты. Би-Би-Си азыр жаатташкан тараптар ортосунда тил табышуу, элдешүү аракеттеринен дурус майнап болбой жатканын айтты.

“Бүгүн ошол элдешүү аракеттеринин бирине биз да чакырылган элек. Биз айрым өзбектер кыргыз улутундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатышканын көрдүк. Азыр түштүктөгү мунай сакталган жайлардын бири өзбектердин колунда. Бийликтер ошол жерге кирүүнү каалап, сүйлөшкөнгө аракет кылып жатышат”, - деп билдирди Би-Би-Си каналы.

Си-Эн-Эн каналы болсо ушул күндөрү түштүктөн кеткенге аракет кылгандардын саны кечкин өскөнүн билдирди.

Чехиялык журналист Ян Петранек жергиликтүү маалымат каражаттары Кыргызстанга өздөрүнүн кабарчыларын жибере электигин билдирди.

“Биз маалыматты Орусиядагы, Азиядагы жана Батыштагы агенттиктерден алып берип жатабыз. Европадагы агенттиктер аябай чабал иштеп жатышат. Анткени Кыргызстан өтө эле алыс жана ар ким эле ал жактагы кырдаалды ийне-жибине чейин биле бербейт”, - деди ал “Азаттыкка”.

Гезиттердеги бүгүнкү макалаларга кайрылсак, Орусиядагы “Коммерсант” гезити “Ошто тополоңдон кийин абал жөнгө салына баштаганын”, “Независимая газета” расмий Бишкек сырттан күчкө дале муктаж болуп жатканын, “Время новостей” түштүктөгү окуялар үчүнчү күчтөр, тагыраак айтканда, жалданган тажик согушкерлери тарабынан аткарылганын жазды.

Макаланын автору Аркадий Дубнов буга чейин тажик снайперлери жөнүндө айтылган кабарды өзү да тастыктаган далил тапканын жазат.

“Москвада жашаган бир тажик бизге бул маалыматты ырастады”, - дейт ал. “Тажик улутундагы ал киши быйыл апрелдин экинчи жарымынан тарта мурдагы президент Курманбек Бакиевдин адамдары аларды көп акчага жалдаганга аракет кылганын билдирген. Болгондо да алар Тажикстандагы 90-жылдардагы граждандык согушта катышкандарды жалдай башташканы” деп айтылды. “Время новостейге” буларды айткан тажик өзү ал сунушка макул болбогонун, жалданган киллерлердин арасында башка улуттун өкүлдөрү да болушу мүмкүн экенин айтыптыр.

Тополоңду жасаганга граждандык согушту баштан кечирген тажик согушкерлерин тартышкан
Англис тилдүү басылмалардын ичинен бүгүн “Wall Street Journal”, “International Herald Tribune”, “Newsweek”, “Guardian” жана ондогон башка гезит-журналдарда түрдүү ойлор айтылды.

“Wall Street Journal”, маселен, Кыргызстанда кырдаалдын курчуп кеткенине эларалык коомчулукту да сындады. “Евробиримдик менен Бириккен улуттар уюму тынчсыздануу менен жасаган билдирүүлөрү мындай учурда пайдасыз” экенин жазып, “андан көрө аскерий техникадан, көздөн жаш чыгарчу газдан жардам кылып, убактылуу өкмөттү колдошкондо дурусураак болмок”, - деп жазды.

Басылма азыркыдай оор шартта АКШнын президенти Барак Обаманын администрациясы Кыргызстанды “Орусиянын таасири астындагы аймак” деп тим болбой, урушту токтотууда активдүү катышышы керек эле” деп билет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG