Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:17

Трамп: "Путин менен жолукпашым мүмкүн"


АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын президенти Владимир Путин жана башка дүйнө лидерлери Парижде Биринчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдык мааракесинде. 11-ноябрь, 2018-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын президенти Владимир Путин жана башка дүйнө лидерлери Парижде Биринчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдык мааракесинде. 11-ноябрь, 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Аргентинада “Чоң жыйырманын” саммитинин алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган жолугушуудан баш тартышы мүмкүн.

Буга Орусиянын Керч кысыгында украин моряктарын жана кемелерин камакка алганы себеп катары каралууда.

Украинанын деңиз аскерлерин тез арада бошотуу жөнүндө Батыш мамлекеттеринин чакырыктарына карабай, Орусиянын Крымдагы соту аларды эки айга камакка алды.

АКШнын президенти Дональд Трамп шаршембиде “The Washington Post” гезитиндеги маегинде айтканына караганда, Буэнос-Айресте “Чоң жыйырманын” саммитинин алкагында өтүшү мерчемделген орус президенти Владимир Путин менен жолугушуу өтпөй калышы мүмкүн.

Ал жолугушуу боюнча Керч кысыгындагы окуя тууралуу маалымат алгандан кийин чечим кабыл аларын айтып: "Мага бул тема тууралуу баяндама жасашат. Ошондон кийин мен бул жолугушууда эмне болорун чечем. Балким такыр эле жолукпашым да мүмкүн. Көрөбүз”, деди. АКШнын президенти: “Мага бул агрессия жакпайт. Такыр эле жакпайт. Бул Европага да жакпашы керек”, деп кошумчалаган.

Дональд Трамп Европа мамлекеттерин, анын ичинде Германияны да “тиешелүү деңгээлде коопсуздукту камсыз кылбай жатат” деп сындады.

Орусия басып алган украин кемелери.
Орусия басып алган украин кемелери.

Буга чейин Дональд Трамп менен Владимир Путин “Чоң жыйырманын” Буэнос-Айресте 30-ноябрдагы жана 1-декабрдагы жыйынынын алкагында саммит өткөрө турганын Ак үйдүн экономикалык кеңешчиси Ларри Кадлоу менен улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон ырастаган.

Керчтеги жаңжалда кармалган Украинанын 24 деңиз аскеринин 12син 27-ноябрда Орусия аннексиялап алган Крым соту эки айга камаган. Жогоруда сөз болуп жаткан жолугушуу болбой калышы мүмкүн экени ошол сот чечими белгилүү болгондон кийинки учурга туш келди.

Орусиянын президенти Владимир Путин болсо, 28-ноябрдагы сөзүндө деңиздеги карама-каршылык үчүн расмий Киевди күнөөлөп, "муну менен украин президенти Петро Порошенко шайлоо алдында беделин чыңдоо максатын көздөдү" деп эсептей тургандыгын билдирди:

Владимир Путин.
Владимир Путин.

- Бул, албетте, чагым. Кызматтагы өкмөт, менимче азыркы президент тарабынан да келерки жылдын мартындагы шайлоонун алдында уюштурулган чагым. Кызматтагы президенттин рейтинги, менимче, бешинчи тепкичте. Ал түгүл экинчи айлампага кирбей калышы мүмкүн. Андыктан бир нерсе кылышы керек, - деди Путин Москвадагы инвестициялык форумда сүйлөгөндө.

Украинада президенттик шайлоо 2019-жылдын 31-мартында өтөрү бүгүн расмий жарыяланды.

Ал арада Украинада шаршемби күнү Украинанын Орусия менен деңизден жана кургактан, ага катар Молдованын Орусия колдогон Приднестровьеге чектеш он аймагында жарыяланган аскердик абал бүгүнтөн баштап расмий күчүнө кирди. Киев аскердик абалды Керч кысыгындагы жаңжалдан кийин жарыялаган.

Европа Биримдигинин лидерлери Орусиянын Азов деңизине өткөн каттамды мыйзамсыз тосуп жатканы үчүн Москвага каршы санкция киргизүүнү караштырып жатканы да белгилүү болду.

Украинанын президенти Петро Порошенко бир күн мурда "Орусия чек арага аскерлерин көбөйтүп жатат, мен кимдир-бирөө муну тамаша же оюн деп ойлошун каалабайм. Украина Орусия менен толук согуштук коркунучта турат" деген.

Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

- Биз орус түрмөлөрүнөн украин деңиз аскерлерин жана жоокерлерин бошотуу боюнча күрөшүбүздү улантабыз. Анткени, мен ишенем – “Украина чек араны бузуп өткөн” деген бул сыяктуу кылмыш иши - спектакль. Себеби бүт дүйнө Крымды Украинанын бөлүгү катары карайт, - деди Порошенко.

Эстониянын президенти Керсти Кальюлайд да Орусиянын аракетин "Европадагы согуш" катары баалап, "бул эч качан адаттагыдай иш катары кабыл алынбашы керек" деди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Хизер Нойерт Европа мамлекеттерин Орусияга катаал чара көрүүгө чакырды:

Хизер Нойерт.
Хизер Нойерт.

- Биз Европалык өнөктөштөрүбүз Украинага жардам берүүдө көбүрөөк иш кылышын каалайт элек. АКШ бул маселеде катуу позицияны карманды. Биз башка мамлекеттер да ушундай кылышын каалайбыз.

Керч кысыгында, Кара жана Азов деңиздери кесилишкен аймакта болгон окуяны расмий Киев “агрессия”, Москва “чагым” деп баалап жатат.

25-ноябрда Украинанын чопкуттуу артиллериялык катерлери Кара деңизден Керч кысыгы аркылуу Азов деңизине өтүп бараткан учурда Орусиянын согуштук кемелери аларга ок аткан. Аталган окуяда жалпысы 24 украин деңиз аскери жана үч кеме-катери кармалган. Орусиянын бийлиги аларды “Орусиянын чек арасына мыйзамсыз кирген жана эскертүүнү уккан эмес” деп айыптаган.

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

- Эгер Украина тарап, дегеле анын Батыштагы өнөктөштөрү бул өңдүү окуялардын мындан ары болбошуна кызыктар болсо, анда Киевге так “белги” бериши керек. Мындай чагымчылдык болбошу үчүн муну биз эмес, украин бийлиги менен тыгыз кызматташкандар жасашы керек, - деди 27-ноябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Трамп менен Путин быйыл 16-июлда Хелсинкиде алгачкы ирет эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн.

Алар 11-ноябрда Парижде Биринчи дүйнөлүк согуш аяктаганынын 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында саммит өткөрөрү айтылып, бирок Франциянын өтүнүчүнөн улам ал болбой калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG