Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Путин Лондондун дооматына үн катты


Путин Владивостоктогу экономикалык форумда, 12-сентябрь 2018-жыл.
Путин Владивостоктогу экономикалык форумда, 12-сентябрь 2018-жыл.

Орус президенти Британия Скрипалдарды ууландырды деп айыптап жаткан эки орус жаранынын тек-жайы аныкталганын билдирди. Бирок Владимир Путин ал шектүүлөр расмий Лондон айткандай Орусиянын Башкы чалгындоо башкармалыгынын өкүлдөрү эмес, катардагы эле жайкын тургундар экенин айтты.

Владимир Путин британ бийлиги Солсбери шаарында мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлияны ууландырды деп айыпталып жаткан орус жарандары боюнча 12-сентябрда Владивостоктогу экономикалык форумда үн катты. Бирок анын айткандары расмий Лондондун жүйөсүнө шайкеш келген жок.

Путиндин айтымында, Британия Орусиянын Башкы чалгындоо башкармалыгынын же ГРУнун офицерлери катары көрсөтүп жаткан Александр Петров жана Руслан Боширов аттуу эки шектүү катардагы эле орус жарандары:

- Албетте, ал адамдар кимдер экенин карап чыктык. Алардын тек-жайы бизге маалым болду. Биз аларды таптык. Мен алар өздөрү деле коомчулук алдына чыгып, баарын айтып беришет деп үмүттөнөм. Бул бардык тарап үчүн эле жакшы болмок. Бул жерде адаттан тыш же кылмыштуу аракет жок. Сиздерди буга ишендирип кетким келет. Кантсе да жакынкы келечекте көрөбүз.

Бирок Путин Орусия Британияга бул адамдарды суракка алууга жардам берилерин же берилбесин так айткан жок.

Орус президентинин мындай билдирүүсүнө британ премьер-министри Тереза Мэйдин басма сөз катчысы жооп кайтарып, Британиянын Скрипалдардын маселеси боюнча Москвадан түшүндүрмө алуу аракетине ар дайым "бүдөмүк жана калптар" менен коштолгон жооп келип жатканын айтты.

Александр Петров жана Руслан Боширов.
Александр Петров жана Руслан Боширов.

Ал эки шектүү адам Орусиянын Башкы чалгындоо башкармалыгынын офицерлери экенин дагы бир жолу кайталап: "Өкмөт ГРУнун ролун, алардын операциялары менен ыкмаларын аныктады, мындай позицияны биздин эл аралык өнөктөштөр да колдойт", - деп кошумчалады.

Өткөн аптада британ бийлиги быйыл март айында Скрипалдардын ууландырылышы боюнча орус жарандары Петров менен Бошировго айып таккан.

Лондондун жүйөсү боюнча, бул адамдар Советтер Союзу учурунда чыгарылган, нерв системасын шал кылуучу "Новичок" химиялык затын Британияга алып киришкен жана атырдын бөтөлкөсүндөгү бул уулуу затты Сергей Скрипалдын Англиянын Солсбери шаарындагы үйүнүн алдына чачып кетишкен.

67 жаштагы Сергей Скрипал менен 34төгү Юлия Скрипал 4-мартта эс-учун жоготкон абалда табылып, алар бир нече жума ооруканада дарыланып чыгышкан. Уулуу зат куюлган атырдын бөтөлкөсүн кийинчерээк эки британ жараны таап алып, алардын бирөө ооруканада каза тапкан.

Британия Скрипалдарга кол салды деп шектелип жаткан Александр Петров жана Руслан Бошировду кармоо боюнча Европа өлкөлөрүнө кайрылуу жолдоду:

- Албетте, Орусия Конституциясы экстрадицияга тыюу салат деген жүйө менен өз жарандарынын чет өлкөдө сот жообуна тартылышына уруксат бербей келет. Бирок бул адамдардын бирөө Орусиядан чыга турган болсо, биз аларды кармоо, экстрадиция кылуу жана Британияда жоопко тартуу үчүн бардык чараларды көрөбүз, - деп билдирген бир жума мурда британ премьер-министри Тереза Мэй.

Британия Скрипалдарга кол салды деп айыптап жаткан эки орус жараны көзөмөл камераларына түшүп калган, Солсбери шаары, 4-март 2018-жыл.
Британия Скрипалдарга кол салды деп айыптап жаткан эки орус жараны көзөмөл камераларына түшүп калган, Солсбери шаары, 4-март 2018-жыл.

12-сентябрда "Россия-24" мамлекеттик телеканалы шектүүлөрдүн бири Петровдун сөзүн жарыялады. Анда ал Томск шаарындагы дары-дармек компаниясында иштей турганын айтып, британ тараптын дооматтары боюнча азырынча комментарий бербей турганын билдирген.

Жекшемби күнү Британиянын ички иштер министри Сажид Жавид Скрипалдарды ууландыруу артында Орусия турганы анык экенин белгилеп, эки орус жараны Британияга бул операцияны ишке ашыруу үчүн атайын жөнөтүлгөнүн айткан. Ал Орусиянын Башкы чалгындоо башкармалыгын (ГРУ) "тартип абдан катуу сакталган уюм" деп мүнөздөп, бул мекеме жогору жактын буйругу менен гана иштей турганын кошумчалаган.

Орусия мындай дооматтарды канчалык четке какпасын, Скрипалдардын ууландырылышы Москва менен Батыштын ортосундагы чыңалууну күчөтүп койду. Маселен бул окуядан кийин бир катар өлкөлөр орус дипломаттарын өз аймагынан чыгарып, АКШ Орусияга жаңы санкцияларды да киргизди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG