Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

"Новичок": Британияда дагы эки адам ууланды


Эймсбери шаарындагы полиция кызматкери. 4-июль, 2018-жыл
Эймсбери шаарындагы полиция кызматкери. 4-июль, 2018-жыл

Полициянын билдиргенине караганда, Англиянын түштүгүндөгү Эймсбери шаарында жашаган эки адам “Новичок” тобуна кирген заттан ууланган. Быйыл мартта Эймсберинин жанындагы Солсбери шаарында да орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипал менен кызы Юлия да “Новичок” тобуна кирген заттан ууланганы кабарланып, Лондон "кол салууну Москвадан көргөн. Орусия муну четке каккан.

45 жаштагы Чарли Роу жана үч баланын энеси, 44 жаштагы Дон Стержесс 30-июнда абалы оорлогондо үйүнөн ооруканага жеткирилген. Биринчи "Тез жардам" кызматы аялды алып кетсе, кийин ушул эле үйдө жашаган Чарли Роулиге да дарыгерлер чакыртылган. Алардын жакын таанышы, 29 жаштагы Сэм Хобсондун айтымында, ал көргөн учурда Роули алдыга-артка чайпалып, талмасы кармаган адамдай болгон:

- Ал тердеп, кызарып чыкты. Аны менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес эле. Кызыктай үн чыгарып, артка-алдыга термелип жатты. Мындай караганда башка дүйнөдө жүргөндөй болду.

Эймсбери шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Эймсбери шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Башында дарыгерлер аял-эркек ашыкча маңзат колдонуп алган болсо керек деп болжошкон. Бирок күбөлөр алар такыр маңзат колдонушпай турганын айтышкан. Полициянын маалыматына караганда, алынган анализдер Чарли Роу менен Дон Стержесс да Скрипалдар ууланган зат менен ууланганын көрсөткөн.

- Эки бейтаптан алынган анализдин үлгүлөрүн көргөндөн кийин бул аял менен эркек нервди шал кылуучу “Новичок” уу затынын таасирине кабылган деген жыйынтыкка келип жатабыз. Бул зат Сергей жана анын кызы Юлия Скрипалга колдонулган, - деди Британ полициясынын терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Нил Басу журналисттерге.

Полиция Роули менен Стержесс атайын жасалган кол салуунун курмандыгы болду деп санашпай турганын, алар кокусунан ууланган болушу мүмкүн экенин айтууда. Коопсуздук кызматтары окуя боюнча тактап, изилдей турган жагдайлар арбын экенин белгилешти.

Эймсберидеги баптист чиркөөсүнүн катчысы Рой Коллинз ууланды деп ооруканага түшкөн аял-эркек 30-июнда жергиликтүү чиркөөдөгү иш-чарага катышканын билдирди. Катчынын Би-би-сиге айтканына караганда, чиркөөгө келгендердин арасынан Роули менен Стержесстен башка жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок.

Баптист чиркөөсүнүн жанында турган полиция кызматкерлери. 4-июль, 2018-жыл
Баптист чиркөөсүнүн жанында турган полиция кызматкерлери. 4-июль, 2018-жыл

Британиянын ички иштер министри Сажид Жавид парламентте өлкөдө дагы эки адамдын химиялык заттан ууланышы боюнча маалымат берди:

- Химиялык куралды кайсыл жерде болбосун колдонуу варварчылык жана адамкерчиликсиздик. "4-мартта Солсбериде болгон окуя үчүн Орусия жоопкер" дегенден башка альтернативалуу түшүндүрмө жок. Биз Орусиянын мамлекеттик медиасынын акыркы окуя боюнча түшүндүрмөлөрүн көрдүк. Солсберидеги кол салуудан кийин күбө болгонубуздай эле биз Кремлдин мындан аркы дезинформациясын да күтсөк болот.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков соңку уулануу фактысына орусия тарап да “камтама” болуп жатканын, ал эми Солсберидеги окуя боюнча Британия Орусияны “курулай” айыптагандан башка “ишенимдүү” далилдерди бере албаганын белгиледи.

Азыр абалы оор экени айтылган Роули менен Стержесс – Британиянын жарандары. Алар жашаган Эймсбери шаары Солсбериден 11 чакырым алыс жайгашкан. Акыркы окуядан кийин полиция эки шаарда тең коопсуздук чараларын күчөттү.

Быйыл мартта Солсбери шаарында Орусиянын Башкы чалгындоо башкармалыгынын (ГРУ) мурдагы полковниги Сергей Скрипал менен анын кызы Юлия да “Новичок” тобуна кирген заттан ууланганы айтылган. Оор абалда табылып, комага түшкөндөр Солсберидеги ооруканада эки-үч ай дарылангандан кийин айыгып чыгышкан.

Юлия Скрипаль жана атасы Сергей Скрипаль.
Юлия Скрипаль жана атасы Сергей Скрипаль.

Скрипалдардын ууланышы Орусия менен Британиянын ортосунда дипломатиялык жаңжалга алып келген. Расмий Лондон алар СССРде жасалган, нервди шал кылуучу "Новичок" деген химиялык зат менен ууландырылганын айтып, "кол салууну Москва уюштурду" деп билдирип келе жатат. Буга жооп чара катары Британия өзү Орусиянын 20га жакын, АКШ 60, калган Батыш өлкөлөрү да бир нече дипломатын чыгарган. Орусия болсо Британиянын дооматтарын четке кагып, ал да Батыш өлкөлөрүнүн дипломаттарынын тобун чыгарып салган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG