Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Путиндин Зеленский аттуу "күйөө баласы"


Коллаж.
Коллаж.

OCCRP орусиялык өнөктөшү IStories жана германиялык Der Spiegel журналы менен Путиндин жакындары тууралуу биргелешкен иликтөөсүн жарыялады. Май айынын башынан бери Европанын бир нече өлкөсүндө, АКШ жана Канадада “маймыл чечеги” (оспа) деп аталган илдет катталууда. Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама.

Путиндин кызы жөнүндө маалымат ачыкка чыкты

OCCRP орусиялык өнөктөшү IStories жана германиялык Der Spiegel журналы менен биргелешип жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгында орус президенти Владимир Путиндин кичүү кызы Катерина Тихонова балет артисти Игорь Зеленский менен көп жылдардан бери мамиледе болуп келатканы, алардын бир кызы бар экени ачыкка чыкканын жазды.

Игорь Зеленский
Игорь Зеленский

Маалыматка караганда, 52 жаштагы Зеленский Мюнхендеги Бавария мамлекеттик балетинин мурдагы жетекчиси болгон. Ага чейин Санкт-Петербургдагы Мариинский театрында, Нью-Йорк шаарынын балет труппасында негизги партияларды аткарып, башка дүйнөлүк сахналарда бийлеп жүргөн.

Путин менен байланышы көңүл чордонуна чыгып, Орусиянын Украинага басып киришин сындабай койгондуктан, артист өткөн айда “үй-бүлөлүк шартка байланыштуу” деген жүйө менен Мюнхен театрынын жетекчилигинен кеткени айтылат. Иликтөөчүлөр фамилиялары уйкаш болгону менен, анын украин президенти Владимир Зеленский менен туугандыгы жок деп белгилешет.

"Бийчинин Путиндин кызы менен байланышы буга чейин купуя сакталып келген. Катерина Тихонова мурда атасынын досунун баласы Кирилл Шамаловго күйөгө чыгып, кийин ажырашкан",- деп улантат OCCRP.

Уюм кабарчылардын колуна тийген документтердин арасында Тихонова менен Зеленскийдин паспортторунун копиялары, 2017-жылы төрөлгөн кыздын паспорту бардыгын, фамилиясына караганда наристе алардын кызы деген тыянакка келишкенин жазат.

Экөөнүн мамилеси тууралуу маалыматтар башка көз карандысыз булактар тарабынан тастыкталганын айткан иликтөөчү-журналисттер 2019-жылы Тихонова жана Зеленский, кызы, фортепиано мугалими, эки бала багуучу менен президенттин коопсуздук кызматында иштеген үч кишинин коштоосунда "Внуково" аэропортуна чартердик рейс менен учуп келишкенин аныкташкан. Андан тышкары Путиндин кызы 2017-2019-жылдары такай Москва менен Мюнхен ортосунда каттап жүргөн.

Макалада айтылгандай, журналисттердин Тихонова же Зеленскийден комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок. Артисттин мурдагы аялы Der Spiegel журналынын кабарчысынын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

OCCRP Путин 20 жылдан бери бийликте турганы менен анын үй-бүлөсү тууралуу маалымат жашыруун сакталып келатканын, чоң кыздары анын фамилиясына катталбаганын белгилейт.

Орус спортчуларына эскертүү

Deutsche welle гезити эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын Украинадагы согушун колдогон спортчулар жазаланарын эскерткенин жазды. Комитеттин төрагасы Томас Бах орус спортчуларынын жана функционерлердин сөздөрүнө жана кыймыл-аракеттерине жакындан байкоо салынып турганын билдирди. Төрага 20-майда Лозаннадагы сессияда Евгений Рылов менен Иван Кулякка санкциялар салынганын, согушту колдогондугу үчүн алар эл аралык мелдештерден четтетилгенин айтты.

Бахтын айтымында, комитет Орусияда урушка каршы чыккандар кылмыш жазасына тартылышы мүмкүн экенинен кабардар, үн катпоо да позиция катары каралышы мүмкүн. Комитет согуш тутанганда орусиялык жана беларус спортчуларын турнирлерден четтетүү туура чечим болгон деп эсептейт.

"Маймыл чечеги" Европага жетти

Маймыл чечегине чалдыккан киши. Архивдик сүрөт.
Маймыл чечегине чалдыккан киши. Архивдик сүрөт.

Май айынын башынан бери Европанын бир нече өлкөсүндө, АКШ жана Канадада “маймыл чечеги” (оспа) деп аталган илдеттин учурлары катталууда.

Франциялык BFMTV каналы мурда инфекция Африкада аныкталганын, башка аймактарда өтө сейрек жолугарын баяндаган. Оору жаныбардан адамга, андан ары адамдан адамга жугат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, белгилери кадимки чечек оорусунукуна окшош. Чечек илдети 1980-жылы дүйнө жүзүндө жок кылынып, эмдөө токтогондон кийин “маймыл чечеги” адамга жугуу жөндөмү жагынан биринчи орунга чыккан.

Биринчи жолу 1970-жылы Конго демократиялык жумуриятта (ал кездеги Заирде) 9 жаштагы баладан табылган. Инфекция адамдан адамга абадан, шилекей, терисиндеги суюктук аркылуу же ооруган киши буюм-тайымдарда калтырган билогиялык суюктуктан жугат. Инкубациялк мөөнөтү негизинен 6-16 күнгө жетет.

Оорунун симптомдорун тизмектеп, сайт бейтаптын дене табы көтөрүлөрүн, башы, булчуңдары ооруганын, бездери чочуп каларын, андан кийин бетинде бүдүр пайда болорун, бара-бара денесинин башка жерлерине жайыларын жазат.

Маалыматка караганда, бул дарттан көз жумгандардын пайыздык көрсөткүчү төмөн. Өзгөчө кичинекей балдарда өтүшүп кетиши ыктымал. Вакцина же дары-дармек азырынча жок. Кадимки чечекке каршы вакцина анын тарап кетишине бөгөт кое алат. Бирок андай препарат оору жоюлгандан бери чыгарылбай калган дейт адистер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG