Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Орусия Донбасста чабуулун күчөттү


Орусиянын "Гвоздика" үлгүсүндөгү гаубицасы Луганск аймагында.
Орусиянын "Гвоздика" үлгүсүндөгү гаубицасы Луганск аймагында.

Соңку бир суткада Украинанын Луганск облусунда орус армиясынын бомбалоосунан кеминде 13 жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Батыштын чалгын кызматтары Москва Мариуполь шаарын колго алгандан кийин аскердик күчтөрүн Донбасстагы урушка салышы мүмкүн деп эскертүүдө.

Түн ичинде аткылоого кабылган кыштак

Украинанын түштүгүндөгү Улуу Костромка кыштагынын тургуну Ирина Марцинюк аба соккуларынан үйү жараксыз болуп калганына кайгырса да, үч баласы менен аман-эсен экенине кубанып отурат. Associated Press агенттиги билдиргендей, бейшембиге оогон түнү согуш тилкесинен анча алыс эмес бул кыштак аткылоого кабылган.

Жарылуудан Иринанын үйүнүн астанасы жана шыбынын бир бөлүгү урап түшкөн. Ал балдары менен беш жолу үйдөн чыгып кетүүгө аракет кылып, чабуул токтобогондуктан беш жолу артка кайткан. Акыры терезеден качып чыгууга үлгүрүшкөн.

"Уктай элек болчумун. Компьютерди карап отургам. Балдар уктап калган. Жарылуунун добушу угула баштады. Кайда болуп жатканын түшүнгөн жокмун. Үйдөгүлөр ыргып турушту. Анан бир заматта айлана-терегек алай-дүлөй түшүп, жап-жарык болуп, түтүн каптап калды. Терезелер талкаланганда үйдүн ичи түтүнгө толду. Аба жетпей калды", - деди Ирина.

Кыштактын расмий жетекчилери соңку аба соккуларынан 20 турак-жайга зыян келип, эки киши жабыркаганын айтышты.

Донбасста күчөгөн чабуулдар

Украинанын Северодонецк шаары.
Украинанын Северодонецк шаары.

20-майда Орусиянын армиясы мындай чабуулдарын Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск аймактарында да күчөттү. Расмий Киев билдиргендей, аймак артиллериялык аткылоого, аба соккуларына жана бомбалоолорго кабылып жатат.

Лугансктын жергиликтүү бийлиги 20-майда ырастагандай, облуста соңку 24 сааттын ичинде орус армиясынын бомбалоосунан кеминде 13 жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Севередонецк шаарындагы аткылоолордон 12 киши каза тапты.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия Донбасс аймагын "толук талкалаганын", орус күчтөрү болушунча көп украин жарандарын өлтүрүүгө аракет кылып жатканын соңку кайрылуусунда айтып, орус армиясынын аракетин дагы бир жолу геноцидге теңеди.

"Украинанын куралдуу күчтөрү Харьков аймагын бошотууда алга жылып жатат. Бирок Донбасста оккупанттар басымды күчөтүүгө аракеттенүүдө. Ал жакта тозок. Бул көбүртүп-жабыртуу эмес. Северодонецктеги ырайымсыз, эч маанисиз бомбалоо. Ал жакта бир күндө 12 киши мерт болуп, ондогон адам жаракат алды", - деди Зеленский.

19-майда Киевдин түндүгүндөгү Чернигов аймагындагы Беларус чек арасынан 70 чакырым гана алыстыктагы Десна кыштагына орус ракеталары түштү. Зеленский бул кыштакта да көп киши набыт болгонун белгиледи. Бирок алардын так санын айткан жок.

Орусия Украинага басып киргенден бери миңдеген жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Улуттар Уюму Украинада 24-февралдан бери 3400дөй жайкын тургун өлтүрүлгөнүн ырастаганы менен согуштун курмандыктарынын саны алда канча көп экенин белгилеп келет. Украин өкмөтү бир эле Мариуполь шаарында миңдеген жайкын тургун орус күчтөрүнүн колунан каза тапканын билдирген.


Украинанын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, Орусия басып киргенден бери өлкөдө 232 бала каза таап, 427 өспүрүм жараат алды.

Орусиянын армиясы жайкын тургундарга ок атканын четке кагып, аба соккулары Украинадагы аскердик инфстраструктураны гана бутага алганын белгилеп жүрөт.

20-майда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус күчтөрү Луганск облусуна көзөмөлүн орнотууга жакын калганын айтты.

"Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн топтору Луганск жана Донецк элдик республикаларынын милициясы менен бирге Донбасстагы аймактарга орнотулган көзөмөлдү кеңейтүүнү улантууда. Луганск элдик республикасын бошотуу жараяны аягына чыгып баратат", - деди Сергей Шойгу.

"Азовсталда" украин аскерлери кала берүүдө

"Азовсталь" заводу.
"Азовсталь" заводу.

Британиянын чалгын кызматы Москва Мариуполь портун өз колуна алган соң ал жактагы орус аскерлерин Донбасска жөнөтөрүн эскертти. Британ тараптын маалыматына ылайык, соңку бир нече күндө шаардагы "Азовсталь" заводунан 1700 украин аскери Орусия колдогон жикчилдер башкарган аймактарга чыгарылды.

Орусиянын коргоо министри Шойгу Мариуполдогу бул заводду коргоп келген баш-аягы 1908 украин аскери "багынып бергенин" айтты. Эл аралык Кызыл Чырым комитети бул украин аскерин согуш туткуну деп тааныган.

Мариуполдогу украин күчтөрүнүн акыркы бастионуна айланган бул өндүрүштүк жайда дагы канча киши калганы белгисиз. 20-майда заводдогу "Азов" полкунун командиринин орун басары Святослав Паламардын видео кайрылуусу интернет булактарына тарады.

"Мен жана бир канча командачылар "Азовсталь" заводунун аймагында калдык. Тиешелүү операция уланууда. Анын деталдарын айта албайм. Бүтүндөй дүйнөгө жана Украинага колдооңуздар үчүн рахмат айтам. Көрүшөбүз!", - деди Паламарь

19-майда АКШ Сенаты Украинага 40 миллиард долларлык аскердик жана экономикалык жардам пакетин көпчүлүк добуш менен колдоп, президент Жо Байденге кол коюуга жөнөттү.

40 миллиарддын 24ү курал-жарак, аскердик жабдык сатып алууга, Украинанын армиясын каржылоого сарпталат. Мындан тышкары украин өкмөтүн экономикалык жактан колдоого, Украинанын айыл чарба товарларынан көз каранды өлкөлөрдө азык-түлүк жардам программаларын ишке ашырууга, качкындарды колдоого жана орус армиясынын Украинадагы аскер кылмыштарын иликтөөнүн чыгымдарын көтөрүүгө жумшалат.

Эми бул документке президент Байден кол койгондон кийин Вашингтондун 24-февралдан бери Украинага көрсөткөн жардамы 50 милиард долларга жетет.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG