Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:45

"Путинге каршы чак түш". Орусияда президенттик шайлоо башталды


15-мартта Орусияда президенттик шайлоо башталды. Бул ирет добуш берүү үч күнгө созулуп, 17-мартта аяктайт. Азыркы мамлекет башчы Владимир Путин мунусунда бешинчи жолу ат салышат.

Андан башка дагы үч талапкер бар. Алардын бири дагы Путиндин саясатын сындабайт. Добушканалар Украинанын Орусия убактылуу басып алган аймактарында дагы ачылды. Киев жана Батыш мамлекеттери Москваны кескин айыптап, бул мыйзамсыз экенин баса белгилешти.

Украина менен чектеш Орусиянын Белгород шаарындагы шайлоо бекетинде ракеталык сокку коркунучунан улам добуш берүүгө келген жарандар жертөлөгө жашырынууга аргасыз болду. Бул тууралуу мамлекеттик "РИА Новости" агенттиги жазды.

15-марттын таңында Украина менен чектеш Белгород шаарынын бийлиги абадан сокку урулушу мүмкүн экенин эскерткен. Телеграм-каналдар көп кабатуу үйгө ракета тийгенин жазышты. Ал эми Белгород облусунун губернатору эки киши жабыркаганын маалымдады.

Украина менен чектеш аймактарда добуш берүү ушундай кырдаалда башталды. Орусия Украинага согуш ачкандан бери өткөрүлүп жаткан алгачкы президенттик шайлоо бул жолу үч күнгө уланат.

Жарандар шайлоо бекеттерине барып же электрондук система аркылуу добуш берсе болот.

Бул жолку шайлоодо аралыктан же электрондук система аркылуу добуш берүү ыкмасы биринчи жолу колдонулуп жатат.

Орусиянын азыркы президенти, мамлекетти дээрлик 25 жылдан бери башкарып келе жаткан Владимир Путин өз бийлигин дагы алты жылга узартары күтүлүүдө. Андан башка талапкерлигин койгон үч талапкер: Либерал-демократтардын лидери Леонид Слуцкий, Мамдуманын вице-спикери Владислав Даванков жана Коммунистик партиядан Николай Харитонов - булардын бири да Путиндин саясатына каршы пикирин билдирген жок.

Шайлоого катышууга мажбурлоо жана кармоолор

Москвадагы шайлоо бекеттеринин биринде добуш берүүчүлөрдүн бири бюллетень салган үкөккө зеленка чачып жиберген. Ал аял кармалып, "башкаларга шайлоо укугун ишке ашырууга тоскоолдук жараткан" деген негизде кылмыш иши козголгонун Тергөө комитети билдирди.

Ушуга окшош окуялар Воронеж облусунда, Ростовдо, Карачай-Черкесия жумуриятында болгону кабарланды. Боршайком үкөктөрдү “кайтарууну күчөтүүгө” чакырды.

Бийлик шайлоого катышкандардын санын көбөйтүү үчүн мамлекеттик мекемелерде иштегендерди добуш берүүгө күчтөп жатканы буга чейин да кабарланган. Бийлик андан башка да ыкмаларды колдонууда. Маселен, добуш бергендерге кандайдыр бир байгелерди убада кылышты. Марий Элде шайлоо бекетинен үй-бүлөсү менен сүрөткө түшкөндөргө белек берип жатышат. Свердлов облусунда добуш бергендердин арасында смартфондор жана машинелер ойнотулууда.

Орусиянын бийлиги расмий билдиргендей, шайлоочулардын саны 112 миңден ашат. Бул көрсөткүчкө 2014-жылы Москва аннексиялап алган Крымдын тургундары да кирет.

Аннексияланган аймактардагы шайлоо

Бул жолку шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү - алгачкы ирет Орусиянын президентин шайлоо Украинанын Москва убактылуу жарым-жартылай басып алган Запорожье, Херсон, Донецк жана Луганск облустарында өтүүдө.

Бул оккуппацияланган аймактарда добуш берүү мөөнөтүнөн мурда башталган. Шайлоо бекеттери ачылганы менен, бийлик жарандарды үйлөрүнөн эле добуш берүүгө чакырды. Мындан улам шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү куралдуу адамдардын коштоосунда жарандардын үйүн кыдырып жүрүшөт. Жарандар кайсы гана документ болбосун, анын ичинен украин паспорту менен да добуш бере алат.

Расмий Киев аталган төрт облуста өткөрүлгөн “шайлоо” деген өнөктүк мыйзамсыз экенин баса белгилеп, бул үчүн Москваны кескин айыптады. Ошондой эле добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салууга келген байкоочуларга кылмыш иши козголорун эскертти.

Украинанын Донецк облусунун Орусия басып алган аймактарында шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү аскерлердин коштоосунда үйлөрдү кыдырып жүрүшөт. 14-март, 2024-жыл.
Украинанын Донецк облусунун Орусия басып алган аймактарында шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү аскерлердин коштоосунда үйлөрдү кыдырып жүрүшөт. 14-март, 2024-жыл.

Эксперттердин эсебинде, Кремль үчүн бул “жаңы кошулган аймактарда” шайлоо өткөрүү саясий жактан алганда өтө маанилүү. Анткен менен добуш берүүнү уюштурууда логистика жана коопсуздук боюнча бир катар көйгөйлөр жаралды. Москванын көзөмөлүндөгү аймактарга аскердик абал режими киргизилди.

Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель X cоциалдык түйүнүнө шайлоо баштала электе эле Путинди жеңиши менен куттуктады.

“Владимир Путинди бүгүн баштала турган шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктайт элем. Эч кандай оппозиция, эч кандай эркиндик, эч кандай тандоо жок”, - деп жазды ал.

Киев жана Батыш мамлекеттери Москваны Украинанын убактылуу басып алган аймактарында добуш берүү өткөрүп жатканын кескин айыптап, бул мыйзамсыз экенин баса белгилешти. Ал жактын тургундары орусиячыл бийлик добуш берүүгө мажбурлап жатканын айтышууда.

"Путинге каршы чак түш"

Ал эми Орусиядагы оппозиция 17-март күнү түшкү 12де Владимир Путиндин бийлигине каршы акция уюштуруп жатат. "Путинге каршы чак түш" деген иш-чара аркылуу оппозиция добуш берүүчүлөрдү шайлоо бекеттерине барууга жана бюлеттендерди тытып, талапкерлердин арасына Навальныйдын атын кошуп жарактан чыгарууга чакырды.

"Добуш берүүнүн такыр мааниси жок десеңиз, анда жөн гана шайлоо жайына келип, бир аз туруп, анан бурулуп кайра артка үйүңүзгө кетсеңиз болот. Ал эми сизди күчтөп мөөнөтүнөн мурда добуш бердирсе дагы 17-мартта, чак түштө шайлоо бекетине барыңыз", - деди Алексей Навальныйдын жесири Юлия.

Мындай акция менен оппозиция шайлоого жана азыркы бийликке каршылар канчалык көп экенин көрсөтүүнү көздөйт. Шайлоонун жыйынтыгы 18-мартта чыгары күтүлүүдө. Орусияда укук коргоочуларга, журналисттерге, активисттерге, бөтөнчө ойлонгон жарандарды аёосуз куугунтуктоолор Украинадагы согушка чейин эле башталган. Бирок андан бери дагы күчөдү. Шайлоого туура бир ай калганда, Путиндин келишкис сынчысы катары белгилүү оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный түрмөдө табышмактуу жагдайда каза тапты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG