Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Рахматулла: Ирандан Бишкекке жөн келген жокмун


Ирандык велосипедчи Рахматулла Азад.
Ирандык велосипедчи Рахматулла Азад.

Кыргызстанга ирандык белгилүү велосипедчи Рахматулла Азад келди.

59 жаштагы Рахматулла отуз жылдан бери велосипед минип алып алтымышка жакын өлкөнү кыдырып, коомчулуктун көңүлүн теңсиздикке, кедей-кембагалдардын жана майыптардын жашоосун жакшыртууга чакырып келет. Ал ар бир барган өлкөсүндө кат түрүндө кайрылуу калтырып, элди сабырдуулукка үндөйт. Ал “Азаттыкка” да ошондой кат тапшырып, өзүнүн вазийпасы тууралуу ой бөлүштү.

"Азаттык: Рахматулла, Кыргызстанга кош келиңиз! Биздин өлкөгө кандай максатта келип калдыңыз?

Рахматулла Азад: Мен отуз жылдан бери дүйнө кезип жүрөм. Жылына бир же эки жолу бир канча өлкөлөргө барам. Ушул аралыкта Батыштын, Африканын бир канча мамлекетинде болгом. Бул жолу Борбор Азия өлкөлөрүнө сапарга чыгып, Кыргызстанга келип калдым. Башкы максатым - дүйнө элин тең укуктуулук идеяларына, кедейлердин жашоосу менен майыптардын укугуна буруу.

Анткени мен өзүм теңсиздикти көрүп чоңойгом. Баарыбыз бир Жер планетасында, бирок ар кандай шартта жашаганыбыз мени кейитет. Мен өзүмдү тынчтыктын элчиси катары көрсөткүм келет. Ар бир барган өлкөмө минтип кайрылуу катын калтырам. Сиздерге да алып келдим, анда:

"Дүйнө жүзү боюнча 500 миллион майып адам жашайт. Миллиондогон эл ачарчылыктан жабыр тартууда. Дагы миллиондогон адам жакырчылыкка белчесинен батып, кат-сабаты жоюлган эмес. Тынч жашаганга бизге эмне жолтоо болууда?" деп айтылат.

Рахматулла Азад Ливияда. 2008-жыл.
Рахматулла Азад Ливияда. 2008-жыл.

"Азаттык: Сиз барган өлкөлөр кайрылууңузду кандай кабыл алышат?

Рахматулла Азад: Алардын мага кылган мамилеси абдан жакшы. Мен социалдык маселелерди дүйнө элдерине жеткирген акыйкаттыктын үнү болгум келет. Дүйнө элдерин бириктирген көпүрө болууну каалайм. Бул мисииямды ар бир барган өлкөмдөгү массалык маалымат каражаттары аркылуу жеткиргенге аракет кылам.

Менимче, дүйнө эли адилеттүүлүккө суусап жаткан убагы. Барган өлкөлөрүмдөн өзүмө фото отчет катары сүрөткө түшө келем. Мисалы, бул сүрөттө Малайзиядагы майып жаш балдар менен кезиккен учурубуз түшүрүлгөн. Ал балдар менин оюмду көңүл буруп угуп, таасирленгенин айтышкан. Мындай жолугушуулар ар бир өлкөдө болот. Бирок анын ар бирин эле сүрөткө тарта бербейсиң. Жакшылык кылганыңды жарыялоо туура эмес.

"Азаттык: Иранда сиз эмне менен алексиз? Мекениңиздеги жашооңуз, үй-бүлөңүз тууралуу айтып бериңизчи?

Ар бир адамдын эл алдында жоопкерчилиги болушу керек. Эгер баарыбыз эле өзүбүздү ойлой берсек, анда өнүгүү болбойт.

Рахматулла Азад: Иранда үй-бүлөм, аялым, төрт балам бар. Көп жылдардан бери айыл чарба тармагында иштеп келем. Ишкерлик баштап, дүкөн ачкам. Мен жолго чыкканда чарбам үй-бүлөмө калат. Айыл чарба тармагы боюнча Австрияда да бир учурда иштегем. Бир жылда бир же эки жолу үй-бүлөлүк милдетимден сырткары минтип дүйнө кезип кетем. Ага бир айдай убакыт кетет.

Менимче, ар бир адамдын эл алдында жоопкерчилиги болушу керек. Эгер баарыбыз эле өзүбүздү ойлой берсек, анда өнүгүү болбойт. Ар бир барган өлкөдө үч-төрт күн болом. Адатта ал убакыт виза даярдоого же документтерди ырастаганга жумшалат. Өзүм өмүр бою эле велосипедчилер федерациясынын мүчөсүмүн. Ошондуктан сапарга велосипед менен чыгам.

Рахматулла Азад Малайзияда майып балдар менен жолугушуу учурунда.
Рахматулла Азад Малайзияда майып балдар менен жолугушуу учурунда.

"Азаттык: Велосипед менен сапарга чыгуу оңой болбосо керек. Өз өмүрүңүзгө кооптонбойсузбу?

Рахматулла Азад: Акыркы айда 2500 чакырым жүрүптүрмүн. Албетте, бул оңой эмес. Бирок чыгым көп кетпейт. Жол чыгымы алда канча арзан. Анын үстүнө мен саякаттап, кызыктуу жерлерди көргөнгө акча же убакыт жумшабайм. Мен үчүн өзүмдүн миссиямды жеткирүү маанилүү. Ушул убакытка чейин коопсуздугумдан корккон учур боло элек. Менимче, адамдын ою адал болсо аны жамандык тоорубайт.

"Азаттык: Кыргызстан сизге жактыбы? Кийинки жолу кайсы өлкөгө аттанасыз?

Рахматулла Азад: Кыргызстан абдан жакты. Өзгөчө элдин саламдашып жатканда колун сунуп, алик алганына ыраазы болдум. Мындан аркы сапарым Казакстан, Азербайжан, Орусия өлкөлөрүндө болот. Андан кийин мекениме кайтам.

"Азаттык: Маегиңизге рахмат! Сапарыңыз байсалдуу болсун!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG