Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Кремл "РИА Новостини" жойду


"РИА Новости" 1941-жылы түптөлгөн.
"РИА Новости" 1941-жылы түптөлгөн.

Дүйшөмбү күнү президент Путин Орусиядагы үч чоң маалымат агенттиктин бири –“РИА Новостини” жоюу жөнүндөгү жарлыкка кол койду.

Президенттин жарлыгына ылайык, “РИА Новости” мамлекеттик “Эл аралык маалымат агенттиги - “Орусия бүгүндүн ” курамына кирет.

Серепчилердин көңүлүн бурган жагдай, тыш өлкөлөргө Орусиянын ийгиликтерин үгүттөөчү жаңы агенттиктин жетекчилигине Путиндин саясатын колдогон тележурналист Дмитрий Киселовдун дайындалганы болду.

“РИА Новости” алдыңкы медиатехнолгияларды жана инфографиканы кеңири пайдалангандыктан, Орусиянын үч чоң маалымат агенттигинин ичинен эң заманбап же либералдуу көрүнчү. ИТАР-ТАСС агенттиги советтик жолойдо “чирип бараткан Батыштын жашоосун” ашкерелеген макалаларды үзбөй берип турса, "Интерфакс" оперативдүү кабарлар менен чектелет.

Президенттик администрациянын жетекчиси Сергей Иванов
Президенттик администрациянын жетекчиси Сергей Иванов
Президенттик администрациянын башчысы Сергей Ивановдун сайтында жарыяланган түшүндүрмөдө жарлык эки маселени чечүүгө: мамлекеттик маалымат булактарына бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды мурдагыдан сарамжалдуу колдонууга жана мамлекеттик масс-медианын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганы көрсөтүлөт.

“РИА Новостинин” курамындагы “Укуктук жана соттук маалымат агенттиги” долбоору эмне болору азырынча беймаалым. Бул агенттик чиркөөдө президент Путиндин саясатына каршы ырдаганы үчүн соттолгон Pussy Riot тобунун жана оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын сотун он-лайн режимде түз көрсөткөн.

“РИА Новости” агенттиги алгач 1941-жылы фашисттик Германия СССРге басып киргенден кийин Советтер Союзунун маалымдоо бюросу болуп түзүлүп, орус жана чет тилдерде маалымат таркатчу.

Москвалык саясий серепчи Владимир Прибыловский “РИА Новости” агенттигин жоюу бир нече максатты көздөгөн болушу керек деп жоромолдойт. "Эң алды, тележурналист Дмитрий Киселовдун Украинадагы соңку окуяларды Кремлдин табитине ылайыктап чагылдырган эмгегин баалоону жана англиялык жазуучу Жорж Оруэлл жазгандай, "мамлекеттик чындык министрлигин” түзүүнү көздөйт", - дейт Прибыоловский:

- Менимче, анын бир максаты – өкмөт ишенген жана Путиндин көз алдында өзгөчөлөнгөн маалымат чиновнигин сыйлап, кызматтан өйдөлөтүү. Муну менен масс-медиада баары Кремл каалагандай болгонуна жетишүү. “РИА Новости” мурда деле “чындык министрлигинин” бир канаты эле. Бирок, объективдүү болгонго умтулчу. Масс-медианы мамлекеттин көзөмөлдөөсү маал-маал кайталанчу көрүнүш. Бирок анын толкуну токтобойт. “РИА Новостини” жоюу ошол логикага ылайык келет.

Дмитрий Киселев
Дмитрий Киселев
Орусиянын мамлекеттик телерадиоберүүсү - ВГТРКнын башкы директорунун орун басары Дмитрий Киселев президент Путиндин саясатын илбериңки колдогон тележурналист. Ал 2010-жылы кумсалардын кан же шаабат (сперма) тапшыруусуна тыюу салууну сунуш кылса, былтыр алардын өз органдарын оорукчан адамдарга тартуу кылганына жол бербеш керек деген.

Владимир Путин былтыр майда үчүнчү мөөнөткө президенттик орунга отургандан тарта орус ортодокс чиркөөсү үгүттөгөн адеп-ахлак баалуулуктарын ачык колдоп жүрөт. Кремл акыркы кезде радиотелеберүүлөрдү көзөмөлдөөнү күчөттү. 26-ноябрда өкмөттүк "Газпром" концерни Владимир Потаниндин “Профмедиа” компаниясын сатып алды.

Азыр Путиндин ишенимдүү адамы Алексей Миллер жетектеген "Газпром" Орусиядагы эң кирешелүү компания. Ага телерадиостанциялар, анын ичинде НТВ телеканалы, кинотеатрлар, киностудиялар жана кинопрокаттык фирмалар карайт.

Буга чейин Кремл англис тилдүү Russia Today телеканалын каржылачу. Russia Today жаңы түзүлчү “Орусия бүгүн” эл аралык маалымат агенттиги менен чогуу иштейби же жокпу азырынча белгисиз. “РИА Новостинин” журналисттеринин келечеги да беймаалым.
XS
SM
MD
LG